Кыргызстанда алимент төлөөдөн качып жүргөн 1205 жаранга издөө жарыяланганын 28-апрелде Акыйкатчы институту кабарлады.
Расмий маалыматка таянсак, өткөн жылы алимент өндүрүү боюнча юридикалык жардамга 823 адам кайрылган, алардын ичинен 49у эркек, 774ү аялдар болгон. Сот аткаруучулар кызматынын статистикасы боюнча, 2024-жылы 36 миң 613 адамга алимент төлөө чечими чыгып, алардын 4152си гана алимент төлөгөн. Ал эми өткөн жылы баласына акча бөлдүрүү боюнча катталган иштердин саны 60 миң 720га жеткен.
– Адвокаттардын айтымында, алимент төлөөдөн качандар өзүн жумушсуз кылып көрсөтүп, кирешесин жашыруу менен мүлкүн жакындарына каттатышат. Мындан тышкары алардын көпчүлүгү чет өлкөгө чыгып кеткендиктен, акча өндүрүүдө кыйынчылык жаралат,- деп билдирди Акыйкатчы институту.
Кыргызстанда алимент өндүрүү маселеси курч көйгөйлөрдүн катарында калууда. Алимент төлөөдөн качкандарга жазаны катаалдатуу боюнча сунуштар байма-бай айтылып келет. Бул жаатта атайын мыйзамдарга өзгөртүүлөр да киргизилген.