Биз социалдык тармакта

Сынык канат (ташталган баланын тагдыры тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда)

Казат ушундай катуу адам эле. Анын себеби өз күйүтү беле же акылга гана таянган жашоо образы үчүн беле, белгисиз. Ошондуктанбы, чындыкты Илимге кичинесинде эле айтууну туура көрдү. Аялы Гүлай канчалык суранса да болгон жок. Казат ата катары Илимди жакшы көрчү беле? Белгисиз, бирок төрөлбөй калган балдарын кандай болот деп элестетсе, Илимди так ошол калыпка куйгусу келди. Баладагы тубаса акылды да билди, бирок жүрөгүнүн сезимтал жана жаралуу экенин сезүүгө көкүрөк көзү жеткен жок. Ал кезде Илим 5 гана жашта болчу. Бул чындыкты ал көтөрө алабы деп ойлонгон жок. Ошол күн Илимдин эсинде бекем сакталып калды. Алтургай апасынын жүзү, атасынын үнү, ошол күнкү күндүн кандай батып баратканы, оюнчуктарынын түсүнөн бери эсинде. Башка көп нерсени эстей албайт, бирок ошол чындыкты билген күндү майда-баратына чейин эстеп калган.

Күн батып бара жаткан маал эле. Терезеден акыркы шоолалары түшүп турган. Илим өз бөлмөсүндө оюнчуктары менен ойноп, керексиздерин жыйнап жаткан. Үйдө адаттан тыш тынчтык өкүм сүрүп турган эле. Казат кирип келди да, дивандын четинде отуруп, бир саамга аны тиктеп калды. Сөз баштоо оор болдубу же оюн жыйынтыктай албай жаттыбы, белгисиз. Жанына апасы келип отурду, экөө тең баланы карап калышты. Ушундан улам эле бир олуттуу сөз болорун сездиби, бала коркуп кетти.

– Илим...- деди апасы акырын. – Биз сага бир нерсе айтышыбыз керек. Эң биринчи айта турганым, биз сени аябай жакшы көрөбүз.

Бала анын тонунан дароо бир нерсе айта турганын сезип койду.

– Жаман нерсе айтасыңарбы?- деди ал.

Казат башын чайкады.

– Жаман эмес. Бирок маанилүү.

Илим апасына жакындап келди да, анын колун жаагына коё тиктеп калды. Дайым ушинтип эркелечү. Гүлай үнсүз көз жашын төгүп жатты. Быйтыйган колдор анын көз жашын сүртүүгө шашылды.

– Ыйлаба, апа, мен чоңойгондо сени такыр ыйлатпайм.

Апасы көз жашын токтотуп, терең дем алды. Казат тамагын кыра жөтөлүп алды.

– Илим, сен биздин үй-бүлөгө кийин келгенсиң, балам. Биз сени таап алганбыз.

– Кийин? Ал качан?

Илим башын кыйшайтып карап калды. Күнөөсүз бул каректердин суроосуна кимдин болсо да жүрөгү эзилип кетмек, бирок Казат катуулук кылды. Үнүн жай, бирок так кылып баштады.

– Сен кичинекей кезде, сенин жаныңда чоң адамдар болгон эмес. Сен жалгыз  калгансың, а биз сени таап алдык.

Илим унчукпай калды. Бул сөздү толук түшүнбөгөнү көрүнүп турат. Кантип? Баланы атасы, апасы чоңойтот эмеспи? Булар кантип таап алды? Эмне деп жатышыт?

– Жалгызбы?..- деди ал таң кала. – Мен силерден адашып кеттим беле?

Апасы башын чайкады.

– Жок, жок. Сен адашкан эмессиң. Бул сенин күнөөң эмес. Сен бул окуяда эң күнөөсүз балапансың, балам.

Илимдин көзү чоңоюп кетти.

– Анда ким күнөөлүү?

– Чоңдордун күнөөсү. Сени төрөгөн өз апаң менен атаң көл жээгине сени унутуп коюшуптур. Сен жалгыз калып ыйлап жатыпсың. Анан биз сени таап алдык, үйгө алып келдик. Анткени биздин балдарыбыз жок болчу...

– Силер менин ата-энем эмессиңерби?

– Жок!- деди Казат кесе сүйлөп. – Сен биздин балабыз эмессиң, сени биз таап алып багып-чоңойттук.

– Казат?! 

Сөздүн оордугу кимди болсо да жыгылта тургандай эле. Апасы атасын жаман көзү менен карады. Илимдин жүрөгү белгисиз коркунучка толуп чыкты. Кантип булар өз ата-энеси эмес, анда өзүнүн ата-апасы ким? Казат андан ары да сөзүн улады.

– Балким, сени унутуп коюшкан же атайылап таштап кетишкен. Кыскасы, алар сени сактап кала албай калган учур болгон.

Илим апасына жабыша берди. Куду ошол көл жээгиндеги эки жаштагы баланын коркунучун азыр сезгендей жабышты. Апасынын мээримдүү колдорунан колдоо издегендей болду. Акылында бул нерсени түшүнүүгө аракет кылып жатты.

– Бакчада эжей "жаман, тентек бала болсоңор ата-апаңар келбей коёт" деп коркутат. Мен жаман бала болчумунбу? Ошол үчүн алар мени унутуп кетип калыштыбы?

– Жок, Илим, сен чоң жигитсиң. Акылдуу да баласың. Сен түшүнүүгө тийишсиң. Сенин бул жерде эч күнөөң жок,- деди апасы бооруна кыса.

Ал бир аз токтоп, сөзүн улады: – Сен эч качан жаман болгон эмессиң. Сен кичинекей, корголуш керек болгон бала болгонсуң.

Илим шылкыйды.

– Анан... Мени силер таап алдыңарбы?

– Биз.

– Эмнеге?..

Казат сөздү тандап сүйлөдү. – Анткени бизде бала жок болчу. Анан биз сени көрдүк, үйгө алып кеттик.

Апасы кошумчалады.

– Сени көрүп дароо жакшы көрүп калдык. Анткени сен акылдуу жана сонун бала болдуң.

Илим ыйлап жиберди. Түшүнгүсү келбей жатты, акылына сезимдери каршы чыгып жатты. Жан дүйнөсүн коркуу аралады.

– Апа, мен коркуп жатам,- деди ал.

Апасы аны бекем кучактады, коркуу азая түштү.

– Кандай болсо да мен сени мененмин, балам. Сенин апаң менмин, баккан болсом да жалгыз уулум сенсиң. Кымбатым сенсиң!

Казат бир аз ийилип, балага жакындады:

– Ук, Илим. Мен сени тапкан күндөн бери бир нерсени түшүндүм. Сен бизге жөн жерден жолуккан жоксуң. Сен гений болосуң, сени элге кызмат кыла турган акылдуу бала кылып чоңойтобуз. Сен мен жетпей калган нерселерди багындырасың!

Апасы уулун желкесинен өөп, кошумчалады:

– Биз сенин үй-бүлөңбүз. Эч качан сени таштабайбыз.

Казат ордунан туруп кетип жатып кошумчалады:

– Эсиңде болсун, Илим. Сен табылган баласың. Бирок жоголбой турган генийсиң.

Илим атасынын айтканын угуп жатты, бирок түшүнгөн жок. Гений деген ким? Ага эмне кереги бар? Бир аздан кийин апасынын да кучактаган колдору бошоду, уктап калды деп ойлоп чыгып кетти. Илим бөлмөсүндө жалгыз калды. “Сени таштап кетишкен...” деген сөз али да абага илинип тургандай. Ал толук түшүнбөй жатты, бирок жүрөгү дароо бир нерсе туура эмес экенин сезди. А балким, мурун эле сезип жүргөндүр...

Ал текчеде турган апасы менен атасынын ортосунда түшкөн өзүнүн сүрөтүн колуна алды. Көздөрү чоңоюп, тамагына бир нерсе тыгылып калгандай карап турду.

“Эмнеге?” деген суроо ичинен кайнап жатты. Колундагы рамкадагы сүрөттү акырын кысты. Колдору титиреп жатты. Ал бул сүрөттү мурда жакшы көрчү. Азыр болсо жөн гана кармап турат. Эч нерсе сезилбей, жакшы-жаман сезимдин баары өчүп бара жаткандай болду. “Демек, мен керек эмесминби? Мени эми деле таштап кетишеби?”

Бул ой анын ичинде ошол беш жашынан бери жашап келди. Ошол окуядан кийин көп сүйлөбөй калды, эмнегедир чоңоюп кеткендей болду. Мурункудай чуркап же  тентектик да кыла албай калды. Болгону атасы менен апасынын айтканын так аткарганга тырышты. Эгерде так аткарбаса, алар да аны таштап кете тургандай коркунуч бар эле. Бөлмөсүндө дайыма бир нерсе менен алек болуп жатканын көрүшчү ата-энеси. Макет жасап, китеп окуп, сүрөт тартып жатканын байкашчу. Бирок ичинде кайнап жаткан ойлорун окуй алышкан жок.

Илим акылдуу, бирок басмырт бала болуп бара жатты. Көздөрү дайым жерди карачу эле. Ал эч кимге карагысы келчү эмес. Антсе баары анын ташталган бала экенин билип алчудай сезилчү.

"Мен жаман болчумунбу?.. Ошон үчүн таштап кетиштиби?"

Бул суроолор анын ар дайымкы суроосу эле. Ал кээде түн ичинде ойгонуп кетчү. Караңгы бөлмөдө көзүн ачып көпкө жатчу. Өзүнүн дем алганын укчу. Жанында эч ким жоктой сезилер эле. Анан ал акырын шыбырачу.

– Апа...

Бирок жооп жок. Ошондо ал жуурканды катуу кучактап жатар эле. Кичинекей колдору менен боштукту кармагандай болчу. Жылуулук издечү. Коопсуздук издечү.

Илим апасынын келбесине көзү жеткенде ыйлачу. Куду чоң адамдай... Үнсүз. Анткени ал апасын катуу үн менен чакырганга акысы жоктой сезчү. Анткени ал ташталган бала эле. Бул сөз анын балалык аруу дүйнөсүн акырын талкалап жаткан.

 

(Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1219, 1-7-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан