Биз социалдык тармакта

КЫРГЫЗСТАН ЕВРОБИРИМДИКТИН САНКЦИЯЛАРЫ БОЮНЧА БИЛДИРҮҮ ЖАСАДЫ

 Кыргызстан Европа биримдигинин Орусияга каршы санкцияларынын 20-пакетине кыргызстандык компаниялардын киргизилиши тууралуу билдирүүлөрдү өкүнүч менен кабыл алды. Бул тууралуу 28-апрелде Тышкы иштер министрлиги билдирди. 

– Туруктуу сүйлөшүүлөргө, европалык өнөктөштөр менен үзгүлтүксүз сапарлардын алмашуусуна, ошондой эле Европа комиссиясынын талаптарына ылайык суралган бардык документтештирилген маалыматтардын өз убагында берилишине карабастан, анын ичинде Кыргызстандын мамлекеттик органдары тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтар да берилгенине карабай, кыргыз тараптын позициясы мурдагыдай эле эске алынбай, иш жүзүндө көңүл сыртында калып жатканы олуттуу түшүнбөстүктү жаратат,- деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Министрлик мындай бир тараптуу чечимдер эки тараптуу калыптанган ишенимди солгундатып гана тим болбостон, Европа биримдигинин Кыргызстан, жалпы Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуу ниеттерине каршы келерин белгилейт. Кыргызстан ачык-айкын, кесипкөй, саясатташтырылбаган диалогду жактай турганын билдирген ТИМ Европа биримдигин да салмактуу жана чыныгы конструктивдүү мамиле кылууга, эки тараптын ортосундагы макулдашууларды ишке ашырууга чакырат.

Эскерте кетсек, өткөн аптада Евробиримдик кыргызстандык бир катар компанияларга санкция жарыялаганы кабарланган эле. Евробиримдик кыргыз тарапты “Санкцияларды айланып өтүүдө Орусияга жардам берүүдө” деп күнөөлөп келет.

Былтыр президент Садыр Жапаров БУУнун трибунасынан Кыргызстанга киргизген санкциялары үчүн Евробиримдикти сынга алган. “Силер бизге Орусия менен кызматташпагыла” деп коюп, бирок өзүңөр активдүү кызматташып жатасыңар” деген президент Евробиримдик менен Орусиянын 2024-жылкы соода-экономикалык алакасындагы миллиарддаган суммаларды мисал келтирген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1219, 1-7-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан