Биз социалдык тармакта

38 жаштагы аял баңгизат таратууга шектелүүдө     

Бишкек ШИИББинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан синтетикалык баңгизаттарды таратууга шектелген жаран кармалды.

Маалыматка ылайык, 5-майда борбор калаада белгисиз адам “закладка” ыкмасы аркылуу синтетикалык баңгизаттарды таратып жүргөнү тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө 1988-жылы туулган Б.У. аттуу жаран кармалган. Анын жанынан кара түстөгү термо-плёнкага оролгон 43 таңгак синтетикалык баңгизат табылган.

Мындан тышкары шектүүнүн көрсөтмөсүнүн негизинде мурда катылган “закладкалар” табылып, дагы 50 таңгак алынган. Жалпысынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 93 таңгак синтетикалык баңгизат алынганы белгилүү болду. Шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1220, 8-14-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан