Биз социалдык тармакта

БИР БҮРКҮМ. КЫРЧЫНДЫН ЖОЛУ ОҢДОЛОТ...

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чейин Кырчын жайлоосуна барчу жол асфальтталары маалымдалды.

 Чаткалда тоодон таш кулап, оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу каза тапты.

 Көк бөрү федерациясынын башчысы Акылбек Эшимов кызматтан кетти.

 Муфтият: Курман айт 26 же 27-майга туш келиши мүмкүн.

 Ош-Кашкар түз аба каттамы ишке киргизилди.

 Май майрамдарындагы эс алуу күндөрү ооруканалар күчөтүлгөн тартипте иштешери айтылды.

 Илим министрлиги: Өлкөдө учурда 43 миңден ашык чет өлкөлүк студент бар.

 Быйыл жалпы республикалык тестирлөө 17-майдан 23-майга чейин өткөрүлөт.

 28-апрелде нөшөрлүү жамгырдан кийин Гүлчө шаарын сел каптады.

 Бишкек-Нарын-

Торугарт жолу оңдоо иштеринен улам 29-апрелден 5-майга чейин маал-маалы менен жабылат.

 Бишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 5,5 миң абоненттин электр жарыгы өчүрүлөрү эскертилди.

 Бишкек-Ош багыты боюнча авиабилеттин баасы 1-майдан баштап 6000 сомдон ашпай турганы айтылды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1219, 1-7-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан