Биз социалдык тармакта

ТАШИЕВ, ЗУЛУШЕВ, ШАКИЕВ СУРАККА АЛЫНГАНЫ АЙТЫЛДЫ

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев жана парламенттин экс-төрагасы Нурлан Шакиев (Тургунбек уулу) 28-апрелде ИИМде суракка алынганы тууралуу ЖМКларга маалыматтар чыкты. Ички иштер министрлиги бул боюнча маалымат бере элек. Ал эми жактоочу Шердор Абдыкапаров аталган экс-чиновниктерге айыптары угузулганы тууралуу соцтармактагы баракчасынан билдирди. Аларга “Бийликти күч менен басып алуу” беренесинин негизинде айып угузулуп, өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил каты менен бошотулганын билдирет Абдыкапаров. Бирок бул маалымат азырынча тастыктала да, четке кагыла да элек. 

Эске салсак, быйыл 9-февралда мурдагы саясатчылар, экс-депутаттар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, быйыл президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан. Бул окуянын эртеси Камчыбек Ташиев УКМК төрагасы кызматынан бошотулган. Андан кийин Нурлан Тургунбек уулу спикерликтен кетип, көп өтпөй депутаттык мандатын тапшырып берди.

Жакында президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевдин аталган окуяга тиешеси бар же жок экенин сот аныктай турганын, азыркы учурда тергөө жүрүп жатканын билдирди. Чуулгандуу кат боюнча учурда бир нече адам камакта отурат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1219, 1-7-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан