Биз социалдык тармакта

ЖЫЛМАЮУНУН АРТЫНА ЖАШЫНГАН ДЕПРЕССИЯ КАНЧАЛЫК КООПТУУ?

Депрессиядагы адам дегенде кандай түшүнөсүз? Өзүн таштап салган, кабагын түйүп жүргөн, көп ыйлаган, көп ооруган, маанайы бат-бат өзгөрүлүп турган, энергиясы жок адам деп... Бирок депрессиянын көп жүздүү экенин билүүбүз керек. Мисалы, жылмайган депрессия деген да бар. Бул депрессиянын кооптуу жагы – адам өзү да депрессияда экенин байкабай калып, абалды өөрчүтүп жибергени. 

Ал баары жакшы деп ойлочу...

Чынында эле жакшыдай сезилчү. Башынан эле өзүн оптимист адамдардын катарына кошот. Тамашакөй, шайыр, бийлегенди, ырдаганды жактырган, достору менен эс алгандан баш тартпаган адам. Маселе жаралса жылмайып кабыл ал деп өзүнө да, өзгөлөргө да кеңеш берет. Маанайы жок болуп турса да социалдык тармактарга күлкүлүү, позитивдүү билдирүүлөрдү жазат. Капаланып турган адамдарды сооротуп, аларды укканга, кеңеш айтканга дайым даяр. Мындай жүрүм-туруму менен ал башкаларга бакыт тартуулагысы келет, жыйынтыгында өзүм да бактылуу болом деп эсептейт.

Бирок... акыркы убакта өзүн жаман сезип калчу болду. Себепсиз. Кээде жумуш күндөрү бүтүп, эс алуу күндөрү келгенде эле кайдан жайдан оорулар чыга баштайт. Шалдырайт, эч нерсе кылгысы келбейт, кээ күнү кечке уктайт, кээде түнү менен кирпик какпай чыгат. Туруп-туруп эле кекиртегинде бир нерсе тургандай сезилип, жөнү жок ыйлагысы келет. Бир нерсеге катуу кабатырланат, эмнеге экенин жакшы түшүнбөйт. Анан өзүн колго алат, жылмайса баары жакшы болот деп жылмаят. Кайра баягы позитивдүү адамдын ролуна кирип жумушка же окуусуна же дагы башка тиричилик менен алек болуп кетет.

Дал ушундай көз ирмемдер – жылмайган депрессия деп аталат. Адам кайгырууга, капаланууга себеп жок деп депрессиянын симптомдорун байкабай же байкагысы келбей жүрө берет.

Бул...

Жылмайган депрессия же орусча айтканда “атипичная депрессия” – бул адамдын ичиндеги “бороон-чапкынга” карабай сыртынан бактылуу көрүнүү аракети. Статистика боюнча, учурда дүйнө жүзүндөгү ар онунчу адам депрессия менен жабыркайт делет. Алардын арасынан 40 пайызы жылмайган депрессия менен жабыркайт, бирок көпчүлүгү ал абалын жашырышат. Жылмаюунун аркасына көп нерсени “катууга” мүмкүн эмеспи.

Негизги белгилери

• Баары жакшы деген маска: адам өзүн шайыр-шат алып жүрөт, көп тамашалайт, коомдук жашоого активдүү катышат.

• Ички боштук: жалгыз калганда ичиндеги боштукту сезет, кайгырат, апатия сезими курчайт, өзүн-өзү түшүнө албайт.

• Уйкудагы маселе: көбүнчө уйкусуздук кыйнайт, мунун айынан дайыма чарчаңкы абал коштойт.

• Колу-бутта оордук байкалат.

• Өзүн-өзү келекелеген абал: чыныгы сезимдерин кабыл алуу, аны талкуулоодон качып юморго басым жасайт.

• Табит жогорулайт: мурда жебеген тамактарын жеп, тамактын өлчөмү көбөйүп, табити ачылып кеткендей сезилет. Кээ бирлерде, тескерисинче, тамакка табит такыр жоголуп, эч нерсе жегиси келбей калат.

• Жогорку функционалдуулук: классикалык депрессиядагы адамдардан айырмаланып, жылмайган депрессиядагы адам күнүмдүк функционалдуулугун үзгүлтүккө учуратпайт, тескерисинче, жоопкерчиликтүүлүк менен жакшы иштейт.

• Жалгыздык: бир күн бою кесиптеш же дос-курбулардын арасында күлүп-жайнап, “душа компании” болуп жүрүп, бирок ичинде өзүн маска кийип жүргөндөй, жалгыз, өз ордун таппай жаткандай сезет. Бул ичти курттай жеген сезимден арылуу, алаксыш үчүн да көп күлүп, көп активдүүлүк кылганга аракет кылат.

• Орун алмашуу: мурда кызыктырган, кубанткан нерселер азыр тескери эффект берет. Мурда сүрөт тартканды жакшы көрсө, азыр карандаш кармаганга эргүү жок. Достор менен жолугууга ашыгып турса, эми эч ким менен сүйлөшкүсү келбейт. Спорт – энергия булагы болчу, азыр тескерисинче, ого бетер чарчаткан нерсе. Бирок буларды таштабаш керек деп өзүн кыйноо жолу менен жасай берген абал.

Эмнеге кооптуу?

Жогоруда айткандай, классикалык депрессиянын себептери өзүнө билинбесе да, айланасындагы адамдарга сезилет. Ал эми жылмайган депрессияда адам өзү да, жанындагылар да анын абалын байкабай, баары жакшы деп жүрө берип жардам колун сунуу кечигип калышы мүмкүн. Психологдор дал ушундай жылмайган депрессияда жүргөн адамдардын суицид абалына баруу мүмкүнчүлүгү жогору дешет.

Эмнеге депрессия абалын жашырышат?

– Бирөөгө маселесин айтып жүк болгусу келбейт.

– Уялат. Болбогон нерсени маселе кылды деп айтат деп ойлонот.

– Кабыл албайт. Психикалык жактан маселе бар экенин адамдын кабыл алуусу оор.

– Коркот. Коомдогу же үйдөгү кайсы бир статусунан ажырап калам деп коркот.

Дарылоо

+ Мындай абал жалпысынан профессионалдык дарылоону талап кылат. Анда биринчиден психотерапия жүргүзүлөт: когнитивдик жүрүм-турум терапиясы адамдын абалын жакшыртууга жардам берет. Терапия канча убакытка созуларын врач аныктайт.

+ Медикаментоздук дарылоо: дарыгер бейтаптын абалына жараша антидепрессанттык дары-дармектерди жазып берет.

+ Өзүнө-өзү жардам берүү: Адам ичиндеги эмоцияларды (кайгыруу жараткан ойлор, санааркаткан нерсе, түшүнүксүз сезимдер, кубанткан көз ирмемдер) катуунун ордуна, сыртка чыгарып, жакындары менен бөлүшсө жеңилдей турганын так билиши зарыл.

+ Маселе бар экенин кабыл алуу: адам жылмайган депрессияда экенин кабыл алуусу оор. Анткени алар алсыз жагын башкалардан да, өзүнөн да катканга көнүп калган. Депрессия деген алсыздык эмес, кадимкидей эле оору экенин кабылдап, андан арылууга, дарыланууга аракет кылуу керек.

+ Жардам суроо: маселени кабыл алгандан кийин биринчи эле жардам суроо зарыл. Ата-энеге, досуна, бир тууганына же жакын деп санаган адамына айтсын, алар бул жааттагы адистерге алып барышат. Же болбосо сыр чечише сүйлөшүп, бирин-бири колдоо аркылуу да абалды жеңилдетүүгө мүмкүн.

+ Күнүмдүк жашоо да жардам берет: ооба, күнүмдүк жашоо да жакшы жашайм деген адамга жардам берет. Спорт – иммунитетти бекемдейт, күн нуру витаминдер менен камсыздайт, таза аба суудай эле керек, көз кубанткан нерселер маанайыңызды көтөрөт, музыка жан дүйнөңүздү тазалайт, жакшы кино жаңы дүйнө ачат, жакшы китеп билим кампаңызды кеңейтет... Сизге жаккан нерселер чындап караганда аябай көп... Өзүңүздү сактаңыз, сүйүңүз!

+ Саякат. Жаңы эл-жер көрүү нерв системин “перезагрузка” кылат. Андыктан саякаттаганга, жаңы нерсе билүүгө, көрүүгө, жаңы эмоция топтоого аракет кылыңыз.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1219, 1-7-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан