Биз социалдык тармакта

Сынык канат (ташталган баланын тагдыры тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда)

Илим кечинде кыйналчу. Күндүз иши менен алаксыйт. Бирок түн киргенде, айрыкча шамал терезени акырын каккылаганда ичиндеги бир сезим мыжыга берет. Ал сагынычтын аты – Тамчы… Анын атын ичинен айтканда деле жүрөгү сыздап кетет.

Илим көп нерсени унутууга аракет кылды. Жаңы адамдар, жаңы жолдор, жаңы үмүттөр.  Бирок Тамчынын үнү, карашы, унчукпай туруп түшүнгөнү жүрөгүнүн эң терең бурчунда сакталып калгандай.  Үйүнөн чыгып,  университет жактагы эски көпүрөгө барып отурду. Бул жерге Тамчы менен бир жолу келген. Ошондо Тамчы унчукпай сууну карап туруп “айрым нерселерди кармап калууга болбойт, ээ” деген. Илим ал сөздүн маанисин ошондо түшүнгөн эмес. Азыр гана түшүнүп жатат.

Ал колун чөнтөгүнө салды, бир кезде Тамчы белек кылган кичинекей буюм бар эле, ал да жок. Жоголуп кеткенби? Балким, өзү таштап жибергендир же убакыт  уурдап кеттиби? Эң жаманы – ал буюм эмес эле. Эң жаманы – жүрөгүндөгү жылуулуктун жоголгону болчу.

– Сен кайдасың азыр?- деди ичинен. Жооп болгон жок.

Бирок эртеси эле Тамчыга жолукту. Күздүн салкын жели элдерди акырын уйпалап жаткан. Студенттер шашылыш өтүп жатышты. Илим адаттагыдай эле эч кимге карабай, өз ойлору менен алек эле. Бир маалда… ал токтоп калды.Тамчы! Ал тепкичтин жанында туруптур. Колунда китеп, жүзү тынч, бирок көздөрү баягыдай эле терең. Илимдин жүрөгү катуу согуп кетти. Канчалык качкан сайын, тагдыр аны кайра эле ушул көз караш менен бетме-бет калтырып жаткандай.Экөө тең бир нече секунд унчукпай карап турушту.

–  Салам,- деди Тамчы акырын.

– Салам…- Илимдин үнү өзү күтпөгөндөй жумшак чыкты.

– Таанымаксан болуп өтүп кетейин дедиң эле, ээ?- деди Тамчы тамаша аралаш.

– Жок, сүйүндүм сени көрүп, атамдар кандай турушат? Апамчы?

– Жакшы эле, Казат ата бүгүн массаж алуусу керек эле. Баса, ал мени ата деп айт деди, мен да макул болдум. 

Экөө катар басып калышты.

– Кандайсың?

– Жакшымын.

– Чынында кандайсың, “жакшымын” деп эле кутулуп кетпей, чынын айт,- деди Тамчы көзүн кысып.

Илим күлүп жиберди.

– Макул, чынын  айтсам… Кээде жакшы, кээде жөн эле “аман калуу режиминдемин”.

– Мен болсо “дедлайндардан аман чыксам болду” деген философия менен жашап жатам. Толтура модуль, тапшырмалар бар...- деди ал колундагы чоң сумкасын көрсөтүп.

– Кызык философия экен. Кимден үйрөндүң?

– Жашоо өзү үйрөттү, “устатым” абдан катуу,- деди Тамчы олуттуу түр көрсөтүп, кабагын бүркөп Казат атаны туурап туруп, кайра күлүп жиберди.

Экөө тең күлкүгө чөмүлүштү. Бир жеңилдик сезилди мамилелеринде. Тамчы азамат, атайы ушундай жеңил мамилеге өтүүнү туура көргөн окшобойбу.

– Сен өзгөргөн жоксуң, ээ?- деди Илим мээрим менен кызды тиктеп. Чачтары желге ыргалып, бул кыз азыр анын көзүндө эң сүйкүмдүү көрүндү. Көздөрү кайгылуу болгону менен, жаштыктын жеңилдиги бар эле. 

– Сен да. Болгону мурда азыраак күлчү элең,- деп Тамчы аны карап койду. – Азыр бир аз "адам" болуп калыпсың. Көп күлүп дегеним, олуттуу боло берген жарашпайт сага...

 

– Демек, мурда адам эмес белем?- Илим кашын көтөрдү.

– Жок, анда сен “ойдун ичинде жашаган философ” элең, азыр болсо…- ал токтоп калды.

– Азырчы?

– Азыр ошол эле философсуң, бирок кээде сыртка чыгып сейилдеп, элди, кыздарды байкап кала турган адамга айланыпсың,- деди Тамчы тамаша менен.

Илим башын чайкап катуу  күлдү.

– Сенин мага койгон “диагнозуң” так экен. Браво!

– Албетте, мен деген профессионалмын да,- деди Тамчы өзүн мактап. – Психологияны оңдоо боюнча адисмин.

– Анда мага жардам керек окшойт.

– Кечиресиң, бүгүнкү “квота” бүттү,- деди Тамчы дароо. – Бирок сен жакшы абалда көрүнүп жатасың, бекер эле кайрылыпсың.

Экөө тепкичке отурушту.

– Эсиңдеби, сен дайыма ушундай жерде отуруп, чоң-чоң ойлорду айтчу элең?- деди Тамчы.

– Эсимде.

– Мен болсо жарымын түшүнбөй, бирок башымды ийкеп отура берчүмүн,- деп Тамчы күлдү.

– Демек, сен мени алдаган турбайсыңбы?

– Жок, мен жөн гана сенин маанайыңды бузбай койгом,- деди ал жылмайып.

 

Илим бир азга унчукпай калды, анан ага тике карады.

– Рахмат анда.

– Эмне үчүн?

– Болгонуң үчүн. Тек гана бар экениң үчүн рахмат...

Тамчы аны карап калды, бирок тереңдеткен жок.

– Кел, бир кофе ичелиби?- деди ал күтүүсүздөн. – Бүгүн мен чакырам. Маянамды алдым.

–Чын элеби? Бул чоң окуя го,- Илим кашын көтөрө берди тамашалай.

– Ооба, “тарыхый күн” деп жазып кой,- деди Тамчы. – Бирок ашыкча сүйүнбө, бул бир жолку гана “акция”.

– Макул, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайм,- деди Илим.

Экөө ордунан туруп, катар басып кофейняга бара жатышты. Ортодогу аралык жоголгондой жеңил сезишти.

Кээде жөн эле сүйлөшүү, эч нерсени татаалдаштырбай, жеңил күлүү сонун тура. Кофейнянын ичи жыпар жыттанып, жай музыка акырын жаңырып турду. Терезе жанындагы столдо Илим менен Тамчы отурушкан. Экөөнүн ортосунда буу чыгып турган кофе, анан көптөн бери жоголгон бир жылуулук бар эле.

– Демек, сен азыр “расмий кофе чакыруучу” болуп калдыңбы?- деди Илим  тамашалай.

– Ооба, бирок тандалма кардарларга гана. Баары эле мындай бакытка жетпейт.

– Анда мен өзүмдү өзгөчө сезип коёюнбу?

– Бир аз эле, ашыкча эмес,- деди ал.

Экөө тең күлүп жиберишти.

– Чынын айтсам, ушундай жөн эле отуруп сүйлөшкөндү сагыныптырмын.

Тамчы көзүн көтөрбөй жооп берди.

– Кээде жөнөкөй нерселер – эң жетишпеген нерселер.

Илим ага карап калды. Айтчу көп сөз бар эле, бирок ал сөздөрү кыздын маанайын  бузуп коё тургандай сезилди. Ошол маалда кафенин эшиги ачылды. Илим көзүнүн кыры менен карап, дароо жүзү өзгөрүп кетти.

– Илим?

Жаңы келген кыз түз эле алардын столуна жакындады. Бул – Арина эле.

Ал өзүнө ишенген, суйкайган  кыз эле. Көптөр кылчайып карап калышты. Харизмасы башкача эле, муну Тамчы да сезип турду. Өзүн жаман сезип кетти.

– Салам…- деди Илим ордунан жарым туруп.

Тамчы жөн гана карап калды.

– Салам,- деди Арина.

Анын үнүндө жумшактык бар эле, бирок суроонун алдында  бир нерсе жашынып тургандай.

– Биз жөн эле кофе ичкени киргенбиз,- деди Илим шашыла.

Арина көзүн Тамчыга бурду.

– Тааныштырбайсыңбы?

– Бул… Тамчы.

Арина аны текебер тиктеп турду.

– Салам,- деди Тамчы токтоо. – Биз университеттен таанышпыз.

– Арина.

Экөө тең көздөрүн тартып кетпей тиреше тиктешип турушту.

– Кызык, сен мага бул кыз тууралуу айткан эмессиң го.

Илим эмне дээрин билбей калды.

–  Түшүнүктүү...

Арина жылмайгандай болду, бирок көзү жылмайган жок. Тамчы кофесин  акырын столго койду.

– Мен барайын,- деди ал жай.

– Жок, отура тур…- деп Илим дароо айтты, бирок үнү ишенимсиз чыкты.

Тамчы башын чайкады.

– Жок, сабагым бар эле,- деди да, кофенин акчасын төлөп, эшикке бет алды. Тамчы чыгып кетти. Арина Илимге карады.

– “Жөн эле тааныш” дейсиңби?- деди ал түз.

Илим көзүн ала качты.

– Мен жөн гана бир нерсени түшүнгүм келет. Сен бул жерде ким менен отурдуң?

– ...

– Мен урушайын деген жокмун. Болгону ордумду билгим келет.

– Сенин ордуң бар.

– Хм, сенин жүрөгүңдөбү?- деди Арина.

Бул жолу да Илим жооп бере алган жок.

– Анда сен суроону өзүң менен өзүң такташ. Жоопту күтүп отурчу адам эмесмин!

Ал бурулуп, жай басып чыгып кетти.

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1220, 8-14-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан