Биз социалдык тармакта

Мас айдоочуларга жаза катаалдашат: Мыйзам кол коюуга жөнөтүлдү  

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдиргендей, Кыргызстанда мас абалда унаа айдаган айдоочуларга карата жаза чаралары катаалдаштырылат. Маалыматка ылайык, тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан үч окууда кабыл алынып, президенттин кол коюусуна жөнөтүлдү.

Учурда мас абалда рулга отурган айдоочулар 1 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылса, жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, бул мөөнөт 3 жылдан 10 жылга чейин узартылат. Мындан тышкары эгер мас айдоочунун айынан адамдар жаракат алса же каза тапса, күнөөлүү тарап 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Аталган башкармалыктын маалыматы боюнча, акыркы жылдары мас айдоочулардын катышуусундагы жол кырсыктарынын саны кескин көбөйүп, бул жагдай мыйзамды катаалдатууга негиз болгон.

Статистикага таянсак, Кыргызстанда 2026-жылдын алгачкы 3 айында эле жол кырсыгынан 148 адам каза тапты. Алардын 18и балдар. Жыл башынан бери (январь, февраль, март айлары) өлкөдө жалпы 1150 жол кырсыгы катталды. Жыл ичинде өлкө боюнча 7-8 миңдей жол кырсыгы катталып келет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1220, 8-14-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан