Биз социалдык тармакта

АМЕРИКАДАГЫ ШТАТТАРДЫН АТАЛЫШЫ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ? 

Америка кошмо штаттары 50 штаттан турат. Калкынын саны 2020-жылкы маалымат боюнча, 331 миллион адам. Калкынын көптүгү боюнча дүйнөдө 3-орунда турат. 25 штаты түндүк америкалык индейлердин тилинде аталат. 11 штат тарыхый инсандардын аты-жөнүн алып жүрөт. 11инин жетөөсү падыша жана ханышалардын атынан аталган. Алар: Түндүк жана Түштүк Каролина, Виргиния, Батыш Виргиния, Мэриленд, Луизиана, Жоржия. 1 штат АКШнын президентинин атын алып жүрөт, ал – Вашингтон. 

Калгандары Европа элдеринин, мисалы, латын, англис, француз жана башка тилдеги аталыштар. Алдыда индейлердин сөзүнөн аталган штаттардын маанилерин чечмелейли.

Алабама “өсүмдүк чогултуучулар” деп которулат

Айдахо – бул штаттын аталышы боюнча 2 божомол бар. Туурасы – кайова-апачи индейлеринин “душман” деген сөзүнөн алынганы деп айтылат.

 “Алабама” – илгери АКШнын түштүк-чыгышында жашаган чокто индейлер уруусунун сөзү, кыргызча “бадал, камыштарды тазалагандар” же “өсүмдүк чогултуучулар” дегенди түшүндүрөт. 

Оклахома – бул да чоктолордун сөзү, бизче “адамдар”, “эл” “кызыл” деген маанини берүүчү сөз. Башкача айтканда,  “индейлердин аймагы” деген түшүнүктү алып жүрөт.

Аризона – Америка жана Мексикада жашаган тохоно-оодам индей уруусунун “кичине өзөнү бар жер” деген сөзүнөн алынган.

Вайоминг – делавар индейлеринин “чоң дарыянын төмөн жагы” деген сөзү.

Канзас – Канзас дарыясынын атын алып жүрөт. Канза – дарыянын боюнда жашаган индейлер уруусунун аты.

Кентукки – ушул аталыштагы дарыянын атынан коюлган. Дарыянын аталышы ирокез индейлеринин “талаада”, “шалбаада” деген маанидеги сөзү.  

Миннесота – дакота индейлеринин “киргил суу” деп аталган дарыянын аталышын алып жүрөт.

Миссури – уруу аталышы. Миссури дарыясынын боюнда жашаган иллинойс индейлери убагында каноэ жасап колдонуу жагынан атактуу болушкан. Аларды башка индейлер “каноэси барлар” деп аташкан. Миссури сөзү “чабылган каноэ” деген маанини берет.

Мичиган – оджибве индейлеринин “чоң суу” же “чоң көл” деген сөзүнүн маанисин алып жүрөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1219, 1-7-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан