Биз социалдык тармакта

Кыргызстан-Сейшел аралдары алакасы активдешет 

Президент Садыр Жапаров 5-майда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстанга иш сапары менен келген Сейшел аралдарынын тышкы иштер министри Барри Фор менен жолугушту. Президенттик администрация билдиргендей, жолугушууда Кыргызстан менен Сейшел аралдарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланып, саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү багыттарына көңүл бурулду. Ошондой эле инвестиция, туризм, финансы жана санариптик технологиялар жаатында кызматташуунун келечеги каралды. Тараптар “Тамчы” атайын каржылык-инвестициялык аймагы жана “Учкун” ААКсы менен байланыш түзүү мүмкүнчүлүктөрүнө кызыкдар экенин билдиришти.

Мындан тышкары климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү сыяктуу эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, БУУ алкагында кызматташууну координациялоонун маанилүүлүгү белгиленди. Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкө кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин ырасташты.

Сейшел аралдары – Африканын чыгыш тарабында жайгашып, курамына 115 арал кирген мамлекет. Борбор шаары – Виктория.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1220, 8-14-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан