Биз социалдык тармакта

АУТОАГРЕССИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ? Ичке таарыныч топтобоңуз  

Психологияда “аутоагрессия” деген түшүнүк бар. Бул – сыртка чыкпай, ичте топтолгон терс сезимдердин жыйынтыгы.  Адамдагы нааразычылык, таарыныч, бук сыртка чыкпай, бара-бара адамдын өзүнө каршы иштей баштайт. Мындай кооптуу абалга эмнелер жеткирет? Андан кандай ыкмалар менен арылууга болот? Бул жаатта психолог Мээрим Төрөевадан маалымат алдык.

 

Адам өзүн төмөн баалай баштайт

Аутоагрессия бул – адам өзү билип туруп же аңдабастан өзүнө физикалык жана психикалык жактан зыян келтирүү. Башкача айтканда, адам өзүндө топтолгон агрессияны өзүнө жумшап, зыян келтирүүгө багытталган ойлонуунун жана жүрүм-турумдун туура эместиги. Өзүн бузуп, талкалоого жеткирүүчү абал.

Буга өзүн төмөн баалап, кемсинтүү, өзүн күнөөлөп, өзүн жей берүү, өзүн азап тарттыруу максатында денесине жаракат келтирүү, тамактануудан баш тартуу, өзүнө жакшы нерселерди ыраа көрбөө, туугандары менен баарлашуудан качуу сыяктуулар кирет. Өмүргө жана ден соолукка кооптуу адистикти, ишти, мисалы, экстремалдык спортту тандоо, жаман адаттарга ооп кетүү, алтургай суицидге жетүү да ушунун кесепети.  

Аутоагрессияга жеткирүүчү факторлор

 • Туура эмес тарбия. Кичинесинде ата-энеси балага мээрим төгүүнүн ордуна көбүнчө уруп-согуп, сындап, кемсинтип турушу. Колдоо көрсөтүү, баланын ою менен эсептешүү болгон эмес. “Жинденбе”, “жаман бала болбо”, “ыйлаба” деп тыйып, баланы ачуусун басканга үйрөтүү.

Бала ата-энеси, чөйрөсүндөгүлөр менен кантип мамиле курууну билбей өсөт. Ошондуктан мектепте да балдардын кемсинтүүсүнө, мугалимдердин түшүнбөстүгүнө кабылат, мүмкүн, окуудан аксайт. Ушунун айынан бала менен ата-эненин ортосунда чыр-чатактар чыгып турат. Бала өзүн таарынткан адамдарга ачуусун, каарын, жинин, таарынычтарын чыгара албагандыктан, анын баары ичинде сакталып кала берет. Балада “мен жаманмын”, “колумдан эч нерсе келбейт”, “уруш-талаштарга мен күнөөлүүмүн” деген сыяктуу ойлор калыптанган. Өзүн жек көрүп өсөт. 

• Идеологиялык фактор. Диний көз караштар адамдан айрым чектөө, тыюуларды талап кылат. Бул айрымдарда терс сапаттарды жаратат.

• Үй-бүлөсү жана жумушу боюнча үмүттөрүнүн акталбай калышы. Бирок бул маселени убагында чечпей, нааразычылыгын, келишпестигин тиешелүү адамдарга ачык айта албай жүрө берип, негативдердин ичинде чогулуусу. Бул – мамилелердин сакталып калышына, уруш-талаштан качууга жол ачканы менен, агрессия ичинде топтоло берет.

• Оорулар. Адам узакка созулган оорудан, колдоонун жоктугунан, депрессиядан азап тартат. “Менин эч кимге керегим жок” деген ойдон кутулбайт. 

Белгилеринин бири: Өзүнө жакшы нерсени ыраа көрбөйт 

• Физикалык белгилери. Ичтеги агрессиясын өзүнө оорутуу жаратуу менен чыгарат. Мисалы, бир жерин тиштегилейт же кесет, жарасын чукулайт, пирсинг тагат, татуировка тарттырат, бир жерин күйгүзөт. Жаракат алган жерлерин жашыруу үчүн жеңи узун кийимдерди киет. Тамак жебей же ашыкча жеп өзүн кыйнайт. Чарчаса да ашыкча иштеп, өзүн азапка салат. Кооптуу кырдаал, жагдайларга кабылууну көздөйт.  

• Психикалык белгилери. Өзүн төмөн баалоо, өзүнө жакшы сөз, кийим, тамак, сыйды ыраа көрбөө, өзүнө нааразы болуу, өзүн күнөөлөп, өзүн ичтен жей берүү. Депрессия. Кызыккан нерселердин азайып, жашоого каалоонун төмөндөшү, уйкунун  бузулушу.

• Рухий белгилери. Жогоруда айткандай, адам өзүнүн моралдык принциптеринин кулу болуп калган учурда туура жол таба албай ичимдик, тамеки, баңгизатка жакын болуп кетишинин мүмкүндүгү. Диний ишенимдерден улам кайсы бир ишке өзүн күнөөлүү сезүүдөн улам да жаман адаттарга жакын болуп кетишет. Айрымдар диний же саясий фанатка айланып, коом тарабынан жек көрүнөт.

• Социалдык белгилери. Өзүн элден чыгып калган адам катары санап, коомдон өзүн бөлөт. Туугандары, достору менен аралашуудан, алардан жардам алуудан качат.

Адис себептерин таап чыгат

• Эгер адам өзүнүн абалын баалоого чамасы жетсе психолог, психотерапевтке кайрылуусу кажет

• Ата-эне балдарынан, туугандарынан жогоруда айтылган белгилерди байкап калса, адиске алып барышы кажет. Өзгөчө булимия, анорексия, элге кошулбоо, өзүн артка тартуу, ичимдикке жакындык, суицидге барууга аракет кылуусу билинсе. Мугалим окуучусунан байкап калса, ата-энеси же социалдык педагог менен байланышып, жыйынтыгында баланы адиске текшертүүгө жетишүүсү кажет.

• Врач бейтаптан, жакындарынан сурамжылап, аутоагрессияга жеткирген себептерди таап чыгат. Атайын тесттерден өткөрөт жана башка. 

Психологиялык жактан айыктыруу жолдору

• Мындан кыска убакытта кутулуу мүмкүн эмес. Адистин жардамы менен өзүнө болгон мамилени акырындан өзгөртүү керектелет. Алгач өзүн сындай, жазалай баштаганын, өзүнө катуу талап коюп жатканын учурунда сезип, байкоого жетишүү сунушталат.

• Ички үнүн өзгөртүп баштоо зарылчылыгы чыгат. Мисалы, “мен жаман эмесмин, болгону ушинтип айта беришип, мени ынандырып коюшкан. Менин колумдан келет, мен керектүү нерсени үйрөнө алам, мен жакшы нерселерге татыктуумун” деген сыяктууларды мээге сиңире баштоо талап кылынат. Башында жасалмадай сезилет, бирок мээ акырындап буга көнөт.

• Ичтеги агрессияны сыртка чыгаруу үйрөтүлөт. Мисалы, ырдап, күлүп, жазып, сүйлөп же спорт менен машыгып.  

• Ата-эне баласынан аутоагрессиянын белгилерин байкаса, тарбиялоодогу кемчилигин моюндап, адистин кеңеши аркылуу жакшы ата-энеге айланууну, баланы психотерапиядан өткөрүүнү  көздөгөнү оң. Мисалы, баланы урушпай, ага жакын болуп, мээрим төгүп, ою менен эсептешип, сезимдерин түшүнүп. Бала жыйынтыгында өзүн коопсуз, керектүү сезиши зарыл. Баланын өзүнө болгон ишеничин, баалоосун өстүрүп, аракетин баалап туруу, жакшы көргөн нерсеси менен алектенүүсүнө мүмкүндүк берүү да чоң роль ойнойт.

• Терапияда врач антидепрессант жазып бериши мүмкүн.

• Акырындап адис түрдүү ыкмалар менен адамдагы аутоагрессияны жоюп, өзүн толук кандуу адам катары сезишине жеткирет.   

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1220, 8-14-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан