Азыр коомчулуктун көңүл борборунда турган түрк актрисасы Хелин Кандемирдин үн коштоочулук таланты да бар экенин билчү белеңиз. 2019-жылы чыккан “Падыша арстан” анимациялык тасмасында Симбанын аялы Наланын кичинекей кезиндеги үнүн коштогон. Учурда “Сен мен сүйгөн адамсың” сериалын популярдуулукка жетелеген дал ушул Хелин Кандемир дешүүдө кино сынчылары. Кичинесинен эл көзүндө чоңоюп келе жаткан таланттуу айымдын жашоосуна баш багабыз.
Туулган жери: Түркия, Стамбул шаары
Туулган жылы: 2004-жыл, 2-июнь
Жылдыз белгиси: эгиздер
Бою: 167 сантиметр
Кесиби: актриса, модель
Тартылган белгилүү сериалдары: “Сүйгөнүм сенсиң”, “Коргоочу”, “Империялардын жаралышы: Осмон империясы”, “Мени ук” жана башка
Үн коштоочу
Үн коштоочулук тармагындагы дагы бир нече эмгектери менен бөлүшө кетели. “Падыша арстандагы” Наладан сырткары “Форсаж: Хоббс и Шоу” тасмасында Сэмдин, популярдуу “Скуби-Ду” мультфильминде Дафнанын жана башка популярдуу каармандардын үнүн коштогон.
4 жашында башталган
Бакырайган 4 жаштагы кичинекей кызды апасы жетелеп алып театралдык студияга алып барып, ал жактан 9 жашка чейин үйрөнүп, тажрыйба топтогон экен. Анын актрисалык тушоосун балдар театрынын сахнасы кескен. 9 жашынан киного аралашып, кичинекей кыздардын, башкы каармандардын балалык чагын ойноп жүргөн. Башкача айтканда, Хелиндин чыгармачылык чыйыры балалыгынан эл көзүндө болду.
“Эсинде калат”
“Атамдардын бир таанышы келип, “Хелинди көбүрөөк видеого тартып тургула, кийин көрүп бардыгы эсинде калат” деген экен. Анда мен 3,5 жашта болчумун. Эсинде калат деген максатта алгачкы жолу камера менен таанышкам. Анан апам ошол эле таанышынын сунушу менен студияга алпарып жаздырды. Чоңойгон сайын актрисалык мен үчүн экенин сезе баштадым” деген Хелинди апасы менен сиңдиси колдоп, чоңойгондо резюмелерин түрдүү кино студияларга жөнөтүп турушкан. Эң биринчи кинодогу дебюттук ролу “Аты жоктор” сериалындагы Пелиндин образы болгон. Киного көп убакыт бөлүү үчүн орто мектепти аяктагандан кийин жогорку окуу жайына тапшырган эмес.
Ийгиликтери
“Бир литр жаш” сериалы анын актрисалык талантын ачып, потенциалын байкаткан долбоор болду дешет көпчүлүк. Мунун аркасынан эле “Коргоочу” сериалына тартылып, актрисанын күйөрмандар “армиясы” пайда болгон. 2019-жылы “Эже-сиңди” көркөм тасмасындагы ролу үчүн Стамбулда өткөн эл аралык фестивалда “Мыкты актриса” наамын жеңип алган. Учурда ал Түркиянын жаш жылдыздарынын катарын толуктайт. Ийгиликтүү эмгектеринин катарына: “Кагаз үй”, “Осмон империясынын жаралуусу”, “Мени ук”, “Стамбул энциклопедиясы” жана башкаларды да кошсок болот.
“Сүйгөнүм сенсиң”
2026-жыл Хелин Кандемирди кичинекей кыз, өспүрүм кыз курагынан чоңойгон, керилген сулуу бийкечтин образында көрсөттү. Февраль айында чыккан “Сүйгөнүм сенсиң” сериалы Хелиндин мыкты драмалык актриса болгонун көрсөттү окшойт. Турмуштан көп запкы жеген Дижленин көзүнүн оту өчпөй, жакшылыктан үмүт артып, адамдарга болгон үмүтү дале жанып турат. Көрөрманды бирде кошо ыйлатып, бирде нерв кылган сериалдын фишкасы – дал биз сөз кылып жаткан актриса Хелин Кандемир. Актрисанын драмалык ролду ийине жеткирип, көрөрмандын ишеничине кире алышына жашоосундагы трагедия да таасир этти дегендер бар. 2023-жылы атасы 47 жаш курагында ак кан оорусунан каза болгон экен. Жакын адамын жоготуу ар бир адам үчүн трагедия эмеспи. Сериалдагы каарманы Дижлеге окшош жактары бар экенин айтат актриса. Сезимтал, эмпат, жумшак адам, ошол эле учурда бардык сыноого чыдай турган күчкө ээ. Адамдардан көп кечирим сурайт, бул анын алсыздыгы эмес, кечирим сурай билүү – адамдар менен мамиле түзүүдөгү, байланышуудагы баалуу чеберчилик деп эсептейт.
Камерадан сырткары...
Оратордук искусствого кызыгат, сөз баккан адамдарды баалайт. Тилди жакшы өздөштүрүү, туура сүйлөө курстарына барат, көп окуйт. Кыялы – актёрдук билим алуу жана мюзиклда башкы каармандын ролун ойноо. Бош убактысында сиңдиси, апасы же курбулары менен жолугуп, сейилдегенди жактырат.
Жүрөгү бошпу?
Романтикалык жаатта “бизнесмен Желал Жан Акгүл менен кыз-жигит” деген маалымат 2025-жылы интернет булагына тараган эле. Бирок экөөнүн мамилеси көпкө узаган жок окшойт. Азыр “Сүйгөнүм сенсиң” сериалындагы өнөктөшү, актёр Айтач Шашмаз экөөнү “бириктирген” сөздөр чыгып калып жатат. Бул тасма жаратуучулардын адаттагыдай пиар кадамыбы же көрөрмандардын фантазиясыбы, же чындап эле ортолорунда бир нерсе барбы, азырынча так белгисиз.
Кызыгуулары
1. Муз үстүндө бийлөө. Хелин актёрлук карьерасы жаңыдан башталып келе жатканда муз үстүндө бийлегиси келип, атайын курска жазылган. 3 жыл машыгып, бирок окуу графиги, иш графиги менен туура келбей жатып таштап койгон.
2. Музыка. Чыгармачыл адам бардык тараптан өнүккүсү келет окшобойбу, убагында актриса скрипка ойноого да кызыккан. Ортодо бул кызыгуусун таштап салып, акыркы жылдары кайрадан колуна скрипка алганын, жакшылап үйрөнүп жатканын айтат.
3. Ашпоз. Хелин – гурман. Даамдуу тамактарды жегенди ошондой эле аларды жасаганды да жакшы көрөт. Долманы жана чечевицаны жакшы жасайт.
4. Психология. Кино карьерасында ар түрдүү тагдырды башынан кечирген, түрдүү мүнөзгө ээ персонаждардын образын ачыш үчүн психолог болуу керектигин түшүнгөн. Түшүнүп эле тим болбостон, психология факультетине тапшырган.
Асыл Орозбекова