Камбар-Ата-1 ГЭСи жылына 6 миң гигаваттка жакын электр энергиясын иштеп чыгарат. Мындай маалымат Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун баяндамасында жазылат.
Фонддун эксперттери аталган ГЭС Кыргызстандагы эң ири энергетикалык долбоор экенин, анын Борбордук Азия чөлкөмү үчүн да мааниси чоң экенин белгилешет. Долбоордун ишке ашырылышы өлкөгө узак мөөнөттүү энергетикалык коопсуздук тартуулап, аймактагы өлкөлөрдүн кызматташтыгын бекемдей турганы айтылат.
– Кыргызстан жана ага кошуна өлкөлөр кышында, суроо-талап кескин жогорулаган учурда энергия жетишсиздигине кабылып жатышат. Бул энергетикалык коопсуздукту коркунучка кептөөдө. Божомолдорго ылайык, 2050-жылы чөлкөмдө энергетикага суроо-талап эки эсе өсө тургандыктан Борбордук Азия өлкөлөрүнө жеткиликтүү, ыңгайлуу жана туруктуу электр энергиясы абдан зарыл. Суу – Борбордук Азияда чечүүчү мааниге ээ. Чөлкөм 2040-жылы суу тартыштыгынын абдан жогорку тобокелчиликтерине кабылары болжолдонууда. Камбар-Ата-1 ГЭСи кышында электр энергиясын иштеп чыгаруу менен чөлкөмдө суу пайдаланууну жакшыртууга жол ачат,- деп айтылат фонддун баяндамасында.