Биз социалдык тармакта

Умар Эгембердиев, хоккейчи: “КЫРГЫЗ ЖЕЛЕГИН АЛИ КӨП ЖЕЛБИРЕТЕБИЗ” 

Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы жакында өткөн турнирде мыкты оюн көрсөтүп, күйөрмандарды кубантты. Финалдык беттеш соңку мүнөттөргө чейин абдан чыңалууда өтүп, тилекке каршы, 3:2 эсебинде Өзбекстан курамасынын пайдасына аяктады. Бирок күмүш медаль да жеңиш. Команданын капитаны, жаш спортчу Умар Эгембердиев менен анын спорттогу жолу, соңку беттештин финалындагы сезимдери жана келечектеги максаттары тууралуу маек курдук.

 

– Умар, финалдык оюндун аякташына саналуу мүнөттөр калганда, таблодо 3:2 эсеби жазылып турганда эң биринчи оюңа эмне келди? Ошол учурдагы муз аянтындагы чыңалууну кантип сүрөттөп бересиң?

– Чынында хоккей – бул акыркы секундга чейин чыңалуу сакталган, заматта баары өзгөрүп кетиши мүмкүн болгон оюн. Таблону карасам, оюндун бүтүшүнө 4 мүнөт калыптыр. Ошол көз ирмемде ичимде бир гана ой бар эле: “Биз сөзсүз жеңишибиз керек!” Мен команданын капитаны катары жигиттердин ар биринин көзүн караганга аракет кылдым. Алардын көздөрү күйүп, жеңишке суусаган сезими даана көрүнүп турду. Бири-бирибизге дем берип, колдоп жаттык. Тилекке каршы, спортто дайыма эле сен каалагандай боло бербейт экен. Оюн бүткөндөн кийин ар бир эпизодду, ар бир соккуну кайра-кайра башымдан өткөрдүм. “Бул жерде мындай пас берсем болмок, бул жерде мен ката кетирдим, баары менин айымдан башталды” деген өкүнүчтөр болду. Бирок бул биз үчүн чоң сабак. Биз токтоп калбайбыз, алдыда мындай турнирлер али көп болот.

– Капитан катары оюн бүткөндөн кийинки кийим алмаштыруучу бөлмөдөгү маанай кандай болду? Жеңилүү ызасын тартып турган жигиттерге кандай сөздөрдү айттың?

– Бөлмөдөгү маанайды сөз менен айтып жеткирүү кыйын. Жигиттердин баары чөгүп турушту. Бирок мен аларга “бул болгону бир келип кетүүчү учур, биздин жолубуз узун” дедим. Жеке мен үчүн бул курам менен бирге болуу, бирге даярдануу жана бул турнирди басып өтүү – чоң сыймык. Мен Бишкекке келүүнү, жигиттерди көрүүнү көпкө күткөн элем. Ооба, биз алтынды каалаганбыз, бирок бул турнир бизди дагы да жакындатты. Мен командама абдан ыраазымын, анткени аягына чейин бир муштум болуп ойнодук.

– Трибунада миңдеген адамдар бир ооздон “Кыргызстан!” деп ураан чакырып, команданы сүрөп турушту. Мындай колдоо силерге күч бердиби же жоопкерчиликти оорлотуп, басым жасадыбы?                         

 – Бул эң биринчи кезекте – чексиз сыймык. Ошол эле учурда бүтүндөй бир элдин намысын коргоп жатканыңды сездирип, ийиниңде чоң жүк тургандай болот. Бир жагынан ал толкун сени алдыга сүрөсө, экинчи жагынан “жаңылбасам экен” деген жоопкерчилик кысат. Бирок элдин колдоосу бизге өзгөчө дем берди. Хоккей – бул сезимдердин оюну, ошондуктан күйөрмандардын ар бир кыйкырыгы биздин жүрөгүбүзгө жетип жатты.

– Көпчүлүк спортчулар үчүн формадагы сандын мааниси чоң. Сенин 18-номериң жөн гана санбы же жашооңдо өзгөчө орду барбы?

– Чынын айтсам, мен мурда дайыма 11-номер менен ойноп жүрчүмүн. Ал менин көнгөн саным эле. Бирок курама командага чакырылып келгенде мага 18-номерди беришти. Ошол күндөн баштап бул сан мага жакын болуп калды. Азыр 18-номер менин эң сүйүктүү номерлеримдин бири. Балким, бул сан мага жаңы деңгээлге чыгууга жардам берген символдур.

– Умар, сенин бир күнүң кандай өтөт негизинен?

– Азыркы учурда чет жакта, тагыраагы, Казакстанда окуп, машыгып жатам. Ал жерде тартип абдан катуу. Менин күнүм кадимкидей таң эрте башталат:

Эртең менен: Эрте туруп, намазымды окуйм. Бул мага ички тынчтык жана фокус берет.

Окуу: Таңкы тамактан кийин дароо мектепке жөнөйм. Түшкө чейин сабактарда болом. Спортчу үчүн билим да абдан маанилүү. 

Машыгуу: Сабактан келип, бир аз эс алып, тамактанып, машыгууга бир жарым саат калганда муз аянтына барам. Машыгуунун алдында денени жакшылап кызытуу керек. Муз үстүндө жана машыгуу залында толук күчүмдү жумшайм.

Кечки убакыт: Машыгуудан кийин дароо тамактанам, себеби организмди калыбына келтирүү керек. Андан кийин үй тапшырмалары, китеп окуу жана кечки тамак. Уйкуга чейин протеинге бай тамактарды жегенге аракет кылам, себеби эртеси күнү кайрадан жаңы күч керек.

– Хоккей – абдан катаал жана травма алуу коркунучу жогору спорт. Эмне үчүн дал ушул спортту тандап калгансың?

– Мен Москвада төрөлгөм. Атам ал жакта аренанын жанынан хоккейчилердин өтүп жатканын көрүп, мени да ушул спортко берүүнү кыялданчу экен. Кыргызстанга көчүп келгенден кийин ата-энем менен муз тебүүгө барып, хоккейчилерди көрүп, кызыгуум андан ары артты. Биринчи машыгууга мени чоң атам алып барган. Ошондон бери бул менин жашоомдун ажырагыс бөлүгү.

– Сени карап, сенден үлгү алып жаткан кичинекей балдарга жана кыргыз күйөрмандарына эмне деп айткың келет?

– Эң башкысы — тартип. Эгер бир ишти баштасаң, аны аягына чейин чыгар. Спорт – бул дайыма эле адилеттүүлүк боло бербеген тармак. Өйдө-төмөн болот, кээде адилетсиздикке туш болосуң. Ага чыдаш керек, жыгылсаң кайрадан туруп, алдыга карай басыш шарт. Эгер сен буга даяр болбосоң, анда спортто сенин ордуң жок. Ал эми күйөрмандарга жана менин ар бир кадамымды колдогон ата-энеме ыраазычылык билдирем.

– Бул күмүш медаль сенин карьераңда кандай орунда калат?

– Мен азыр болгону 15 жаштамын. Күмүш медаль – бул жеңилүү эмес, бул кийинки алтынга болгон стимул. Биз кийинки чемпиондукка мындан да күчтүү болуп келебиз, буюрса. Жигиттердин баарына ишенем, алар машыгууну таштабайт. Биз дагы көптөгөн ареналарда Кыргызстандын желегин бийик желбиретебиз.

 

Асел Нурбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1220, 8-14-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан