Биз социалдык тармакта

Келдибек Ниязов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “АСАНКУЛ ШАРШЕНОВ АГАЙ МЕНЕН 30 ЖЫЛ ИШТЕШТИМ”  

Белгилүү куудул, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Келдибек Ниязов куудулдук өнөрдүн бүгүнкү алптарынын бири. Коомдогу окуяларды, адамдардын кылык-жоруктарын, атактуулардын айткан-дегендерин сатиранын тегирменине салып, элге күлкү тартуулоонун нагыз устасы десек жарашат. Келдибек агай чыгармачылыкта басып өткөн жолу, өзү бирге иштешкен залкарлар, устаты, кызыктуу окуялары тууралуу кеп салып берди. 

 

– Келдибек агай, куудул деген сөздүн чечмелениши бар дегениңизди уктум эле, ошону айтып берсеңиз... 

– Мен улуттук филармонияда залкарлар менен иштешип калбадымбы. Бир күнү концертке чыгар алдында аларга “төкмө төгөт, манасчы "Манас" айтат, комузчу комуз чертет. Анан эмнеге бизди куудул дешет, бул эмнени билдирет?” деп суроо бердим. Алар бири-бирин карашып “бул суроону кабыргасынан койду го. Кимиң билесиң, эмнени түшүндүрөт бул сөз?” деп калышты. Ар кими өз божомолун айтып киришти. Бир кезде Токтосун Тыныбеков “эстедим, Калык атам айтчу эле, бул эки сөздөн куралган: “куу” анан “дулдул” деп калды. Ошентип чечмелениши табылды. “Куу – айлакер, тапкыч дегенди билдирсе, дулдул – кайраттуу, чаалыкпас дегенди түшүндүрөт. Тилге жатык болсун деп кийин куудул болуп кеткен го” дешти.

– Окууну бүткөндөн кийин филармонияда иштеп жүрдүңүз. Устатыңыз Асанкул Шаршеновдун колуна кандай түшүп калганыңыз кызык...

– Асанкул агай менен бирге иштешкен Тууганбай Абдиев жогорку окуу жайга тапшырып кетип, агайдын сахналаш өнөктөшү жок калат. Ошентип жетекчилик мени анын ордуна дайындашмак болот. Мага айтышты эле, алгач болбодум. Анткени мен ал кезде Чоро Кожомжаровдун эстрадалык тобунда иштеп жүргөн элем. Бир күнү Чоро агай “эстрада убактылуу нерсе, кийин мен деле музыкант болуп кетем. Сен Асанкул агайдын жанына барсаң талантың мындан да ачылат” деди. Макул болуп, филармонияда 50 жылдан ашык, ал эми Асанкул агай менен 30 жыл чогуу иштедим.

– Филармониянын түзүлгөнү, алгачкы ишмердүүлүгү тууралуу кандай маалыматтарды айта аласыз?  

– 1936-жылы таланттуу инсандардын кароо-сынактары алгач райондук, анан облустук деңгээлде өтүп, жеңгендер республикалык сынакка келишет. Баарын Фрунзедеги “Дыйкандар үйү” мейманканасына топтошот. Алардын арасында Калык Акиев, Муса Баетов, Жумамүдүн Шералиев, Мыскал Өмүрканова, Ыбырай Туманов, Карамолдо Орозов, Атай Огомбаев, Мураталы Күрөңкеев жана башкалар болот. Эң улуусу Мураталы агай 70те экен. Ошондо алар биринчи жолу “светти” көрүшөт.

Уктаарга келгенде Мураталы ата “мен кыл кыягымдын кылын оңдоп, анан жатайын” дейт. Баары укташат. Мураталы ата кыл кыягын оңдоп бүтүп, лампочканы өчүрөйүн деп үйлөйт, желпийт, өчпөйт... Бирөөнү ойготоюн дейт, баары уктап жатат. Анан маасысын лампочкага кийгизип, чулгоосу менен байлап жатып алат. Эртең менен теринин быкшып күйгөн жытынан ойгонуп тура калышса, маасынын бир капталы тешилип күйүп жатат дейт. Ошол күнү чоң сахнада концерт беришет.

Өкмөт ошол таланттууларды кетирбей филармония түзүүгө, аларды иштетүүгө чечим чыгарат. 1936-жылы 7-октябрда Кыргыз музыкалык драма театрында СССРдин Эл артисти Пётр Шубиндин жетекчилиги менен 16 кишиден турган Кыргыз эл аспаптар оркестри, анан концерттик топ уюшулат. Ошол жылдын  29-октябрында филармония түзүлөт. Анын алгачкы тобун 41 ырчы, комузчу, обончу, манасчы, куудул, эл аспаптар оркестри,  хор, комузчулар ансамбли, үйлөмө аспаптар оркестри түзгөн.

Асанкан Жумакматовдун кийин эскерип айтканы бар: Эл аспаптар оркестри биринчи жолу Ысык-Көлдүн Корумду деген жеринде дөңдө концерт беришет. Эл көп келет. Алды жакта аксакалдар уй мүйүз тартып отурушат дейт, баарынын колунда таяк. Оркестр ойноп, Асанкан Жумакматов алдыда дирижёрлук кылып жатса, далы ортосуна 2-3 жолу бир нерсе “дүңк” деп тиет. Артына кылчайып караса, бир абышка “эй, калдаңдабай нары тур. Биз балдардын өңү-түсүн, ойногонун көрөлү деп келдик. Сен тосуп алып жатасың” деп урушуптур. Көрсө, ошол абышка таягы менен жонго урган экен да. Ошондо Жумакматов биринчи жолу оркестрдин капталына туруп алып дирижёрлук кылыптыр.

– Кызык маалымат экен. Ал эми сиз алып баруучу катары кантип кадам таштап, такшалдыңыз?

– Германияда аскердик кызмат өтөп жүргөн кезде СССРдеги белгилүү артисттер келип, жоокерлер үчүн концерт коюшчу. Ошондо алып баруучуларын көрүп, мен окуп жаткан окуу жайдагы көркөм окуу бөлүмү ушундай адистерди даярдайт тура деп калдым. Сахнага жалгыз чыгып эле элди күлдүрсө болорун ошолордон билдим. Ошентип өзүмдү такшалтып, кийин бул өнөрүм “Мыскыл жана тамашаны” алып бара баштаганымда ачылды. 

– Союз кулап, жашоо кыйындаган мезгилдерде куудулдук өнөрдү аркалоо, сактап калуу кыйын болдубу?

– Ошол кыйын кезеңде концерт коюп барсак эл көп келет эле, бирок акчалары жок. Бекер кылалы десек, биздин да өз турмушубуз бар. Бир жолу Ысык-Көл тарапка барганыбызда афишага “1 билеттин баасы 1 литр варенье” деп жазып койдук. Эл вареньесин көтөрүп келип жатты. Кетерде санасак, ар бирибизге 20-25 банкадан тийди. Эл сары майын, коюн жетелеп келип, билетке алмаштырган учурлар болду. Ошентип тизе бүкпөй, болгон аракетибизди кылып, куудулдук өнөрдү сактап калдык десек болот.

– Азыркы тапта кыргызда сатира жанры аксап жатабы?   

– Убагында сатираны Мидин Алыбаев, Райкан Шүкүрбеков, Байдылда Сарногоев жазган. Алардын сатираларынын негизинде сахналаштырылган интермедиялар кылым өтсө да алиге чейин көрөрмандарга күлкү тартуулап келет. Негизи сахнага ылайыкташтырып, сапаттуу сатира жазуу кыйын нерсе. Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматов да “сатира жаратуу татаал” деп айтчу. Бул жаатта профессионалдуулук аксап жатат. Күлкү жанрынын оордугунан улам бул тармакка тартылган артисттердин да саны аз болот.

– Азыркы куудулдардын дараметине кандай баа бересиз?

– Куудулдардын башын кошкон уюм, аларга бөлүнгөн имарат, аларды сахнага даярдоочу, эмнелер болот, эмнелер болбой турганын айтып, баш-көздүк кылчу жетекчи болсо болмок. Сатириктерге жакшы шарт түзүлсө, гонорары төлөнсө, анан тиги жетекчи иштесе, тармак алдыга кетмек. Азыркы куудулдардын ар кимиси өз дараметине жараша бул өнөрдү тартып келе жатышат.  

– Кыргыздын бир топ залкарлары менен иштешип калдыңыз. Алардын эл билбеген өнөрлөрү тууралуу да кеп салып берсеңиз...

– Сүймөнкул Чокморов тууралуу айтып берейин. Биз аны Сүкө дечү элек, көп кырдуу талант эле. Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Чыңгыз Айтматов, Таттыбүбү Турсунбаеваны туурап баарыбызды күлдүрчү. Бирөөнүн сүйлөгөнүн туураганда үнү ошол адамдын эле өзүндөй болуп калчу. Асанкул Шаршенов менен абдан жакын эле. Ооруп, аппаратын көкүрөгүнө көтөрүп жүргөнүнө карабай Асанкул агай ойногон “Бегай” спектаклине келген. Жарым саат сайын төшөккө жатып-турууга аргасыз болуп калган киши 1 саат 40 мүнөт спектакль бүткүчө отурган. Соңунда сахнага чыгып, “күлкү – ден соолуктун мүлкү экенине чындап ишендим” деген эле.

– Асанкул агай Дооронбек Садырбаевдин “Арман” киносуна тартылган эмеспи. Ошондо бийиктен велосипедчен түшүп келе жатып “Сүкөш, карма!” деген жери бар. Сүкөш деген ким эле?

– Киного тартыш үчүн Асанкул агайга жаман велосипед беришет, ал тээп үйрөнөт. Дооронбек агай ылдый жакка 2-3 КамАЗ саман төктүрүп коёт. Асанкул агай “муну эмнеге төктүрдүңөр?” деп сураса, Дооронбек агай башка бир нерсени шылтоолоп коёт. “Бийиктен түшүп келе жатып ылдыйраак келгенде тормоз тээп, анан “Кудай сакта!” деп 2 ирет кыйкыр” дейт. Асанкул агай макул болот. Аны “кийинип чыгыңыз” деп үйгө киргизип жиберишип, жанагы велосипединин ордуна тормозу иштебеген жаңы велосипедди коюп коюшат. Ал “эскини эле тебейин” десе болушпайт. Тартуу иши башталат. Карашса, бийиктен тимеле учуртуп тээп келатат дейт. Бир жерге жеткенде тепсе эле тормоз жок, анан кетти дейт. Келатканда “Кудай сакта” дегенди унутуп калып, кемпиринин аты Сүкөш эле, “Сүкөш, карма!” деп кыйкырган боюнча баягы жыйып койгон саманга кирип кетиптир. Докемдин жүрөгү түшүп калат. Бир кезде Асакем бети-башы айрылып, сөгүп-сагып чыгып келиптир. Ошентип сценарийде жок болсо да киного кемпиринин аты түшүп калган.

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1220, 8-14-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан