Асеин уулу Азамат Кыргызстанда аз сандагы спелеологдордун бири. Ал бул кесиптин сырлары, эмнелерди билүү керектиги жана башкалар боюнча кызыктуу кеп салып берди.
Спелеология – үңкүрлөр, алардын качан, кантип жаралганын, кандай тектен турарын, экосистемин, жер астындагы сууларын изилдөөчү илим. Демек, аларды изилдөөчү адис – спелеолог. Бул илим ичине геология, география, минерология, археология, биологияны камтыйт. Кызыгы, Кыргызстанда жана КМШдагы окуу жайларда спелеология илими өзүнчө адистик катары окутулбайт.
Кызыккан географ, геолог, биологдор, экстремалдык туризм менен алектенгендер бул тармакка адистешип кетсе болот. Атайын спелеоклубдарда окуп, үйрөнүп, аркан менен түшүп-чыгып машыгышат.
Үңкүрлөр 3 түргө бөлүнөт. 1-коңул – бул асканын же тоонун астындагы көңдөйлөнгөн жери. 2-техника-кол менен казылган жер астындагы тоо-кен казылмасы (штольня, тоннель), 3-табият тарабынан жаралган үңкүр.
“Үңкүрлөр 5 типке бөлүнөт”
– Үңкүрлөр келип чыгышы боюнча 5 типке бөлүнөт.
Биринчиси – карс үңкүрлөрү. Булар сууда жеңил эрүүчү тоо-тектердин, мисалы, акиташ, гипстин сууга жуулуп кетишинен пайда болот. Булардын көбүнүн төбөсүндө мамы, упчу, шиш сымал сталактит минералы салаңдап турат. Кыргызстандагы үңкүрлөрдүн көбү ушул типтегилер.
Экинчиси – тектоникалык үңкүрлөр. Жер астындагы ири платформалардын, жер-тоо жаракаларынын жылышып кетишинен жаралат.
Үчүнчүсү – жанар тоо үңкүрлөрү, Жанар тоо атылганда лаванын сырткы катмары катып, ички катмары эриген бойдон агып кетип, орду бошоп үңкүр болуп калат.
Төртүнчүсү – муз үңкүрлөр.
Бешинчиси – эрозиялык үңкүрлөр. Топуракты суу жеп, чуңкурайтып кеткенден жаралат. Көбүнчө деңиз, океандардын жээгинен кездешет.
Аталган үңкүрлөрдүн баары формасы, жашы, ички климаты, биосистеми боюнча бири-биринен айырмаланат.
“Мен кантип “үңкүр жиндисине” айландым?”
– Кичи мекеним – Талас районунун Арал айылы. Мектепте жакшы окудум. Атамдын кесиби – токойчу. Ал кишинин жанында жүрүп, жаратылышка жакын өстүм. Мектепти бүткөндөн кийин Талас мамлекеттик университетинде окуп, 2015-жылы географ адистигин алып чыктым. Географ океан, вулкан, үңкүр, дарыя изилдөөчү адистиктерге адистешип кетсе болот. Дипломдуу болгондон кийин шартка жараша журналист болуп, андан тышкары облустук Жаштар кеңешинде иштеп жүрдүм.
2020-жылы коронавирус пандемиясы башталды. Бош убакыт болгонго спелеологияга кызыгуум өстү. Үңкүр туризми деген бар, ага кызыккан туристтерге кызмат көрсөтүү дүйнө жүзү боюнча кымбат турат. Мисалы, бизде бул жаатта 3-4 күндө 20-30 миң сомдун тегерегинде тапсаң болот. Бирок ошого жараша туристтердин коопсуздугу, өмүрү үчүн жоопкерчилик чоң.
Ошентип үңкүрлөр боюнча маалымат топтой баштадым. Бул жаатта керектүү кеңештерди алууга адистерди таап, байланышып, иштешүүгө өттүм. Мага Кыргызстандагы атактуу эколог-чөлкөм изилдөөчү, экотуризм эксперти Гамал Сооронкулов агай көп жардам берди. Агайга, башка экотуризм топторуна кошулуп жер-суу, үңкүрлөрдү кыдырдым. Тоо, аска, үңкүрлөрдө жүрүүдөгү коопсуздук эрежелери менен таанышып, спелеологдорго керектүү шайман, аспаптарды колдонууну, аркан менен чыгып-түшүүнү үйрөндүм. Акырындап Таластагы үңкүрлөрдү кыдырып чыгып, алардын жаралышы боюнча кайсы типке кирерин өз алдымча да изилдедим. Алар жайгашкан жердин картасын, маршрутун түзүп баштадым. Үңкүрлөрдүн кайсынысы кооз, кайсынысы ден соолукка пайдалуу, кайсынысы татаал жана кирүү кооптуу, булар боюнча да атайын тизме кылдым. Гамал агайга эл “тоо жиндиси” деген каймана ат коюшкан. Мага “үңкүр жиндиси” деген лакап ат коюшту.
“Үңкүр туризмин өнүктүрүү – заман талабы”
– Спелеолог гид кызматын көрсөтүү үчүн атайын мекемелерден уруксат кагаздарын алышы керек. Анан иштей баштайсың, фирма ачсаң да болот. Иштөө үчүн аймакта спелеологиялык лагердин болушу кажет. Анда бардык шарты бар турак жай, унаа, аттар, 2-3 чет тилин билген гиддин болушу шарт. Жергиликтүү бийлик да туризмди өнүктүрүү максатында лагерге, үңкүрлөргө барчу жолдорду оңдоп, электр мамыларын тартышы керек. Бизде лагерь бар, бирок жогоруда аталган бардык шарттар жок. Эми акырындап болот деп турабыз. Өлкөбүздө туризм көбүнчө тоо треккинги, альпинизм, аскаларга чыгууга ыктаган. Эми үңкүр туризмин да өнүктүрүү – замандын талабы. Мындан да өлкөнүн бюджетине каражат түшүрсө болот.
“Өлкөдө үч жүздөй үңкүр изилденген”
– Кыргызстанда үңкүрлөр абдан көп, алардын 300дөйү гана изилденген. Алардын ичинен чоңдору Кан-и-Гут, Кара-Үңкүр, Спортивная, Чил-Устун, Ажыдаар-Үңкүр. Оштон 35 чакырым алыстыкта Төө-Моюн тоо кыркасы жайгашып, анда бир топ үңкүр бар. Белгилүүлөрү Ферсмандын үңкүрү, Чоң барит, Ажыдаар-Үңкүр, Сюрприз, Чоң-Чуңкур, Чил-Устун. Эң коозу – карс тибиндеги Чил-Устун болуп эсептелет. Жалпы узундугу 400 метрдей. Үңкүрдүн шыбынан сталактиттер шиштүү муз жана башка формаларга окшоп салаңдап турат. Үңкүрдө жарганаттар, тартылган байыркы сүрөттөр бар. Чоң барит үңкүрүнүн ички бетинин айрым жерлеринде мраморлуу оникс декоративдүү ташынын катмары бар, ал үңкүргө өзгөчө кооздук берип турат. Ошол таш үчүн үңкүрдү тоноп кетишкен.
Таластын аймагында 38 үңкүр бар. Мисал келтирсем, Кулан-Сай үңкүрү Таластан 40 мүнөттүк алыстыкта жайгашкан. Ал жерден мурда күмүш өндүрүшкөн. Учурда ал жарганаттардын, майда кемирүүчүлөрдүн байырлоочу жайы. Оозу кенен, кирүүгө оңой. Ичи болсо лабиринт.
Кара-Коюн үңкүрү Талас Ата-Тоосунун Бакай-Ата районундагы бөлүгүндөгү Кара-Коюн капчыгайында жайгашкан. Капчыгай жайында жапайы алма, бөрү карагат, долоно, гүлдөрдүн жытына толуп турат. Үңкүрдүн оозунда бийик таш турат. Ичинин бийиктиги 3 метрдей, анан барып жапыз тартып кетет. Үстү жагынан суу тамчылап агып турат, дарылык мумиё да бар. Жарганаттар миңге жакын. Илгери колхоздошторуу мезгилинде Токтогул тарапты көздөп качкан байлар байлыктарынын канча бир бөлүгүн ушул үңкүргө каткан делинет.
Үңкүр изилдөөчүдөн эмнелер талап кылынат?
• Кара күч жактан күчтүү, чымыр болууну. Анткени узак аралыкка жөө басуу, тоого чыгуу, арканга асылып түшүп-чыгуу, чатыр, тамак-аштарыңды өзүң менен кошо ташып жүрүү керектелет.
• Кырдаалды бат анализдеп, туура, тез чечим кабыл алууга жөндөмдүн болгону жакшы.
• Чыдамдуулук талап кылынат.
• Карта менен иштей билүү зарыл.
• Никтофобия (караңгылыктан, караңгы жерлерден коркуу), фазмофобия (көрүмчү, шайтан, жин сыяктуу кара күчтөрдөн коркуу) болбошу керек.
Үңкүрлөрдү эмне үчүн сакташ керек?
– Үңкүрлөр маданий-тарыхый объект, жаратылыштын керемети катары саналат. Ичинде минералдар, башка байлыктар болушу мүмкүн. Эл аларды бузулуу, талап-тоноо, вандализмден сактоосу керек. Чет элде үңкүр туризмин өнүктүрүп, экскурсияларды уюштурушат. Жарганаттардын түрлөрү Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген. Үңкүрлөргө барып аны бузуу, ызы-чуу салуу, от жагуу, жарганаттарды өлтүрүү алардын санынын кыскарышына алып келет.
Канымжан Усупбекова