Биз социалдык тармакта

Эркай Бактыбек кызы, ырчы: “МАКТООНУ ДА, СЫНДЫ ДА АНАЛИЗДЕП ТУРАМ”

Классикалык багыты, маани-мазмуну терең, улуттук колорит шөкөттөгөн ырлары менен айырмаланган жаш ырчылардын бири – Эркай Бактыбек кызы. Учурда Бишкектеги Улуттук филармониянын солисти. Жагымдуу ырлары аркылуу күйөрман арттырууга жетишкен ырчы айым менен жакындан таанышып алыңыз, окурман. 

 

Каармандын... 

Аты-жөнү – Эркай Бактыбек кызы

Туулган жылы, күнү – 2001-жыл, 17-сентябрь

Жакшы көргөн тамагы – лагман

Хоббиси –  музыкалык аспаптарда ойноо

 

– Эркай, ырларыңыздын көбү салмактуу, лирикага ширелген ырлар экен. Эмне үчүн классикалык багытты тандап алдыңыз?

– Жашоонун өзү, ар бир адамдын жүрөгү сүйгөн нерсе – бул лирика. Жыргал да, арман да ушул ыргак менен өтөт. Демек, бул жанр эч качан актуалдуулугун жоготпойт. Ал эми жеңил-желпи, бирок учурда тренд болуп жаткан ырлар убактылуу гана агым. Мындай ырлар аз убакытка гана өмүр сүрүшөт. Деген менен замандын шарты, жаштардын каалоо-муктаждыгы, ошол эле учурда дүйнө ааламдашып жаткан учурда дүйнөлүк ырчылардын таасири сөзсүз өзүнүн ролун ойнойт. Бул шарттуу иш.

– Музыкалык билимдин мааниси, артыкчылыктары тууралуу айтып берсеңиз...

– Билим деген билим. Музыкалык окуу жайларда кесипкөй адистерден өнөр үйрөнө турган устакана бар. Музыкалык билим алуу абдан татаал. Ал компьютердик билим эмес, чыныгы талантты таптап, техниканы, маданиятты үйрөнө турган мектеп.

– Сахнада назик, токтоо көрүнөсүз. Бул сиздин нукура табиятыңызбы же атайын тандалган имиджби?

– Сахнадагы образым менен жашоодогу образым окшош эле. Өз табиятыма жараша ушундай имидж келип чыкты десем да болот. “Мүнөзгө жараша адам, адамга жараша мүнөз” деп коюшат го.

– Заманбап мүмкүнчүлүктөр жана улуттук баалуулуктар. Бул экөөнү тең салмактоо кыйынчылык жараткан жокпу?

– Улуттук баалуулуктарга бала кезимден эле жакынмын. Окуу жайда болсо элдик ырдоо бөлүмүндө окуйм, жалаң кыргыз дүйнөсүнө жакын чыгармаларды аткарабыз дегендей. Аны менен бирге заманбап жашоодо кыргыз баалуулуктарын айкалыштыруу өзүнчө тренд болуп жатпайбы. Ошол себептен тең салмактуулукту сактоо оор деле эмес. Улут өзүнүн колоритин сактоого милдеттүү. Кытайлык кыргыздардын маданиятын, элдик салт жана башка жүрүм-турумдарын өзгөртпөй сактап келе жатканына суктанам. Балким, өз мекенинен алысыраак жүргөндүктөн мекенге сезимтал карашса керек. Аларды угуп-карап, сүйүнөм.

– Чыгармачыл адам үчүн үй-бүлөнүн колдоосу маанилүү эмеспи. Жакындарыңыз сизди канчалык колдошот?

– Аябагандай чоң колдоо үй-бүлөмдөн болот. Мени моралдык жактан да, материалдык жактан да колдоп, кубаттап турушат.

– Эл болгон соң коомдо чыгармачыл инсандарга карата ар түрдүү пикирлер айтылып турат. Мактоо да, сын да бар. Сынга көтөрүмдүүсүзбү?

– Сын-пикир абдан жакшы нерсе. Кеткен катачылыктарды эске алып, кайталабоого аракет кылам. Сын айтылса, кайсы жерден катачылык кетти деп анализдейм. Жакшы пикирди дагы анализдейм. Жакшысына кубанып, туура сын-пикир болсо эске алам. Жөн эле айтып койгон сын-пикирге, албетте, кээде капа болом. Негизинен туура эле түшүнөм.

– Сиздин оюңузча, бүгүнкү күндүн кыргыз кызы кандай сапаттарга ээ болушу керек?

– Бүгүнкү күндүн кыргыз кызы, менимче, билимдүү жана ар тараптуу шык-жөндөмдөрүн өнүктүрүп, жаран катары коомдо активдүү болушу керек. 

– Ийгилик жаратуу үчүн талант гана жетиштүүбү же сөзсүз күнү-түнү эмгек кылыш керекпи? Сиздин ийгилик формулаңыз кандай?

– Албетте, талант болбосо болбойт. Шык деп айтып жатабыз го кыргыздар. Ошол талантты тер төгө эмгек кылып өнүктүрсөң гана жыйынтык чыгат. Талыкпаган аракет жетпеген жерге жеткирери белгилүү да.

– Сахнада эмес, кадимки жашоодо Эркайды эмнелер бактылуу кылат? Бош убактыңызды кантип өткөрүүнү жакшы көрөсүз?

– Жашоодо кооз, жайлуу жерлерде жүргөн жагат. Майда нерселерге, мисалы, даамдуу тамак болсо деле бактылуу боло берем. Бош убактымда үйдө ата-энем, бир туугандарым менен көбүрөөк бирге болуу мен үчүн бакыт. Жөн эле үйдө болуу же сыртка чыгып эс алуу, айылчылап конокко баруу, кыскасы, үйдөгүлөр менен болсом болду. Ушуну эле каалайм негедир.

Чыгармачылыктагы эң чоң максатыңыз кайсы? Өзүңүздү башка тармактардан дагы сынап көргүңүз келеби?

– Чыгармачылыктагы эң чоң максат – өзүмдүн жолумду түзүү. Мен буга чейин алып баруучулукка кызыгып, иштеп дагы көргөм. Убактым аз болуп калганына байланыштуу токтоп калды. Киного тартылууну да каалайм, кастингдерге чакырып калышат. Буюрса, көрө жатарбыз. 

– Сиз үчүн азыркы эң чоң жетишкендигиңиз?

– Бүгүнкү күндө музыка, маданий чөйрөгө аралашып, койгон максаттарыма жолум ачыла баштагандыгы эң негизги жетишкендигим деп эсептейм. Музыкалык билим алдым. Жакында Улуттук консерваторияны аяктап жатам. Ага чейин дагы башка музыкалык окуу жайды окуп бүткөм. Улуттук филармонияда солист болуп иштеп жатам. Ал жердеги кыргыздын мен деген мыкты залкарлары, таанымал ырчы-композиторлору менен иш арасында жүрөм. Коомдук иш-чараларга, президенттик иш-чаранын концерттерине катышып калып жатам. Социалдык тармактар аркылуу ырларымды элге жеткирип, күйөрман топтодум. Алардын жакшы пикирлеринен улам эркимди бекемдедим десем болот.

– Сизди эмне шыктандырат?

– Мен бир нерсени байкадым. Адамды шыктандыра турган нерсе – бул максатты ишке ашыруу үчүн сага кошумча камкордук кыла турган чөйрөдөгүлөрдүн жакшы пикири, жардамы экен. Анан, албетте, көңүлгө толгон жыйынтык.

– Күйөрмандарыңыз сизден кандай жаңылыктарды күтүшсө болот?

– Буюрса, баарын убак-сааты менен жарыялап турам. Албетте, дагы да изденип, жаңы ырларды жаздырууну улантам. Мени угуп жаткан бардык угарманга, ошол эле учурда мага күйөрман болгон эл-журтума чын жүрөгүмдөн ыраазы экендигимди айткым келет. Элдин деми мен үчүн чоң күч жана жоопкерчилик. Сиздердин гезиттин жалпы жамаатына, сизге да терең ыраазычылыгымды билдирем. Ийгилик көп болсун!

 

Асел Нурбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1219, 1-7-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан