Бишкекте милиция кызматкерине пара берүү аракети токтотулуп, шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Тергөөдө аныкталгандай, шектүү оор кылмыштар боюнча жоопкерчиликтен качуу максатында милиция кызматкерине акча сунуштаган. Бирок кызматкер бул тууралуу дароо жетекчиликке билдирип, натыйжада шектүү пара берип жаткан учурда кармалган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал 32 жашта.
Укук коргоо органдары жарандарды мыйзам талаптарын так сактоого чакырып, кызмат адамдарына пара берүү кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертти.