Биз социалдык тармакта

Кудайберди Айтбосунов, ырчы: “ӨЗҮМДҮ ЭМИ КИНОДОН СЫНАЙМ”

Ырчы Кудайберди Айтбосунов кино тармагына өтүүдө. “Музыкада айтылбай калган ойлорду, ырга батпай калган сезимдерди эми кадр аркылуу элге жеткирем” дейт. Ырчынын дагы бир талантына баа берчү күн да алыс эмес көрүнөт. 

 

– Кудайберди мырза, ырчылар башка тармакка ырчылыктан тажаганда өтө баштайбы? Эмне себептен тасма талаасына бет алдыңыз?

– “Жигитке 70 өнөр аздык кылат” деген кеп бар эмеспи, себеби ушул эле (күлүп). Башка ырчыларды билбейм, мен спорттон, ырчылыктан, тасма тартуудан, айтор, көп тармактан өзүмдү сынагым келет. Тасма жаатында досторум көп, алардын кеңеши менен учурда “Жолу жок” деген тасманын продюсери катары иш баштадым. Тасма тартылып бүттү, жакында жарык көрөт. Кино көп түйшүк менен жарала турганын жон терим менен сездим. Мага жакты.

– Эмнеге аталышы “Жолу жок”? Өзүңүз жолдуу элесизби?

– Тасма жолу болбогон бала тууралуу... Ал эми мен жолу ачык эле баламын деп ойлойм. Атыма затым жарашып, Кудай мага берип эле келе жатат. Бирок жашоодо жолум болбогон учурлар болгон, далай аракет кылып, эмгектин аркасынан атымды жасадым десем болот. Башында бир эле ырды ырдап, ага клип тартып койсом эле жылдыз болуп кетем деп ойлоптурмун (күлүп). Ошол амбиция менен бир ыр ырдап, бир клип тартсам, анымды эч ким көрбөй койгон. 17 эле көрүү болгон. Бир жолу УТРКга эфирге чакырышты. Ошондо коомдук унаада бара жатып элдин баары мени таанып койчудай болуп бетимди колум менен жаап алып баратам десеңиз (күлүп). Азыр ойлосом, ошондо өзүмдү жылдыз сезип алган экенмин. 

– Амбиция бир топ эле болгон экен...

– Мага башкалар бир ыры менен эле жылдыз болуп кетип жаткандай сезилчү. Көрсө, “бир ырга” чейинки эмгекти билчү эмес экенмин. Бир топ ырым чыкты, бирок мен күткөн атактуулук келбей жатты. Акырындан аракетти улантып, ырларым радиолордо хит боло баштады, бирок адамдар дагы деле мени менен жан талашып сүрөткө түшпөйт десеңиз (күлүп). Кыялым – Мирбек Атабеков, Нурлан Насипти көрсө эл кандай курчап калса, мага да ошентип сүрөткө түшөм деп жабылып калышса деген тилек. “Лейли” деген ырымдан кийин эл бир аз таанып, сүрөткө түшө башташты. Кудай берип коёт экен, азыр шүгүр эле.

– Рэп аткаруучу Улукманапо менен дуэт жаздырыпсыз, силердин жолуңар кантип кесилишип калды?

– 2009-жылдар, мен жаңыдан ырдап чыгып жаткан кез эле. Бир студияда жалаң рэперлер ыр жаздырышчу, мен да ошол жерден жаздырчумун. Улукманапо рэп аткарып жатып кайырмасына жеткенде “обон менен сен ырдап койчу” дечү. Мен ырдап койчу элем. Ошентип дос болуп калганбыз. Кийин анын башына бир кыйынчылыктар түшүп, көп көрүшпөй калган элек. Бир күнү апам курбуларына “шерине берем” деп калды. Бир чайканага кирип барсам эле Улукманапо отурат. Жалаң апалар, анан анын отурганына таң калдым. Көрсө, экөөбүздүн апаларыбыз мурунтан курбулар экен. Өзү Азияны дүңгүрөтсө да чайканада апалар менен отура тургандай жөнөкөй бала. Кийин жеке концертиме арнап чогуу ыр жаздырганбыз.

– Соцтармакта апаңыз менен тарткан тамашаларыңыз популярдуу. Мисалы, анын “честь бергени” ойлонулган сценарийби?

– Апам менден өтүп жылдыз (күлүп). Өзү ачык, жайдары адам. Тааныбаган адамга деле бозо, жармасын көтөрүп чыгып “ичип алчы” дечү айым. Жакшы ырдачу, он жылдан бери намаз окуп, жоолук салынып калды, ырдаганды токтотту. Апама ооруган же кабагын бүркөгөн жарашпайт. Апама “келиңиз, видео тартабыз” дебейм. Бала бакчадан балдарды алып келе жатканда алдыман чыгып калат же кетип баратсам... Келе жатканда эле видео күйгүзөм, ал мага “честь” берет тамашалап. Хейтерлер “апасын честь бергизип” деп жаман көрүп жазышыптыр. Апам тамашалап андай кылганы менен, чынында мен ага өмүр бою “честь” берип өтөм да. Ошондой “как она есть” эле тартылган видеолор. Эч кандай сценарийи жок.

– Чыгармачыл адамдарды көбүнчө эмне басып, кысып турат?

– Менин оюмча, тиричилик басат. Канчалык суурулуп чыгып, жакшы эле эргүү менен алектенейин десең деле болбой, кайра эле кирип кете бересиң. Тиричиликке баш-оту менен кирип кетпеш керек адам. Кечке эле чыгармачылык деп да учуп жүрө берген болбойт. Ушул экөөнү тең салмакта кармаган адам гана ийгиликке эки жактан тең жетишет деп ойлойм. Тиричиликке кирип кеткен учурлар болду менде да, бирок чыгармачылыкты “жүрү, жүрү” деп тарткылап жаттым. Былтыр жеке концерт берем деп максат кылгам, бердим. Ошентип максат коюп аракет кыла бериш керек.

– Ийгиликке жетүүңүздө жубайыңыздын салымы канчалык деп ойлойсуз? 

– Албетте, бакытка эки адам тең аракет кылыш керек. Ийгиликке дагы. Келинчегим  аябай токтоо жана түшүнүктүү адам. “Сени Кудайым мага белек кылып берип койгон” деп өзүнө да айтып калам.

– Канча баланын атасы болуп калдыңыз?

– Үч балам бар: эки уул, бир кыз. Мен кичүү уулумдун төрөлгөнүн эч кимге айта элек болчумун. Инстаграм баракчама деле киргизбедим, сүйүнчү сурайын деп азыр силерге айтып жатам (күлүп). Назар тийбесин деп абайладымбы же чоңоюп баратамбы билбейм, айтор, жарыялаган жокмун. Биринчи балалуу болгондо келинчегимди төрөтканадан көп адам менен барып, оюн-зоок кылып чыгарып кеткем. Экинчисинде он чакты адам менен барып алып кеттим. Үчүнчүсүндө эч кимге айтпай, өзүм эле гүл менен барып чыгарып келдим. Эми төрөп калса, “жаным, такси менен келе берчи” деп коём го деп тамашалап калам (күлүп). Токомбаев менен Туткучевдин урматына экинчи уулумдун атын Аалы койдум. Кыргызымдын кашкалары эмеспи. Ырым кылдым, кыйын жигит болуп өссүн деп...

– Жүрөктү угуп жашайсызбы?

– Кээде укпай калам. Бир билгеним – мен азыр өзүм кыялданган жашоону жашап жатам. Көрсө, мен ата болуудан кайф алат экенмин. Жан талашып балдарымдын тарбиясына, билимине кам көрүп, аракет кылып, анан жыйынтыгын көрүп бактылуу болом, жыргайм. Өз үнүмдү укканда эмне, угуп 25 жашка чейин оюмдагыдай жашадым да. Бирөө үчүн жашаган өмүр баалуу да, татыктуу да болот окшойт.

– Апаңызга же жубайыңызга тарта албай, ортодо чайналган учур болду беле? Болсо абалдан кантип чыккансыз?

– Андай болбойт деп ойлочу элем, бирок жашоодо болот экен. Бизде деле майда-чүйдө окуялар болуп турат. Андай абалда апама барып жылуу сөз айтам, келинчегимди барып алдайм. Бир жакшы жери, экөө тең мага бири-бирин жамандаша элек. Байкап эле калганым болбосо, ортолоруна кирбейм. Кээде экөө кучакташып, өбүшүп, ыйлашып калган болот. Кээде тымпыйып калышат. Анан эмне демек элем (күлүп).

– Бар болуңуз!

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1219, 1-7-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан