Биз социалдык тармакта

БУТ КИЙИМ ӨЙКӨГӨН БУТКА БИРИНЧИ ЖАРДАМ

Жаңы бут кийим кийип койкоңдоп жүргөн кандай жакшы. Бирок ошол кубануу сезимин бузган нерсе – буттун өйкөлүшү. Ал учурда болгон кубанычың өчүп, бут кийимиңди чечип ыргытып ийип чуркап кеткиң келет. Өйкөбөгөн бут кийим алуу үчүн эмне кылуу керек? Негизгиси буттун өлчөмүн так билүү зарыл. Жаш өткөн сайын, салмак өзгөргөн сайын жана кайсы бир ооруларга жараша буттун өлчөмү өзгөрүп кетиши толук мүмкүн. Жаңы бут кийимди күндүн экинчи жарымында сатып алган туура, бул убакта бут шишип калган болот.

Экинчиден, бут кийимдин моделин тамандын формасына ылайык тандоо керек. Туурасы жоон бутка ичке формадагы бут кийим сатып алсаңыз, бир аз баскандан кийин эле кысып, дүйнө тар боло баштайт.

Үчүнчүдөн, бут кийим менен бут бири-бирине “көнүүсү” үчүн да убакыт керек. Жаңы бут кийимди бир күн кечке кийип жүрсөңүз өйкөйт. Андыктан сатып алгандан кийин үйгө коюп, аз-аздан ары-бери басып, кайра чечип коюп бутту көндүрсөңүз жакшы.

Төртүнчүдөн, табигый материалдан тигилген бут кийимдер бутка жакшы отурат. Жумшак, ийилчээк, териден тигилген сапаттуу бут кийим алганга аракет кылуу зарыл.

 

Жардам берүү

 Бутуңуз өйкөлүп, бирок үйдөн алыс болсоңуз, өйкөлгөн жерге пластырь чаптоо керек. Ал тери менен бут кийимдин ортосуна туруп, андан ары өйкөлүүсүнө тоскоол болот.

  Эгер өйкөлгөн жер канап, ыйлаакча жарылып кетсе (ичине суу толгон ыйлаакчаны өз алдынча жарууга болбойт, инфекция кирет), атайын антисептикалык крем же мазь сүйкөйбүз, инфекция кирбеши үчүн.

 Үйгө жеткенде жабыркаган жерге муздак компресс (10-15 мүнөт) жасаңыз, ооруганы басаңдайт, шишиги тарайт.

 Таза сууга жууп, кургатып, кайра антисептик крем сүйкөө керек.

 Анан гидроколлоиддик пластырь чаптоо зарыл (бардык дарыканаларда сатылат).

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1220, 8-14-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан