Бишкекте көп аялдуулукка жазаны жеңилдетүү боюнча демилге көтөргөндөр суракка чакыртылды. Бул тууралуу 28-апрелде Бишкек ШИИББинен билдиришти. Буга чейин интернет желесине көп аялдуулукту кылмыш жоопкерчилигинен чыгаруу боюнча Бишкекте кол топтолуп жатканы тууралуу видеолор тараган эле. Анда демилгечилер “азыр мусулмандардын көйгөйүн чечкенге мүмкүнчүлүк жаралып жатат. Көп аялдуулук боюнча Кылмыш кодекси бар, ошону Жарандык кодекске которуу, жеңилдетүү үчүн кол топтолууда” дешкен. Бул факт милицияга катталып, текшерүү иштери башталды. Кол топтоого катышкан жарандар, анын ичинде белгилүү диний ишмер Өзүбек Чотонов тергөөгө түшүндүрмө берүүгө чакыртылды. Милиция көп аялдуулук мыйзам боюнча кылмыш экенин эскертип, жарандарды мыйзамдарды сактоого чакырды. Азыркы тапта тергөө иштери улантылууда.