КОЙ
(21.03–20.04)
Бул аптада сизге катуу болуу жарашпайт, андан көрө ийкемдүү, жумшак болсоңуз жана да компромисс таба билүү сапатыңызды колдонсоңуз ийгиликке жетишесиз. Досторуңузга жардам берүүдөн баш тартпаңыз, анткени бир аз убакыт өтүп орун алмашып, сиз алардын жардамына муктаж болуп калышыңыз мүмкүн. Аптанын башында көргөн түшүңүз чындыкка дал келүүсү ыктымал. Бойдоктордун романтикалык жашоосуна өзгөрүүлөр кириши күтүлөт, таанышуу, жолугушуу...
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Жумушка байланыштуу көйгөйлөр чечилип, каржылык абалыңыз жакшырат. Жеке жашоодо түгөйүңүзгө көбүрөөк ишеним жана камкордук тартуулаганга аракет кылыңыз. Ден соолук жаатта туруктуулук сакталып, олуттуу өзгөрүүлөр күтүлбөйт. Негизгиси өзүңүзгө басым жасап, организмге күч келтирбегидей болуңуз. Дем алыш күндөрү туугандар арасында абайлаш керек, мурдагы айтылбай калган маселелер, таарынычтар калкып чыгып, конфликт жаралуусу мүмкүн.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Бул аптада өзүңүзгө кубаныч, бакыт тартуулай турган иштер менен алек болгонго аракет кылыңыз. Энергия топтой аласыз. Келечекке жакшы план түзүңүз, ишке ашат. Бир адамга жолугуп, андан таасирленип келесиз. Жеке жашоодо түгөйүңүз менен түшүнүшүү, мамиледе жеңилдик байкалат. Жумушта көп тармактуу универсал адам экениңизди көрсөтө аласыз. Дем алышка жакын көңүлүңүзгө жаккан сунуш аласыз, үйдө отурбай, сыртка чыгып убакыт өткөрүшүңүз мүмкүн.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Бөйөндөрдү жомоктогудай апта күтөт дешет жылдыздар. Өзүңүз мурда ишенбеген нерселер ишке ашып таң каласыз жана сүйүнөсүз. Балдарыңыздын майда-чүйдө маселелерин чечүүгө аралашасыз. Жумушта ички туюмуңузга ишениңиз, ал туура чечим чыгарууга жардам берет. Финансы тармагы бул аптада сизден үнөмдүүлүктү талап кылат. Ден соолугуңуздун саламаттыгы сиздин эмоционалдык абалыңыздан көз каранды, андыктан стресстен качканга аракет кылыңыз.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Үй-бүлөлүк байланыштарды бекемдеп, үйдө жылуу атмосфера жаратуу аптасы. Таарынычтар тарап, түшүнбөстүктөр чечилгени жакшы. Бул күндөрү жардам колун сунуу, кайрымдуулукка басым жасаңыз, акыбети көп өтпөй эле өзүңүзгө кайтат. Жеке жашоо тууралуу маалыматтарды эч кимге айтпаганыңыз оң, көз-сөз тиет деген принцип иштеп кетүүсү мүмкүн. Аптада талаа иштерине аралашып, өсүмдүк тигүү сыяктуу жумуштарды колго алышыңыз күтүлөт.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Бул аптада ашыкча эмоционалдуу адам болуп, өзүңүзгө эле эмес, айланаңыздагыларга да ыңгайсыздык жаратышыңыз мүмкүн. Соцтармактарда кайым айтышуу, негатив жазуудан алыс болуңуз, юридикалык жоопкерчилик тартып каласыз. Финансылык көйгөйлөрдү чечүү жолун табасыз. Айрымдарга айлыгы жакшы жумушка иштөө сунушу түшүүсү ыктымал, ойлонбой макул болуу керек. Бойдоктордун жеке жашоосуна да жаңылык кирип, түгөйлүү болушу ыктымал.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Бул жума таразаларга жакшы пландарын, идеяларын ишке ашырууга көмөк көрсөтө турган өнөктөштөрдү табуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Кызыктуу, ошол эле учурда түйшүктүү апта орун алмакчы. Финансылык планда ийгиликтер коштойт. Бирок колго түшкөн акчаны коротконго ашыкпай туруңуз, кийинки аптада керек болуп калышы мүмкүн. Туугандар арасында сиздин катышууңуз керек болгон иш-чара орун алат. Дем алышта уйкуну кандырып, стресстен качканга аракет кылуу зарыл.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Чаяндардын жашоосуна өзгөрүү кирчү апта, колдон келбеген иш жок экенине дагы бир жолу күбө болосуз. Аптада болгон аракетиңизди жумшаңыз, айрыкча жеке жашоого, сүйүүгө байланыштуу иштерде. Өткөн чакта кетирген каталарды эске алып, аны кайталабоого аракет кылуу зарыл. Сиз үчүн бул аптада эң ийгиликтүү күн болуп – шейшемби жана жекшемби эсептелет. Дал ушул күндөрү болбойт деген коркууларды жеңсеңиз жарашат. Апта соңу үй тиричилик иштери менен эле алек болосуз.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Аптанын алгачкы күндөрүндө билимге суусап, жаңы нерсе үйрөнүүгө, жаңы тажрыйбаларды көрүүгө умтуласыз. Ден соолук жаатта оору белгилерин “игнор” кылбай, дарыгерге кайрылуу, дарылануу сунушталат. Саякатка чыгууга эң сонун мезгил. Жумушта лидерлик сапатыңызды көрсөтсөңүз жарашат, колдоо табасыз. Жүрөгү бош жаачыларды позитивдүү, көңүлдүү жолугушуу күтүп турат. Ал адам менен сүйүү оту тутанбаса да, жакшы дос болуп калуу мүмкүнчүлүгү бар.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Бул күндөрү сиздин харизмаңыздын, сүйкүмдүүлүгүңүздүн деңгээли туу чокуга чыгат, кимдир бирөөнү багынтуу планыңызда бар болсо, алга! Дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби күндөрү жумуштагы тапшырмаларды так аткарганга аракет кылыңыз. Аптанын экинчи жарымы позитивдүү маанайда өтөт, достор менен жолугуп, активдүү эс алуу орун алышы күтүлөт. Апта соңу массаж, медитация, айтор, физикалык да, моралдык да жактан ырахат тартуулай турган эс алуу пландаңыз.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Сак болуңуз, айланаңызда энергияңызды тартып алчу “вампир-адамдар” активдешүүсү ыктымал. Таза абада көп сейилдеп, бейтааныш же чала тааныш адамдар менен көп байланышпаганга аракет кылыңыз. Чыгармачыл адамдарга эргүү келет, музасын табышы мүмкүн. Кол өнөрчүлүк менен алектенгендердин да иши алга жылмакчы, жаңы долбоор баштасаңыз да болот. Ден соолук жаатта спорт менен машыгып, жалпы физикалык активдүүлүктү жогорулатуу сунушталат.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Жакын адамыңыз менен байланыша албай кыжалат болууңуз мүмкүн. Көп санааркабаңыз, баары жакшы болот. Колуңузда бар нерсени баалап, шүгүр кылганды унутпаңыз. Жумушта майда-чүйдөгө көп көңүл бөлбөй, башкы тапшырманы аткарууга аракет кылуу керек. Жеке жашоодо түгөйүңүз сизге, сиз ага жооп кылып романтикалык көз ирмемдер орун алышы күтүлөт. Апта аягы күтүүсүз, бирок жагымдуу каржылык кабар алышыңыз мүмкүн. Дем алышты тынчтыкта өткөрүү сунушталат.