Биз социалдык тармакта

Эрлан Мамытов, ырчы: “БЕК БОРБИЕВДИ ТАҢ КАЛТЫРГАМ”

Бул жолку каарманыбыз – жаш ырчы Эрлан Мамытов өнөр адамдарын үлгү тутуп, аларга таасирленип, чыгармачылыкта өз чыйырын салууга умтулуп келе жатканын айтат. “18 жашыңда сен машине миниптирсиң, мен ал куракта нанды “нана” деп жүрдүм эле” деп Бек Борбиев ага баа бергенин айтып өттү. 

 

– Саламатсыз, Эрлан мырза! Сиз менен жакындан таанышсак...

– Саламатсыздарбы, мен Жалал-Абад (ред.: азыркы Манас шаары) шаарынан болом, учурда 21 жаштамын. Кичинемден эле ырдайм, бирок биротоло белсенип ыр жаздырып, гастролдорго чыгып баштаганыма үч-төрт жылдай болуп калды. Үйдөгүлөр кыйнап, ЖОЖго юридикалык факультетке сырттан окуу бөлүмүнө тапшыртып коюшкан. А мен чыгармачылык жол менен кетким келет. Аккордеон, пианино, гитара чертем. Орусча айтканда, “самоучкамын”, тойлордо ырдап жүрүп такшалдым десем болот. Ошентип жүрүп шоу-бизнеске аралашып кеттим.

– Биринчи жолу эл алдына ырдап чыккан күнүңүз эсиңиздеби?

– Бала бакчадан эле башталды. Балдар бакчага ыйлап барышса, а мен чекчейип жакшы кийинип, оюнчук гармошкамды дайым алып барчумун. Балдарды тизип алып, жаныма бир кызды коюп ырдай берер элем (күлүп). Бакчадагы эжейим да тыйчу эмес. Апам ошол кезде эле пианино сатып берген, бакчадагы музыка сабагына берген агайды “мага келип сабак бериңизчи” десем,  көнүлүмдү кыя албай үйгө келип үйрөтүп кетчү. Кийин мектеп учурунда Баястан деген музыкант байке бар эле, ага бардым. Ырдатып, музыкалык аспап черттирип көрүп дароо эле “бүгүн тойго чыгасың” деп койду. Чолок шым, футболкачан элем, үйгө барып кийинип келип, ошону менен тойго чыгып кеттим.

– Бек Борбиев менен жолуңар кантип кесилишти?

– Жалал-Абад шаарында Доорон Кудайбердиев деген Бек агабыздын шакирти бар. Ал агабыз “Бек Борбиев келгенде сени концертине кошом” дей берчү. Бир жолу Бек Борбиев келди деп угуп, эшикти тыкылдатып кирип салам айттым. Бек ага “кимсиң?” деди. “Доорон деген үкөңүз жиберди. Концертине гитара коштоп бересиң деди” деп айттым. Бек ага мени карап күлүп жиберди да “канчадасың?” деди. 10-класста окуй турганымды айтсам, “мейли, ал гитараны” деди. Ал аккордеон чертип, мен аны гитарада коштошум керек болчу. Аябай адаштырганга аракет кылып, ал аккорддон бул аккордго секирип чертип жатты. Такыр адашпай койдум. “Азамат, жакшы ойнойт экенсиң” деп мени жактырды. Ошентип Бек аганын концертинен ырдап “жылдыз” болгом (күлүп). Ошондон үч ай өткөндө мага  белгисиз номерден телефон чалынды. Биринчи албадым, анан байкабай өчүрүп алдым. Вотсаппты ачсам Бек агабыз экен, жүрөгүм дүкүлдөп кетти. Элестетсеңиз, мага легенде Бек Борбиев телефон чалып жатканын (күлүп). Телефон чалып амандаштык, “жакында түштүк тарапка концерт болот, даярдан” деди. Ошондо 5 күн чогуу жүрдүк. Кечээ жакында Бек Борбиевдин “Айзадам” деген ырына клип тарттырдым. Ретро стилде тарттык. Агабыздын жаш кезин чагылдырганга аракет кылып, чач жасалгасын да, мурутун да ошол кезиндегиге окшоштурдум. Көрсө таң калат болуш керек.

– Жашооңузда Бек Борбиев кезикпегенде кандай болмок? Анын таасири менен ырчылык жолду тандадыңызбы?  

– Мен мурун эле ырчы болом деп күйүп-жанып жүрчү элем, бирок Бек агага жолукканда ого бетер шыктандым. Мени шыктандырып, чоң дем берди.

– Бир ырыңыз бар экен, акчага кызыккан кыздарга арналган. Бул баштан өткөн окуядан улам жаралган ырбы?

– Окуя баштан өтмөйүнчө ыр жүрөктөн чыкпайт экен (күлүп). Обону да, сөзү да меники ал ырдын. 19 жашта чоң сүйүүгө туш болдум. Карапайым эле үй-бүлөдө чоңойгом да. Кыздар азыр жүрөккө эмес, статуска карашат экен.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз...

– Апамдын жалгыз уулумун, жашоодо экөөбүз элебиз. Апам соода тармагында эмгектенет. Атам менен апам кичинемде ажырашып кеткен экен, ал кишини билбейм. Бир жолу апамдан сурасам жини келип кеткендей болду, ошондон кийин сурабайм.

– Юридика тармагына кыйнап окууга тапшыртышты деп калдыңыз. Апаңыз ырчы болушуңузга каршыбы? 

– Апам мени элден башкача тарбиялады. Тыйган жок, урган жок, толук эркиндик берди. Кичинемде эмне кааласам аткарчу, чыгармачылыгымды да колдочу. Бирок бардык эле апалардай баласынын туруктуу жумушу болушун каалайт окшойт. Азыр анча колдобойт. Анткени ырчылардын жашоо образы башкача эмеспи, үйдө көп болбойт. Ошондуктан апам менин башка эле кесипти тандашымды каалайт. Чыгармачылык  жааттагы ийгиликтеримди көрсө, аябай деле сүйүнүп кетпейт. "Билимдүү бол" деп көп айтат. А мен чыгармачылык менен иштөөгө мүмкүнчүлүк көбүрөөк деп Бишкекке көчүп келдим, эми апамды көндүрүп алып келип алсам сонун болмок. Азыркы тапта продюсер менен иштеше баштадым.

– “Эртең кеч” деген ырыңыз тууралуу сурайын. Бул ырды төкмө акын Баян Акматов да ырдады, кимиңер биринчи ырдагансыңар?

– Мен мындан үч жыл мурун биринчи ырдап чыккам. Кийин Баян Акматов да обон жазып ырдап чыгыптыр. Менин аткаруумдагысы эки жарым миллион көрүү топтоду.

Ырчылык аркылуу өзүңүз эңсеген келечекти түзөм деп ишенесизби? Кымбат клип тартууга ким көмөктөштү? 

– Мен эрте чоңойдум десем болот. Кебетем кичинекей баланыкындай болгону менен, чоң жашоого эрте аралаштым. Апамдан 9-класстан бери эле акча сурабайм. Тойдон тапкан акчама өзүмдү эле камсыздабай, апама да белек алып берчү элем. 10-классымда автоунаа сатып алгам. Мектеп үйүбүзгө жакын болсо да окууга унаамды айдап алып барчумун (күлүп). Алгачкы унаам Жигули эле, бирок  оңдоп, чаптап жатып аны кымбат баага саттым. Улам сатып отуруп ушуга чейин 13 унаа алмаштырдым. 18 жашымда Мерседес үлгүсүндөгү унаа сатып алгам. Бек агабыз менен концертте жүргөнүбүздө эки киши машинеге батпай калды. “Менин машинеме отурсун” десем Бек ага кызыктай карап койду. Ишенбеди окшойт. “Машинени ким алып берди?” деди. “Өзүм тойдон тапкан акчама сатып алгам” десем, “азамат, мен 18 жашта нанды “нана” деп жүргөм. Сен ушундай машине тээп жүрүпсүң” деп таң калып, баа берди. Азыр деле кымбат машине минип жүрөм.

– Негизи автоунаага кызыгат окшойсуз...

– Ооба, кичинемден ырга анан автоунаага кызыктым. Уялбай эле кошуналардан “машине айдатып коюңузчу” деп сурана берчүмүн. Ошентип жүрүп 1-классымда бутум педалга жетип-жете электе унаа башкарганды үйрөнүп алгам.

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1220, 8-14-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан