Биз социалдык тармакта

Гүланда: “ТАГДЫРЫМА ЧОҢ СҮЙҮҮ ЖАЗЫЛСА, АНЫ ДА КӨРӨБҮЗ”

Белгилүү ырчы Гүланда менен жашоо, жаштык, сүйүү, тагдыр тууралуу пикир алыштык бул жолу. Токтолуп, акыл калчап калган курактын өзгөчөлүгү тууралуу ойлорун айтты маектешим. Кызыктуу маекти сунуштайбыз, окурман.  

 

– Кандайсыз, Гүланда айым? Кандай жаңылыктар бар сизде?

– Жакшы, рахмат! Чыгармачылыкта баары жакшы, жаңы ырлар жазылып, клиптер тартылып жатат.

– Ырларыңыздын ичинен кайсынысы сиздин жеке тагдырыңызга жакын?

– Ар бир ыр жаралып жатканда балаңдай сезилет. Жан дүйнөмө жаккан гана ырды ырдап чыгам. Жеке тагдырыма байланышкан ыр кайсы деп сурап жатсаңыз, андай ыр жок. Ырларды тагдырыма байланыштырбайм.

– Ар кандай кырдаал болот эмеспи. Такыр ырдагыңыз келбей турса да сахнага өзүңүздү зордоп чыккан учурлар болобу?

– Ооба, андай учурлар көп эле болот. Кээде чарчап каласың, кээде маанай жакшы эмес болот, кээде ден соолугуң начарлап калган болот. Мындай учурда тойго барбай же сахнага чыкпай коё албайсың. Антсең жоопкерчиликсиздик болуп калат. Ичиңде эмне болуп жатканына карабай сахнага жаркырап чыгып ырдашың керек. Жумушубуз ушундай болгон соң чыдаш керек. Сахнанын азабы да, жыргалы да ушунда.

– Акыркы дуэтиңиз Алмаз Шаадаев менен болду окшойт. Сизден дагы кандай дуэттерди күтсөк болот?

– Көп ырчылар менен чогуу ырдап көрдүм. Ырчылар Алмаз Шаадаев, Фарида Карбосова менен ырдагам, эми Динара Акулова эжекебиз менен ырдайын деп турам. Негизи чыгармачылыкта пландар көп, кайсынысы ишке ашат, аны да көрөбүз, буюрса.

– Сахна жаштыкты сүйөт дешет, сиз дайымкыдай жашсыз, мунун сыры эмнеде?

– Рахмат (күлүп). Кыздын жашын сурабайт деп калышат, бирок мен жашымды сыр кылып деле сактабайм. Азыр 43 жаштамын. Ушул жашка чейинки келген бардык ийгиликтериме, жашоодогу болгон окуяларга ыраазычылык билдирем. Жакшы ойлор, жакшы ниет, жакшы маанай менен жашайм. Сыры ушул эле болуш керек.

– Балдарыңыз тууралуу айта кетсеңиз, чоңоюп калышса керек...

– Кызым 16 жашта, 9-классты бүтүп жатат. Кудай буюрса, эки жылдык колледжге тапшырса деп турабыз. Кызым англис тилине кызыгат, ошондуктан ушул жаатта кетет болуш керек. Мен деле окуу жайлар тууралуу билбейт элем, быйыл сураштырып, кайсы окуу жайды тандайсың деген сыяктуу суроолорду берип, анализдеп жаткан учурубуз. Уулум болсо 14 жашта, түрк лицейлеринин бирине берсемби деп  караштырып жаткан учурум. Экөө тең чыгармачылык менен кетпейт деп ойлойм, анткени ырчылыкка жакын эмес. Азыркы жаштардын тилеги – көбү эле  чет мамлекетке кетсек, ошол жактан окусак дешет экен.

– Ырчы катары бир топ жолду басып, тажрыйба топтодуңуз. Чыгармачылык менин туура тандоом болгон экен деп айта аласызбы бүгүн?

– Мен ырчылыкты жөндөн жөн тандаган жокмун. Анткени кичине кезимден, мектепке бара элек убагымдан баштап эле ырдайм деп дегдеп турчумун. Үй-бүлөлүк ансамбль болуп ырдап жүрдүк. Мен бул жолго кокустан келип калган жокмун. Кийин Райхан Абдувалиева эже түзгөн “Периштем” тобунда ырдадым. Ошондон кийин чоң сахнага чыктым, ошондон ушул күнгө чейин ырдап келе жатам. Бул кокустук эмес, менин тандоом болгон деп ишенимдүү айта алам. Ырчылык бала кезимден бери эңсеген кыялым эле, өзүм Политехти бүтүргөм, бирок ошондо деле ырдап жүрчүмүн. Күндүз окуп, кечинде кафелерге ырдап жүрүп окууну бүттүм. Азыркы учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы университетте 2-курстун студентимин.

– Сиздин студенттик кезиңиз менен азыркы жаштардын студенттик кезин салыштырсаңыз, кайсы айырмачылыктар дароо байкалат?

– Азыр бир топ жеңил экен. Мен азыр балдарым менен тең улан-кыздар менен окуп жатам да. Өзүм тандап, кызыгып, ырахаттанып, ошол билимди алгым келип окуп жатам. Сабактарды негизсиз калтырбайм, кызыгуу күч. Адам токтолуп калган кезде студент болуу башкача экен. Мени менен чогуу окуп жаткан кыздар жаш да, аларга “окуп алгыла, убакыт текке кетпесин” деп кеңеш айтып калам.

– Эркиндик деген сиз үчүн эмне? Себеби мурунку жолдошуңуз Айбек Карымов бир интервьюсунда “Гүланда эркин болгусу келди, ошол үчүн ажыраштык” деди эле...

– Ушул тема тууралуу айтпайын дедим эле. Бирок баары бир айланып келип ушундай суроолор берилерин да билгем. Кыскача айтсам, аял киши турмуш куруп жатканда эч качан “ажырашып кетейин” деп тийбейт. Турмуш курулуп, балдар төрөлүп калгандан кийин андан бетер ажырашайын деген ою болбойт. Ажырашуу чечими менин чечимим эмес, Айбектин чечими болгон. Окуя кандай болгонуна элдин баары күбө, баары эле сезип турушту. Ал эми эркиндикти мен эл катары эле түшүнөм. Айлантып отурбай түз эле айтайын, ажырашуу – мен эркиндикти каалаганымдан болгон жок...

– Айбек мырза үйлөндү, сиз ага бакыт кааладыңызбы?

– Ооба, бакыт кааладым. Ал да өзүнчө бир инсан. Каалоолору, ийгиликтери, артыкчылык жана кемчиликтери бар бир адам. Өзү “үйлөнөм” деп чечсе, бактылуулук каалайсың да. Башка эмне демек элем? Бактылуу болсун!

– Балдар кандай кабыл алышты сиздердин чечимди?

– Кандай болсо да алардын атасы да, мага билгизбей капа болушкандыр. Бирок баары бир атасына бакыт  каалашты болуш керек деп ойлойм.

– Жашоону артка кайтаруу мүмкүнчүлүгү болсо эмнени өзгөртмөксүз?

– Көп нерсени өзгөртмөкмүн (күлүп). Жаш өткөн сайын көп ойлонуп, талдап, анализдеп калат экенсиң. Жаш кезде жүрөк курч болгондуктан чечимди тез кабыл алчубуз да. Эгерде ошол жашымда азыркыдай токтоолук же акылмандык болгондо, көп нерсени өзгөртөт элем деп ойлойм. Бирок так эмнени экени ичимде эле калсын.

– Сиз үчүн элдин пикири канчалык маанилүү, эсептешесизби?

– Элдин көзүндөгү адам, элдин кызы болгондуктан кааласам да, каалабасам да коомдун пикири менен эсептешем. Бирок элдин пикири аша чаап эле таңууланып кеткен учурлар дагы болот. Аны кылсаң деле жакпайсың, муну кылсаң деле жакпайсың кээде. Адамга адамдын жагышы оор го өзү. Ошондуктан өзүмдүн ички туюмум менен чечим чыгарган учурлар көп болот. 

– Адам өзү үчүн жашаш керекпи?

– Жашоого жалгыз келгенден кийин, албетте, өзү үчүн жашаш керек. Бирок өзүмчүлдүк башка, өзү үчүн жашоо деген эки башка нерсе. Жакындарыңдын пикирин угуп, сыйлап, бирок чечимди өзүң каалагандай чыгарышың керек.

– Алдыда чоң сүйүүгө жолугуп калсаңыз...

– Андай ой келе элек. Алдыда бирок эмне күтүп турат билбейм. Али жашмын го. Жараткан маңдайыма чоң сүйүү жазып койсо, аны да көрөбүз (күлүп). Азыр жашоомдо тек гана балдарым бар. Аларды жакшы инсан кылып тарбияласам деген тилектемин.

– Бактылуусузбу?

– Бактылуумун. Жакындарым аман, телегейим тегиз, тагдырыма ыраазымын.

– Маегиңизге рахмат! Бактыңыз бөксөрбөсүн! 

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1220, 8-14-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан