Биз социалдык тармакта

АСПИРИН: ЛЕГЕНДАРЛУУ ДАРЫНЫН ТАРЫХЫ

"Туулган күнү" – 6-март                          

Илгери адамдар мажүрүм талдын кабыгы баш ооруга жардам берерин билишкен. Кабыгын чайнашкан, ошондой эле кабыктын сууга кайнатмасын ичишкен. Кабыктын дарылык касиети – анын курамында салицил кислотасынын бар экендигинде. Аталган кислота табылгыда да бар. Ошондуктан 1897-жылы 10-августта немис химиги Феликс Хоффан табылгыдан салицил кислотасын синтездөө жолу менен алып, андан аспирин жасаган. Жаңы дары аркылуу муун оорусу менен ооруп жүргөн атасына жардам берүүнү көздөгөнү айтылат. Атасына канчалык жардам бергени белгисиз. Аталган дары 1899-жылы 6-мартта Германияда каттоодөн өтүп, сатыкта пайда болгон. Башкача айтканда, 6-март – аспириндин “туулган күнү”. Алгач дене тапты түшүрүүчү касиети гана белгилүү болгон. Убакыт өтүп анын ооруну басуучу, сезгенүүгө каршы касиети да бар экени билинген. 1904-жылга чейин упа түрүндө, кийин таблетка формасында чыгарыла баштаган.

 

Мунайдан синтездеп алышкан                 

Биринчи дүйнөлүк согуш мезгилинде Орусияга сырттан товарлардын келиши   мүмкүн болбой калат. Товарлардын ичинен эң керектүүсү дарылар болгон. Аларды Германиядан алышчу. Өлкө башчылар тарабынан мындай абалдан чыгуу жагы каралат. Анткени жарадар аскерлерди айыктырууга аспирин керек эле. Казань университетинде профессор Александр Арбузов башында турган илимий топту түзүүгө буйрук чыгарылат. Аспиринди синтездеп алуу дал ошолорго тапшырылат. Университеттин химиялык лабороториясы база болуп бекитилет. Ошентип көп аракеттердин артында 1915-жылы мунайдан синтездеп салицил кислотасын алууга, андан аспирин жасоого жетишишет. Ошентип аспиринди мунайды иштетүү жолу менен да алууга болору аныкталат. Синтездөө ыкмасын кененирээк айтсак, алгач бензолдон толуол углеводороду, андан бензой кислотасы менен чайыры, андан салицил кислотасы алынып, анан аспирин жасалат. Ошентип күнүгө бир канча килограмм аспирин чыгарыла баштайт. Орусиялык окумуштуулар мындай аспиринди табылгыдан алынчу түрүнөн айырмасы жок, таасири бирдей дешкен.

Илим, фармацевтика өнүккөндөн тартып салицил кислотасы натрийдин феноляты, көмүр кычкылгазынын жана башкалардын реакцияларынан алынып, анан аспирин жасалат. Учурда бул дары 50дөн ашык аталыш менен чыгарылат. Мисалы, аспирин, кардио, кардиомагнил, тромбо АСС, парацетамол. 1 жылда дүйнөдө 80 миллиарддан ашык таблетка сатылат деген маалымат бар.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1220, 8-14-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан