Биз социалдык тармакта

Үмүтай Абдышова, ырчы: “ЖАР САЛБАЙ ТУРГАН БАКЫТТЫН КУЧАГЫНДАМЫН”

Үмүтай Абдышова – чыгармачылыктын казанында көптөн бери кайнап, такшалып, шоу-бизнесте өз атын жасай алган ырчылардын бири. Бул жолу инсан катары ой толгоолору, сезимдери, уулу тууралуу кеңири кеп кылып берди. Сизди ырчы айымдын жаңылыктары кызыктырса, маекке көз салыңыз.  

 

– Үмүтай, салам! Кандай жаңылыктар бар, чыгармачылыкта, жеке жашоодо?

– Арыбаңыздар! Чыгармачылык мен үчүн агып жаткан булак сыяктуу, токтобойт, соолубайт, күн сайын жаңы үн, жаңы дем кошулуп турат. Жаз мезгилин утурлай жан дүйнөгө жылуулук чачкан, үмүттү ойготкон ырларды чыгардым. Өзүңүздөр билгендей, ар бир ырды кан-жаныма сиңирип аткарам, ошол сезимде жашап ырдайм. Жок эле дегенде ырдагы эки сап менин жеке тагдырыма байланыштуу болот. Фаризат Асанкалый кызы менен Бакыт Сейталиевдин калеминен жаралган “Агатай”, Чыңгыз Турдубековдун “Жарымым сен белең?”, Камчыбек Жусуповдун “Өмүрлөш болсом сизге мен” чыгармаларын ырдап чыктым. 18 жылдан бери ырдалып жүргөн “Оф, оф” деген түрк ырынын эми кыргыз тилиндеги версиясы жарык көрдү. Акын досум Эрнист Түмөнбаев аны жүрөккө жеткен сөздөр менен “Жок, жок, тагдырга таарынбаймын, эми болду, күйүнбөйм” деп жазып берди. Жакында “Агатай” ырыма клип тарттырдым. Кыскасы, дайымкыдай изденүүдөмүн.

– Жеке жашооңуздачы?

– Жеке жашоого келсек, ал дагы өзүнчө бир обон сымал... Ашыкча ызы-чуусу жок, бирок мааниси терең обон десем болот. Азыр мен өзүмдү, тагдырыма жазылган ар бир мүмкүнчүлүктү кабыл алып, жан дүйнө тынчтыгында жашап жаткан учурум. Кээде үн катпай турган бакыт болот. Дал ошондой абалдамын.

– Өзүңүздү күчтүү аялмын деп эсептейсизби?

– Мен турмуштун тоскоолдуктарын күлүп жеңген аялмын. Кээде ойлойм, аялдын күчү – жашоонун оордугун жалгыз көтөргөнүндө эмес, туура таянганында. Мен уулум Алинурга таяндым. Ошон үчүн сынган жокмун, жалгыздык мени алсыраткан жок.

– Күчтүү аял болуудан чарчаган учурлар болобу?

– Кайсы аялдын жүрөгү “мен жөн гана аял болгум келет” деп шыбырабайт дейсиз. Ооба, чарчаган учурлар болот. Бирок менин жашоом дайыма кыймылда, ыр, сахна, сапарлар... Шаардан шаарга, өлкөдөн өлкөгө. Ошондой шаан-шөкөттүн ичинде жалгыздык көп билинбеди. Жалгыздык үйгө кайтып келгенде гана акырын жанымдан орун алчу. Кызыгы, ошол тынчтык мага жакчу. Жолдун ызы-чуусунан кийин үйдөгү жымжырттык жан дүйнөмө жазылган поэмадай сезилчү. Жалгыздыкты жүк катары эмес, эркиндик катары сезип жашадым. “Кой” деген кожо болбогондуктан, чыгармачылыгым канат какты. Бирок аялдын табияты терең деңиз сыяктуу, канча толкуса да, түбүндө жылуулук жашайт. Азыр бир жээкти самап турам. Тынч, ишенимдүү, өзүмдү аял катары толук сезген жээкти. Анткени аял болуу – бул алсыздык эмес. Бул – бирөөгө таянууга даяр болуу.

– Уулуңузга адилеттүү сынчысызбы же эне катары каталарын “жымсалдап” көргөнгө аракет кыласызбы?

– Уулумдун үнүн уккан сайын ичимде төрт мезгил бир убакта алмашат. Бир тарабы – эне. Сүйүнөм, жылмаям, мээрим төгөм. “Жаңылбай өз жолун тапса экен” деп ичтен тилек кылам. Экинчиси – сынчы. Сахнаны көргөн адам катары ар бир нюансты сезем. Кайсы жерин бекемдесе болот, кайсы жеринде дагы өсөт, баарын байкайм. Үчүнчүсү – сыймык. Анткени уулумдун үнүндө өзүнө болгон ишеним бар. Үн жаңылышса да, ишеним жаңылбаса, адам баары бир өз жолун табат. Төртүнчүсү – ишеним. Мен ага ишенем. Себеби мен ага жөн гана үн берген жокмун, канат бергенге аракет кылдым. Ошондуктан мен бир эле учурда сүйүнөм да, тынчсызданам да, сыймыктанам да, ишенем да. Уулум сахнага чыкканда бир эле окуяны эки башка доордон көргөндөй болом. Гендин шыбыры бар: обонго жакындыгы, сахнага болгон тартылуусу. Бул кокустук эмес. Бул кан аркылуу өткөн эски обондун жаңыча жаңырышы сыяктуу. Бирок ошол эле учурда, ал – өз алдынча жол. Менин көчүрмөм эмес. Ал өз үнүн издеп жатат, өз асманын тандап жатат, мен болгону кеңешчимин. Жолду көрсөтөм, кайда барарын ал өзү чечет. Анын ырдап калганы – менин кыялымдын бир бөлүгүнүн ишке ашканы. Анткени ар бир чыгармачыл адам ичинен “менден кийин да обонум уланып турса” дейт. Ошондуктан уулум – менин уландым да, өзүнчө аалам дагы.

– Уулуңуздун үнү мыкты экен, өнөрү менен элдин көңүлүн бура алды...

– Баламдын талантын айтпаганда да, өзү табиятынан нурлуу, акылдуу, сөзгө чебер, сахнага жаралгандай жылдыздуу бала. Бирок өнөр капыстан эле пайда боло калбайт да. Кичинекейинен эле музыкага жакын, сахнага тартылып турчу. Эмгек, изденүү, колдоо – ушул үч нерсе анын канатын бекемдеди. Буга чейин республикалык жана эл аралык сынактарда байгелүү орундарды багынтып келди. “Өнөртай”, “Романсиада”, “Алые маки”, “Мен, кыргызстандык экендигиме сыймыктанам”, “Достук шаңы” сынактарына катышып, жеңишке жетишти. Буга чейин Балыкчыда болсо, учурда Бишкек шаарында №69 мектепте 6-класста окуусун улантып жатат. Жаңы чөйрө, жаңы дем, жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү жана жаңы бийиктиктерге кадам ташталды. Мурун футбол ойноп жүрсө, азыр волейболго кызыгат. “Социалдык тармактарда активдүү бол” десем, анча маани бербей жатат негедир.

– Кантип көзгө илинип калды?

– Маңдайга жазылган нерсени көрөт экенсиң. Экөөбүз комуздун коштоосунда капыстан эле ырдап калганыбыз элдин жүрөгүнө жетип, күтүүсүздөн чоң колдоого ээ болду. Элден уккан жылуу сөздөр өзгөчө таасир берди. “Кыргызстандын болочок Димашы”, “Болот Миңжылкыев өсүп келе жатыптыр” деген сыяктуу пикирлерди окуп жаттык. Жакында эле “Таңкы жылдыз” республикалык телесынагынын жарым финалында да өзүн татыктуу көрсөтө алды. Бала да, “велосипед алып бериңиз” деп баладай сүйүнүп турат. Пианиносу менен гитарасын жаңылап берүүнү да суранды. 

– Уулуңузга ата да, эне да болдуңуз, баарынан кыйыны эмне болду?

– Кээде тагдыр аялга эки канат берет, бирок учууну өзү үйрөтөт экен. Эне болуу – бул табият берген роль. Ал жүрөктүн ичиндеги шам сыяктуу жылытат, сактайт, кечирет. Ал эми ата болуу – жоопкерчилик. Ал акыл менен курулат, сабыр менен бекемделет. Мен үчүн оорураагы – ата болуу болду. Себеби эне катары мен сүйүүнү эч тоскоолдуксуз бере алам. Бирок ата катары кээде ошол сүйүүнү чектеп, тартипке айлантууга туура келет. Эне – балага дүйнөнү жумшартып берет. Ата – баланы дүйнөгө даярдайт. Мен ушул эки ролду тең аткардым. Кээде мээрим төгүп эркелеттим, кээде таянар тоо болуп тик турдум. Кээде кучактап ыйласам, кээде үн катпай катуу болуп жашоонун сабагын бердим. Анткени чыныгы эне бала үчүн гана жашабайт, ал баласы аркылуу өзүн кайрадан табат.

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1219, 1-7-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан