Дамира Баратбаева – белгилүү актриса, учурда Нарын академиялык музыкалык драма театрында эмгектенет. Бул жолу актриса айым сахнадагы жана гастролдогу кызыктары, күлкүлүү окуялары, чыгармачылыктын түйшүктүү жолу тууралуу кеп кылып берди.
“Спектаклде чындап муунтуп салган”
– 1973-жыл болуш керек, театрда Уильям Шекспирдин “Отеллосун” койдук. Кыргыз Республикасынын Эл артисти Капар Медетбеков агай Отеллонун, мен Дездемонанын ролундамын. Агай 42 жашта, мен 18 жаштамын. Спектаклдин премьерасына ошол кездеги маданият министри Күлүйпа Кондучалова баш болгон делегация, Нарын облустук аткаруу комитетинин 3-катчысы келди. Зал толо көрүүчү, арасында ата-энем да бар. Аткарып жатабыз. Отелло монологун айтып бүтүп, Дездемонаны муунткан жерине келдик. Уктоочу бөлмөдөгү көрүнүш, шам күйүп турат. Отелло келди да, мени – Дездемонаны муунта баштады. Байкасам, чындап эле муунтуп жатат, демим чыкпай, көзүмдөн “чаар чымындар” учуп баштады. Ошондо эсим ооп калыптыр. Оозумдан ак көбүк чыкканын жарык берүүчү адис көрүп калып, көшөгөнү жаап жибериптир. Артисттер Капар агайдын менин моюнумду кысып карышкан колун бошото башташат. Эсиме келсем, облустук аткаруу комитетинин катчысы мени көтөрүп турат. Эсиме келтирүү үчүн бетиме суу чачышкан экен, үстү-башым бүт суу. Бир аз тыныгуудан кийин спектаклди улантып, аягына чыгардык. Капар агай “кечирип кой, кызым, образга кирип кетиптирмин” деп кутулду. 1,5 ай моюнум көк ала болуп, жакшы боло албай жүрдүм.
“3 метр бийиктиктен таштап жиберишкен”
– Бир жолу Касымалы Баялиновдун “Ажар” повестинин негизинде “Ажар” спектаклин коймой болдук. Ажардын ролуна Сайра Момунбаева, апасынын ролуна Тамара Жумакаева бекитилди. Режиссёр мени Ажардын апасы өлгөн учурда кемпирлер менен бирге кошок кошосуң деп ага бөлдү. Күндө репетиция... Спектаклди койгонго 1 апта калганда Тамара эже ооруп калды. Режиссёр эми эмне кылабыз дегенде “анын ролун мен ойносом болобу, репетицияда сөздөрүн жаттап алгам?” дедим. Сүйүнүп эле макул болду. Премьера койчу күн келди. Режиссёр мага “ролуң боюнча жөн эле өлүп калбайсың, ал эпизодду күчөтөбүз. Сахнанын төбөсүнөн аркан түшүрүлөт. Ошону кармап, алгач 3-4 тегеренесиң. Анан төбөдө турган балдар арканды өйдө тартышат, сен өйдө көтөрүлөсүң. Анан арканды акырын түшүрүшөт, жерге түшкөндө өлөсүң” деди. Макул дедим. Ошентип ошол жерине жеткенибизде балдар арканды 3 метрдей өйдө көтөрүштү. Анан колдору карышып кеттиби, айтор, дароо коё беришти эле бийиктен полго “тарс” эте кулап түштүм. Эсим ооп калыптыр. Спектаклдеги Ажар “апа, апа!” десе, бир эсиме келип көзүмдү ачканымды билем, кайра өзүмдү жоготтум. Артисттер мени образ үчүн өлдү дешип, бейкапар сценарий боюнча бетиме ак мата жаап, кемпирлер кошок кошушат. Анан мени зембилге салып көтөрүп барып, дөбөчө жерге “көмүшөт”. Ошондо эсим ооп калганын Сайра сезип калып, дароо “Тез жардам” чакырышыптыр. Көзүмдү ачсам, маңдайымда ак халатчандар турушат...
“Ат ала качып кетти, кыйкырып мен баратам...”
– Союз кезинде 7-ноябрды майрамдоо салт эле. 1974-жыл, Нарында ипподромдо ат чабыш болору күтүлүп жатты. Анын алдында бизди атчан, улуттук кийимчен кылып параддан өткөрмөй болушту. Капар Медетбеков агайды Курманбек, мени Айганыштын образында кийинтишти. Мага башкарманын күлүк ак боз атын алып келишти. Башкарма “бул атка аялзатын мингизчү эмес элек. Кокус ала качып кетсе, башын тарта албай калбайбы?” деп эскертти. Режиссёр “акырын эле бастырат” деп койду. Ошентип артыбыздан атчан бир нече артист ээрчип, параддан жаңы эле өтүп баштаганыбызда мен минген атты бирөө чаап жиберди эле, ала качып кетсе болобу?! Башын тартсам токтобойт. Ой-тоону аралаган бойдон кеттим. Шөкүлөм учуп, чачым жазылып, кыйкырып мен баратам... Артымдан атчан бир жигит кубалап, жетпей ал келе жатат. Акырында 10 чакты атчан аттары менен тегеректеп, атты зорго токтотушту. Ошондо ат үстүнөн учуп кетсем не болмок, билбейм. Анан башка жоош ат таап келип, ошого мингизишти. Параддан кайра өттүк.
“Селкинчектен учуп кетип эсим ооп...”
– Бир ирет “Аксаткын менен Кулмырзаны” коймой болдук. Мен Аксаткындын ролундамын. Анын селкинчек тепкен жери бар. Режиссёр кыздарга “акырын күүлөнткүлө, Дамира учуп кетпесин” деп алдын ала эскерткен. Анан эле премьерада мени күүлөнткөн 2 кыздын бири же экөөсү тең атайын кылдыбы, айтор, жайдан баштап, анан катуу күүлөнтүп жиберишти. Колум аркандан бошоп кетип, учуп барып кулап, эсим ооп калыптыр. Эсиме келсем, артисттер мени тегеректеп жүрүшөт. Мында да Кудай сактап аман калгам.
“50 жаштагы Койсун Карасартова эжени ала качып кетишип...”
– Жумгалдын Кызарт айылына спектакль коюп барып калдык. Койсун Карасартова эже кыргыз көйнөк, чыптама, топу кийип алган. Арык, койкойгон, сулуу эженин салмагы 45 килограммдай эле болчу. Ошол кечте айылдык балдар бир кызды ала качмак болушат. Үйүнө барышса, ал кыз чыкпай коёт. Чала кызуу немелер эми эмне кылабыз деп келе жаткан кезде Койсун эже сыртка чыгып калбайбы. Ушул кызды ала качабыз деп караңгыда машинага салып кетишет. Жолдо эже “балдар, мен актриса Койсун Карасартовамын” десе, алар “муну күйөөңө айтасың” деп кулак кагышпайт. Барганда 2 кемпир жоолук көтөрүп жөнөшөт. Аларды көрүп “ой, мен Койсун Карасартовамын” деп кыйкырат. Муну угуп кемпирлердин келмеси оозунан түшүп калат. Балдар болсо качып жоголушат.
Муну биз билбейбиз. Спектакль коёрдо эле Койсун эжени таппай калдык. Анын ордуна сахнага мени чыгарышты, спектакль бүттү. Эжени издеп жөнөдүк. Сейитказы Андабеков агай “эжеңерди карабай кайда жүрдүңөр? Тапкыла эми! Бир нерсе болуп калса эмне болот?” деп бизди “кууруп” жатат. Эшиктеги балдардан сурасак, “ала качып кетишти” деп бир көчө тарапты көрсөтүштү. Барсак, Койсун эже кемпирлер менен төрдө жай баракат сүттөп чай ичип отурат. Көрсө, караңгыда кайда бармак элем, издеп келишет да деп бизди күтүп отурган экен.
Сейитказы агай “балдарыңар эмнеге менин аялымды ала качышат?” деп кыйкырып сала берди. Алар “жаш кыз экен деп ала качып алышыптыр” деп кечирим сурашып, 1 кой союп бизди сыйлашты. “Уят болдук, муну эми эч кимге айта көрбөгүлө” деп суранышты. Эртеси башка айылга спектакль коюп барганыбызда агай “Кызарттын балдарындай болуп менин аялымды эми силер ала качып кетпегиле” деп элди күлдүргөн.
“Там-туң баскан кызыбыз сахнада кошо ырдаганда...”
– Жолдошум Адылбек Кыязов экөөбүз чогуу иштейбиз да. Ошко гастролдоп барып калдык. Там-туң басып калган кызыбызды кошо алып алган элек. Жайдын күнү, күн ысык. Ал уктап калса көшөгөнүн артына үстүн чечип, шортычан эле жаткызып койгонбуз. Жолдошум экөөбүздүн кезегибиз келип сахнада ырдап баштасак эле көрүүчүлөр күлүшөт. “Эмне болду?” деп үстү-башымды карап коём. Ырдап жатып Адылбек деле күлөт. Көрсө, кызыбыз сахнага чыгып алып, аккордеон тартып жаткан атасынын эки бутунун ортосунан башын чыгарып алып кошо ырдап жатыптыр.
Канымжан Усупбекова