Биз социалдык тармакта

Элмира Тагаева, актриса: “МЕНИН ДАРАМЕТИМДИ АЧЫП БЕРЕ АЛЧУ РЕЖИССЁР ЖОК БОЛУУДА”

Театрдагы жана кинодогу ролдору менен элге белгилүү актриса Элмира Тагаева менен баарлаштык. Маекте чыгармачылыкты, жеке жашоону, сезимдерди, сыноолорду талкууладык. Кызыктуу маекке назар салыңыз.  

 

– Элмира айым, сиздин театрга сүйүүңүз качан жана кантип ойгонгон? 

– Менде Кудайдан берилген жана атамдан өткөн талант бар. Кичинемден ыр-бийге жакын өстүм. Мектепте театралдык, музыкалык ийримдерге барчумун. Атам театрга жакын киши эле, жакшы ырдачу. Анын “Кызыл өрүктү” ырдап жаткан учурлары азыркыга чейин эсимде. Биздин Жумгалдын Кызарт айылына Нарын театры концерт коюп барса, атам мени ээрчитип алар эле. Андагы актриса, ырчылардын баары мага сулуу көрүнчү.

– Чоң сахнадагы алгачкы ролуңуз, сыймыктануулар, толкундоолор эсиңиздеби?

– Практикант катары Нарын музыкалык драма театрына барып, андагы дөө-шаалар менен бирге “Курманжан датка” спектаклинде Курманжандын жаш кезин ойногом. Анын улуу кезин Кыргыз Эл артисти Тамара Жумакаева аткарган. Сахнага чыгарда Тамара эже "быссымылда" деп сахнага оң бутуң менен чык. Курманжан датка узун бойлуу аял болгон, сенин боюң 1 метр 70 сантиметр болуп төп келип турасың" деп батасын берген. Ошондо буттарым титиреп, оозум кургап чыкканы эсимде. Кийин мындай толкундануу болбой калса керек деп ойлогом. Бирок антип толкундануу сахнада 26 жылдан бери жүрсөм да калган жок. Сахнага чыгарда эле буттарым титиреп, оозум кургап чыгат.

– Андан ары чыгармачылык кандай уланды? Сахнада, көшөгө артында сизди эмнелер күтүп туруптур?

– Көп нерсе күтүп туруптур. Жогоруда кичинемде атамды ээрчип спектаклдерге барчумун дебедимби. Ошондо атамдан “концерт бүткөндөн кийин артисттер кайда кетишет? Кайда жатышат?” деп кызыгып сурачумун. Кийин театрда иштеп, гастролдорго чыгып калганда өзүм “Кайда барабыз? Кайда жатабыз?” деп жетекчиликтен сурап калдым. Көшөгө артында артисттин түйшүгү абдан көп. Жолдошум Чыңгыз Мамаев экөөбүз “чыдай албай театрдан кетип калышыптыр” дешпесин деп аз айлыкка, балдарыбызды көтөрүп жүрүп иштедик. Батирден батирге көчүп кыйналдык. Бирок шүгүр, эмгегибиздин артынан элге аздыр-көптүр таанылдык. Нарын театрындагы улуу актрисалар “сахна, карьера деп жүрө бербей үй-бүлө күткүлө. Үй-бүлө биринчи орунда турушу керек. Кандай болсо да аны сактап калууга тырышкыла. Иштеп да, бала төрөп да жетишкиле” дешчү. Ошолордун акыл-насаатын угуп, баарына жетиштим деп ойлойм.

– Жалпы канча тасмага тартылдыңыз? Ким популярдуу деп ойлойсуз, жолдошуңузбу же сизби?  

– Театрда мүнөзүмө төп келген оң каармандардын ролун ойноп келдим. Жалпы 20дай фильмге тартылдым, бирок элге терс каармандын образдары менен таанылып калдым. Экинчи кесибим режиссёрлук эмеспи. Андыктан билем, режиссёрлор менин мүнөзүмө төп келбеген ролдорду бере беришип, катачылык кетиришти. Мен терс каармандын ролун деле ачып берем. Мисалы, катаал, ажаан аялдын образын. Бирок менин кебетем, сырткы көрүнүшүм терс каарманга туура келбей жатпайбы.

Жашоодо мээримдүү, кең пейил аялмын. Мага лирикалык каармандын, оң образдагы аялдын ролун беришсе, режиссёрлор күткөндөн да укмуштуудай сонун ачып бермекмин. “Эмнеге терс каармандын ролун сунуштай бересиңер?” десем, “сиз ошондой образ менен таанылып калбадыңызбы” дешет. Таанылса эле ошондой образга өмүр бою байланып калыш керекпи? Кыскасы, азыркы режиссёрлор ролду актрисалардын мүнөзүнө карап бөлгөндү билишпейт. Кыргызстанда менин дараметимди ачып бере турган кинорежиссёр жок. Мүмкүн, эми чыгып калаттыр. Актёрлук кесипте Чыңгызды мага караганда популярдуу дешсе, анда сүйүнөм. Ар бир актёрдун өзүнө төп келген, багын ачкан ролу болот. Чыңгызга Алыкулдун образы төп келип калды. Ошол роль атак алып келди. Мага төп келген роль жок болуп жатат. Образым көп, бирок ичинде “дүң” деп чыкканы жок. Ролдор жакпаса деле акча үчүн коммерциялык тасмаларга тартылдым.  

– Учурда эмне үчүн классикага айланчу тасмалар тартылбай жатат деп ойлойсуз?

– Чынында, киного деп акча бөлүнүп эле жатат, бирок классикага айланчу андай кино тартуучу кинорежиссёр, жакшы сценарист, сценарий жок. Мага актриса катары “Чоочун кишинин” 3-сезону гана жакты. Илгеркидей кыргыз кереметин жаратышса болот эле.

– Башка бирөөнүн образын жаратуу энергияны соруп, чарчатат болуш керек. Ооруп калган учурлар болгон жокпу?

– Ошондой бир учур болду. Бир кинодо оорукчан аялдын ролун аткардым. Ошондо улуу актрисалар “аткарганыңды көрүп алып ыйладык. Андай оору менен ооруп көрбөсөң да, куду ооругандай сай-сөөгүң сыздап аткарыпсың. Өзүңдү аябайсыңбы?” дешти. Чыңгыз ал кинонун аягына чейин чыдап көрө албай коюптур. “Экинчи андай ролдорду албачы!” деди. Чынында оор ролду аткарыш кыйын, энергия, нерв кетет. Бир күнү ошол киного тартылып, кайтканда таксиде үйгө чейин кусуп келдим. Үйгө келгенде башым ооруп, дагы кустум. Эртең менен турсам бүткөн боюм ооруп калыптыр. Ошого карабай режиссёрлордун суранычы менен дагы барып тартылып келдим.

– Эске тутуу жөндөмүңүз кандай? Сценарийдин текстин бир жолу окуп эле жаттап алчулардын катарына киресизби?

– Ооба, ошолордун катарына кирем. Эс-тутумум абдан жакшы. Ошого мектепте да жакшы окугам.

– Таарынчаак эмессизби?

– Жолдошум экөөбүздүн артыбыздан жаман сүйлөгөндөрдүн баарына туруштук бердим. Аларды каргап-шилеген жокмун. Менин мүнөзүм ушундай, бирөөгө кек сактай албайм, таарына да албайм. 45 жыл бирөөгө таарынып, аны менен сүйлөшпөй жүргөн адамды көрүп аябай таң калгам. Таарыныч, кек сактоо адамга оору алып келет. Бирөө менен урушуп калсам, күнөө менден кетпесе деле түптүз барып “кечирип коюңуз, эгер менден кетип калса. Мен сизди кечирдим, сиз да мени кечирип коюңуз. Буга чейин кандай жүрсөк, эми деле ошондой жүрөлү” деп колунан кармап, бетинен өөп коём. Буга кудуретим жетет.

Акыркы күндөрү ооруп жүрөм. Муну жакындарым, тааныштарым билишет. Адам өзүнө берилген миссияны аткарып, үй-бүлөсү менен жакшы жашап, артына жакшы ат, жакшы эмгектерди калтырып кетиши керек. А бирок көптөр минтишпейт. Бирөөлөрдүн жашоосуна мурдун тыгышат, түрдүү кептерди айтышат.

– Жолдошуңуз Чыңгыз мырзанын эл билбеген жактарын айтып берсеңиз...  

– Тыным албаган киши. Жер тамда жашайбыз да, жаз келди дегиче бир нерселерди жасап эле басып жүрөт. Кичинесинен кара жумушка бышып чоңойгон. Учурда 3 мектепте театралдык ийримден сабак берет, театрда да иштейт. Мүнөзү жумшак, сылык. “Бул аялдын жумушу” деп отуруп албайт, балдарды карашып, бошобой жатсам тамак жасап дегендей, кол кабыш кылат. Үнү жакшы, эски ырларды укмуш ырдайт. Тамада катары тойду олуттуу, салмактуу, мыкты алып барат.

– Ашканада кандай кожойкесиз?

– Абдан сонун кожойкемин. Камырды колго жууруп, тамак жасайм, сатып албайбыз. Тамак жасоодо мүшөктөп болсо да картошка, сабиз, пияз аарчыгандан тажабайм. Эгер актриса болбосом, менден мыкты ашпоз чыкмак. 

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1219, 1-7-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан