Биз социалдык тармакта

ИИМ жарандарды үй-бүлөлүк зомбулукту жашырбоого чакырат    

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун жана үй-бүлөлүк чыр-чатактардын алдын алуу иштери улантылып жатканын билдирет Ички иштер министрлиги.

Министрлик белгилегендей, коомдо зомбулуктун бардык түрлөрүнө: физикалык, психологиялык жана экономикалык зомбулукка каршы туруктуу түшүнүк калыптандыруу маанилүү. Чыр-чатактар диалог жана түшүнүшүү аркылуу чечилиши керек. Ошондой эле жарандарга үй-бүлөлүк зомбулук үчүн каралган укуктук жоопкерчилик жана жардам алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымдоо өзгөчө көңүл борборунда. Тиешелүү жардам укук коргоо органдары, кризистик борборлор жана социалдык кызматтар тарабынан көрсөтүлөрү кайрадан эскертилди. ИИМ жарандарды көйгөйлөрдү жашырбоого жана өз убагында жардам сурап кайрылууга чакырат. Белгиленгендей, бул – чыр-чатактардын күчөшүнүн алдын алып, жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга өбөлгө түзөт. Мындан тышкары тобокел тобундагы үй-бүлөлөр менен профилактикалык иштер жүргүзүлүп, түшүндүрүү иш-чаралары жана психологиялык колдоо көрсөтүлүп жатканы айтылды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1220, 8-14-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан