Тийиштүү коэффициенттер теңдештирилип, мугалимдердин айлыгын эсептөөдөгү айырмачылык жоюлду. Мындай маалыматты агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева 27-апрелде “Биринчи радиого” берген маегинде айтты. Буга чейин маяналарды эсептөөдө предметтерге жараша айырмачылыктар болгонун моюнга алды министр.
Айта кетсек, өлкөдө мугалимдердин айлык акысы 1-апрелден тарта 100 пайызга жогорулатылды. Бирок мугалимдердин айлыгы тегиз көтөрүлбөй, айрым предметтердин окутуучуларынын айлыктары аз бойдон калганы жатканын эксперттер, парламент депутаттары да айтып чыгышкан. Мисалы, депутат Рустамбек Советбек уулу тарых мугалимдеринин айлыгы көтөрүлбөй калганы жатат деп коңгуроо кагып чыккан. Депутат Элвира Сурабалдиева гуманитардык предметтердин мугалимдеринин айлыгы аз болуп каларын маалымдаган эле.
Мындан тышкары Кендирбаева келерки окуу жылы 15-сентябрда башталарын айтты. Бул күзүндө өтүүчү ШКУ саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу.