Биз социалдык тармакта

Адамдай өжөр күлүктөр – ТЕЛТОРУ ЖАНА ХАНТЕҢИРИ

Быйыл 21-мартта өткөн ат чабышта саяпкер Бекзат Джакбековдун эки күлүгү тең алдыга озуп, ээлерин толкунданта сүйүнттү эле. Алардын үмүтүн, эмгегин, ишеничин актаган күлүктөр учурда 4 жашта. Бул жолу бири аламан, бири топ жарышта чуркап жаткан Телтору менен Хантеңиринин теги, ийгиликтери, байгелери тууралуу баяндайбыз.

 

3 жаштан кийинки ат чабыш түрлөрү

Аламан жана топ чабыш деп сөз кылып калдык. Булар – күлүктөр чуркай турган жарыш түрлөрү. Айырмасы аралыгында: Аргымак федерациясынын чечими менен топ жарышта күлүктөр 15-20 чакырымга чейин жүгүрсө, аламан чабышта 20-35 чакырымга чейин чабылат. Мындан сырткары кыска аралыкка чабуу түрү да бар – анда 1200 метрден 3000 метрге чейин чабылат. Жазында аз аралыкка чабуу менен башталып, бара-бара аралык көбөйтүлөт. Чабыштын бул түрлөрүн аттардын жашы бириктирет, башкача айтканда, бул түрлөрүнө 3 жаштан ашкан күлүктөр чуркашат.

Саяпкер тууралуу кыскача

“Күлүктүн чуркай турган мүнөзү – бул өжөрлүгү” дейт саяпкер Бекзат. Жаш болсо да күлүк таптоо сырларын билип, ийгилик жаратып жаткан саяпкер ишин 2020-жылы баштаган. Андан бери чабыштарда аттары менен алдынкы орундарды ээлеп, акчалай байгелердин, 7 автоунаанын ээси болуптур. Бул сезонду да ийгиликтер менен башташты.

 

ЭЛДИН СҮРҮНӨН ТАЙСАЛДАБАГАН ТЕЛТОРУ

Теги жана ийгиликтери

Телтору Чолпон-Атадагы “Асанбек ата” жылкы заводунан чыккан кол туума жылкы. Атасы Манрайдер деген өндүрүүчү айгыр. Орусиядан алынып келип, Кыргызстанда чабылып, байгелүү орундарды ээлеп жүргөн күлүк. Энеси Рашаль да асыл тукум жылкы. Аргымактын ийгиликтери тууралуу саяпкер буларга токтолду:

– Телторунун ээси Мурат Кагаздиев бизге чейин Нурлан Руслан уулу деген саяпкер менен иштешкен. Ал убакта тайында үч жолу биринчи, кунанында да үч жолу биринчи, 3 жашында бир жолу чабылып, 2-келиптир. Автоунаа, акчалай сыйлыктары бар. Казакстанда өткөн Көчмөндөр оюндарына да катышып, бирок алдынкы орундарга илинген эмес. Былтыр ноябрь айында мага алып келишти, ошондон бери даярдыкта болчу. Нооруз майрамына карата уюштурулган ат чабышта аламан жарышта биринчи жолу чаптык, биринчи болуп келди. Кубок менен катар 250 миң сомдук байге ээси болду.

Мүнөзү

Озуп чыккан жылкы жеңиштен кийин өзүнө ишенип, эрктүү тартып, баскан-турганы өзгөрүп калат экен. Булар да адам сыяктуу алдыдагы жарышты сезип, машинага жүктөгөндө, ат чабыш алдында жүрөктөрү дүкүлдөп катуу согуп каларын айтат Бекзат Джакбеков:

– Телторунун мүнөзү эрке, тиштегилеп, ойноктоп турат. Чуркачу жылкынын өжөрлүк, эрктүүлүк, көк беттик сапаты болушу керек, ошондой мүнөздөгү күлүк. Даярдап жатканда жанын кыйнабайт, көп жумушту жактырбайт, бат даярдыкка келет. Дагы бир өзгөчөлүгү – жарышта жанын аябаганы, буту-колу ооруп турса да аларын унутуп калат. Кээ бир аттар даярдыгы жакшы болсо да элдин сүрөөнүнөн тайсалдап чуркай албай калышат. Телтору тайынан бери чабылып келе жаткандыктан жакшы такшалды.

ООР БАСЫРЫКТУУ КҮЛҮК ХАНТЕҢИРИ

Теги

– Хантеңирини былтыр Орусиядан 10 миң долларга ээси Алтынбек Шадыбеков сатып алган. Былтыр ноябрда мага келип, ошондон тартып таптап баштадым. Атасы Вэй ту Даймондс Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун күлүгү болгон. Ал Америкадан сатып алыптыр. Кыска аралыкка чуркап жүргөн аргымак болгон. Энеси тууралуу так маалыматыбыз жок, бирок ал дагы таза кандуу аргымактардан.

Маалымат үчүн:

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун асыл тукум жылкыларга болгон сүйүүсү, кызыгуусу күч болгондуктан өзүнүн атасынын атынан аталган “АХМАТ” жылкы заводу бар. Жылкыда адамдар жоготуп жаткан сапаттар бар экенин белгилейт. 2021-жылкы маалыматтар боюнча, сарайында 120дан ашык таза кандуу жылкы болгон. Ат чабыштын классикалык түрү – кыска аралыкка чабууга салышат. Дүйнөлүк деңгээлде уюштурулган бул ат чабыштарга катышып, күлүктөрү алдынкы орундарды бербей келет. 2017-жылы кыргызстандык Болот Өмүралиев Рамзан Кадыровго моюнунда “Аллах” деп жазылган күлүктү белек кылган. Кадыров бул өзгөчө жана аябай баалуу белек болгонун билдирген.

Мүнөзү жана ийгиликтери

Бою жапыз болсо да бийиктикти багынткан жылкы болсун деп ниет кылып Кыргызстанга келгенде Хантеңири деген ат коюшуптур. “Атына заты жарашкан аргымак”,- дейт саяпкер:

– Анткени тоодой тоготпос, оор басырыктуу мүнөзү бар. Жумуш бергенде, жарыш алдында, жарышта беймарал жүрөт. Аттар менен жүргөндө гана ойноктоп калбаса. Эмоцияга алдырбаган күчтүү жылкы. Аламан жана топ жарыштын күлүгү. Алдыда жүргөндү жактырат.

Былтыр алынып келгенде бир жолу чабышыптыр, бирок жакшы жыйынтык көрсөткөн эмес. Ноорузда топ байгеге салдык, биринчи орунду алып келди. Кош байге келип, толкундана сүйүндүм. Даярдыгы бышып турган, 150 миң сом менен кубок биздики болду. Буюрса, Хантеңири менен Телторуну алдыдагы 9-майда өтүүчү мамлекеттик деңгээлдеги ат чабышта чабабыз.

Чуркаган ат канча эс алышы керек?

– Тай, кунан кезинде ат чабыштан кийин көп эс алдырбай, кийинкисине чаба берсе болот. Анткени чуркоо аралыгы аз. Ал эми алыс аралыкка түшкөндөр 1-1,5 ай эс алышы керек болот. Ат ээси, саяпкердин да чечиминен болот. Аттар чуркоо жолун да тандайт, кээ бири жумшак, көп бурулуштарды жактырса, кээси катуу, бурулушу аз жолдорду жактырат.

 

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1220, 8-14-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан