Сахнадан бир аз алыстап, күйөрмандарын сагындырган ырчы Назгүл Токтакунова менен маектештик. Алты жылдык тыныгуудан кийин ал сахнадан алыстоонун чыныгы себептери, үй-бүлөлүк бакыт, аялдык эркиндик жана ички комплекстерди жеңүү тууралуу ачык айтып берди. Сахнадан гана эмес, жашоодон да өз ордун таап, жаңы кадамдарга даярданып жаткан каарманыбыздын кызыктуу маеги сиздер үчүн.
– Назгүл айым, көп көрүнбөй калдыңыз, чыгармачылыкта элесизби же башка тармакка кеттиңизби?
– Сахнадан алыстаганымдын себеби – үй-бүлөлүк абалыма байланыштуу. Турмушка чыгып, эне болуу бактысына ээ болуп, убактымдын көбүн үй-бүлөмө арнадым. Бирок чыгармачылыктан таптакыр алыстаган жокмун, болгону сахнага чыкпай жүрдүм. Чыкпасам да, көшөгө артында эмгектендим десем болот. Ырларды жазып, продюсердик иштер менен алектенип жаттык. Өзүбүздүн гана эмес, казакстандык артисттерге да чыгармаларды жазып берип жүрдүк. Кыскасы, чыгармачылык процесс токтогон жок, болгону башка нукта иштеп жаттык.
– Акыркы 6 жылдан бери маектеше элек экенбиз, бул 6 жыл сизди канчалык өзгөрттү?
– (Күлүп) Бул алты жыл ичинде сырткы келбетим, тагыраагы, салмагым эле өзгөрбөсө, жан дүйнөмдө чоң деле өзгөрүү болгон жок. Бир аз арыктап, кайра толгон учурларым болду дебесем, мүнөзүм ошол бойдон. Ички сезимимде дагы деле ошол бойдонмун, ашыкча токтоо тартып, өзгөрүп кеттим деп айта албайм.
– Аялдык бакыт деген сиз үчүн эмне? Азыркы учурда сиз абдан баалаган нерселер эмнелер?
– Чынын айтсам, аялдык бакыт деген эмне экенин азырынча так аныктап айта албайм. Мен учурда өзүмдү кайрадан таанып жаткан учурум. Эгер мурун жашоого жеңил карап, камсыз жашап келсем, азыр өзүмө терең үңүлүп, аял катары өзүмдүн ички дүйнөмдү ачуунун жолундамын. Ошондуктан бул суроого эки ооз сөз менен жооп берүү кыйын. Бул мен үчүн дагы деле изденүүнү талап кылган терең түшүнүк. Мен үчүн аялдык бакыттын эң башкы шарты – коом тарабынан таңууланган ар кандай жарлыктардан эркин болуу. Бизде “аял мындай болушу керек”, “аял тигини гана кылышы керек” деген сыяктуу эски эрежелер абдан көп. Мен дагы бул жолду басып өттүм. Беш жыл бою кайын журт менен чогуу жашап, ашканадан чыкпаган келин болдум. Ал кездеги менин бүтүндөй жашоом, атүгүл социалдык тармактагы баракчам да тамак-аш, ашкана түйшүгү менен гана чектелчү. Учурда Бишкекте өз алдынча жашап жатабыз. Мурун “уят” же “болбойт” деп эсептелген нерселерге азыр өзүмө уруксат берүүнү үйрөндүм. Мисалы, үй иштерине жардамчы ашпозчу же бала багуучу алуунун эч кандай айыбы жок экенин түшүндүм. Тилекке каршы, биздин коомдо аялдар дагы деле “эл эмне дейт?” же “келин деген баарын кылышы керек” деген түшүнүктөр менен өздөрүнө чек коюп келишет. Мен үчүн азыркы таптагы эң баалуу нерсе – бул ички эркиндик жана өзүңдүн каалоолоруңа уруксат берүү. Жашоомдогу эң баалуу, маанилүүсү – бул албетте, балдарым.
– Коомдо аялдар кордолгон окуялар көп болууда, чыгармачыл адам катары андай кылмыштар сизге катуу тиеби?
– Бул тема менин жан дүйнөмдү катуу оорутат. Мен көп жылдан бери өзүмдүн социалдык тармактагы баракчаларым аркылуу коомдогу аялдарга карата зордук-зомбулук маселесин көтөрүп, кыз-келиндерге үн катып келем. Менин терең ишенимимде, аял киши турмушка чыкканга чейин эле өзүнүн сүйгөн кесибине ээ болуп, экономикалык жактан көз карандысыз болушу шарт. Эгер аял өз алдынча акча таап, бутуна бекем турса, ал кордукка азыраак кабылат беле деп ойлойм. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө көпчүлүк аялдар бара турган жери, таяна турган каржылык булагы жок болгондуктан, айласыздыктан зордук-зомбулукка чыдап жашап келишет. Мына ушул себептен мен ар дайым: “Кыздар, иштегиле, өзүңөрдү өнүктүргүлө!” деп айтуудан тажабайм. Өзүнүн жеке каржысы бар аял чечим кабыл алууда эркин болуп, өзүнө татыктуу жашоону тандай алат, менимче.
– Ушундай окуяларда эркектерди бир тараптуу күнөөлөп жаткан жокпу коом?
– Бул маселеде “эркектерди гана бир тараптуу күнөөлөө туурабы?” деген суроого так кесе жооп берүү кыйын, себеби турмушта ар кандай кырдаалдар болот. Бирок мен бир нерсеге бекем ишенем, кандай гана жагдай болбосун, эркек киши аял кишиге кол көтөрбөшү керек. Аялзаты табиятынан эмоционалдуу келет, бул анын өзгөчөлүгү. Маанайдын тез-тез өзгөрүп турушу же сезимдерге алдыруу – бул аялдарга мүнөздүү көрүнүш. Эркек киши мына ушул нерсени түшүнүү менен кабыл алышы зарыл. Эгер эркек өзүнүн ачуусун тизгиндей албай, алсыз аялга күч колдонсо, бул анын мырза катары алсыздыгын гана далилдейт. Менимче, өзүн сыйлаган эркек маселени зомбулук менен эмес, сабырдуулук жана акыл менен чечүүгө тийиш.
– Сахнага ылайык жүзүңүз, үнүңүз, келбетиңиз бар, кичине жалкоолук кылып жаткан жоксузбу?
– Мага бул суроону көп беришет: “Сахнага ылайык үнүң да, өңүң да бар, эмнеге чыкпай жүрөсүң?” дешип. Муну жалкоолук деп айтууга болбойт. Мен табиятымдан бир орунда тынч отура албаган, тынымсыз кыймылдагы адаммын. Эгер мени сахнадан көрбөсөңүз, демек, көшөгө артындагы иштер менен алекмин. Үй-бүлө, бала тарбиясы, конок тосуу сыяктуу тиричилик менен бирге, ар кандай иш-чараларды уюштуруу, блог жүргүзүү менен алек болуп келем. Чынында, менин сахнадан алыстап кеткениме жалкоолук эмес, ички ишенимдин жоктугу себеп болгон. Мен өзүмдү “сахна үчүн жетишерлик деңгээлде сулуу же таланттуу эмесмин” деп эсептечүмүн. Буга чейинки ырларымдын баары менин жеке демилгем эмес, продюсерлердин же кесиптештеримдин сунушу менен кокусунан жазылып калган чыгармалар болду. Акыркы бир жыл ичинде мен өзүмдүн үстүмдөн иштеп, ички комплекстеримди жеңип, өзүмдү болгонумдай кабыл алууну үйрөндүм. Азыр гана сахнага кайтууга ички даярдыгым бар экенин сезип, акырындан кадам таштай баштадым.
– Шоу-бизнесте дос-курбу катары кимдер менен жакшы мамиледесиз?
– Мен баары менен ачык жана жылуу мамиледе болууга аракет кылам. Ал эми эң жакын адамдарым катары чыгармачылык жолумду чогуу баштаган, бирге өсүп-өнүккөн кесиптештеримди айта алам. Алардын катарында Мирбек Атабеков, Омар бар.
– Жолдошуңуз Кубаныч мырза чыгармачылык менен эле алекпи?
– Ал киши негизи кесиби боюнча бизнес чөйрөсүндө эмгектенет. Бирок менин чыгармачылыгымды ар дайым колдоп, эң жакын кеңешчим жана жардамчым болуп келет. Менин көптөгөн ырларымдын жана долбоорлорумдун автору – дал ушул Кубаныч. Ал менин гана эмес, шоу-бизнестеги башка көптөгөн кесиптештеримдин ырларына текст, обон жазып берип жүрөт. Бирок ал өзүн чыгармачылыктын адамы катары ачыкка чыгарып, сахна артында жүргөндү жактырбайт. Ошондуктан көбү аны чыгармачылыктын ичиндеги адам деп ойлошу мүмкүн, бирок негизги иши бизнесте. Ал менин чыгармачылыктагы ишенимдүү таянычым десем жаңылышпайм
– Алдыга кандай максаттарды коюп жатасыз?
– Алдыга койгон пландарым тууралуу айтсам, азырынча глобалдык максаттарды коюп, шашылгым келбейт. Кудай буюрганды көрөбүз. Учурда өзүм сүйгөн иш менен акырындан алектенип жатам, чыгармачылык жолумду ушул нукта улантам деген ишенимдемин. Бирок мен үчүн эң башкы максат жана бакыт – үй-бүлөмдүн амандыгы. Эне катары балдарымдын эч нерседен кем болбой өсүп, татыктуу билим алып, бакубат жашоодо жашашына кам көрүү – менин биринчи кезектеги милдетим. Ошондой эле чыгармачыл инсан катары өз өлкөмдүн өнүгүүсүнө, маданиятына өз салымымды кошууну каалайм.
Асел Нурбекова