Биз социалдык тармакта

СЫРДУУ, СҮРДҮҮ, СУЛУУ КЕЙТ БЕКИНСЕЙЛ 

53 жаштагы Голливуд актрисасы Кейт Бекинсейлди сулуулуктун, жаштыктын символу дешет күйөрмандары. “Пёрл-Харбор” тасмасы жана “Башка дүйнө” франшизасы аркылуу дүйнөлүк атактуулукка жеткен актрисанын жашоосунда көпчүлүктүкүндөй эле кубанычы-кайгысы, сыноосу кошо жүрөт. Кейт айым эң алгачкы телешоуго 3 жашында келип тартылган экен. Андан бери арадан жарым кылым убакыт өтсө да, актриса дале теле бетинде жүрөт, таланттуу, жаш, сулуу бойдон...

Арстан...

Кейт (Кэтрин) 1973-жылы 26-июлда арстан жылдызынын алдында жарык дүйнөгө келген. Англиянын борбору Лондон шаарында жашашчу үй-бүлөсү менен. Ата-энеси экөө тең кино адамдары, атасы – комедиялык жанрдагы британиялык кино-сериалдарга тартылган актёр Ричард Бекинсейл. Апасы – театрда да, теледе да активдүү иштеп келе жаткан актриса Жуди Лоу. Атасы менен чогуу иштешүү мүмкүнчүлүгү жаралган эмес. Ал эми апасы Кейт башкы ролду аткарган “Башка дүйнө: Ойгонуу” тасмасына тартылган.

Алгачкы жоготуу

Кейттин жашоосундагы алгачкы оор жоготуу эрте эле келген. Анда кыз 6 жашта гана болчу. 31 жаштагы атасы жакшынакай эле жүрүп, кечинде уктаган бойдон эртең менен турбай калган. Дарыгерлер анын жүрөгү токтоп калып каза болгонун айтышкан. Арадан 3 жыл өткөндөн кийин апасы кайрадан телережиссёр Рой Баттерсбиге турмушка чыгат. 9 жаштагы өспүрүм атасынын ордун баскан адамды алгач кабыл албай, ортодо көп конфликт чыккан. Бирок убакыттын өтүшү менен өгөй атасын да, анын балдарын да кабыл алып, бир туугандык ынтымактуу мамиле түзө алышкан.

Анорексия

Атасын жоготуу Кейтке олуттуу психологиялык жаракат болгон. Натыйжада 15 жашында тамак жей албай, анорексия менен жабыркап, 30 килограмм салмакта болуп калган. Апасы өз убагында кийлигишип, дарылатып алган экен. “Эгер ошол “нервный срыв” учурунда бир аз улуураак куракта болсом, ичип-чегип кетсем керек эле. Анорексия психологиялык жаракаттын кесепетинин жеңил жолу болду окшойт мен үчүн...” деп эскерет оор күндөрүн.

3 апталык наристе

Актёр-актрисанын кызы болгондуктан, экрандагы дебюту аябай эрте башталган. Тагыраагы, төрөлгөнүнө 3 апта болгондо аны «Харриет шаарга кайтууда» тасмасына тартышкан. Андан кийин 3 жашында телешоуго катышты. Айтор, ата-энеси менен жетелешип жүрүп камера алдына эрте чыккан. Эс тартканда атасы белгилүү болгон комедия жанрындагы тасмаларга тартылуудан баш тарткан. Ал жакта атасынын аркасы менен келди, байланышы барлар өтөт деген сөзгө калгысы келген эмес. Андыктан тарыхый, драма жанрындагы тасмаларга катышууга аракет кылган.

Көптө келген ийгилик жана буллинг

Өзү каалагандай эле бир нече тарыхый тасмаларга тартылды, Улуу Британияны айланып театралдык гастроль менен жылдап жүрдү. Бирок визиттик карточкага айланган тасма чыкпай жатты. Анан 2001-жылы режиссёр Майкл Бэйдин “Пёрл-Харбор” тасмасына тартылуу менен атактуу болуп чыга келди. Бирок бул атактуулуктун аркасында буллинг да бар экенин айтат актриса.

Майкл Бэй тасмадагы медайым Эвелиндин ролуна алгач Шарлиз Терон же Гвинет Пэлтроуду тарткысы келип, Кейттин кандидатурасын жакын жолоткусу келген эмес. Эмнеге дегенде Кейттин блондинка эместиги жана көкүрөгүнүн, жамбашынын формалары Бэйге жакпай койгон. Бирок акыры Кейтти Эвелиндин ролуна бекитип, “сулуу деле эмес, экрандан адамдар сулуу адамды көрсө тынчсызданышат, андыктан тартыла берсин” деген сөздү айткан. Бирок тартуу иштери башталганда Кейтке басым күчөгөн, тигиниси же мунусу жакпай кала берген. “Арыкташың керек” деп, күнүгө сааттап тер төгө машыгууга туура келген. “Ал кезде мен кызымды жаңы төрөп, төрөгөндөн кийин өзүм деле салмак таштап, формама келип калгам. Режиссёрдун дагы арыкташың керек деген талабына таң калдым, жөнөкөй медайым ушунча арык болуусу сөзсүз керекпи деп ойлодум”. Анын кыйналып жүргөнүн тасмадагы өнөктөшү, актёр Бен Аффлек байкап, колдоо сөздөрүн айтып, жардам берип, көп тамашалап күлдүрүп жүргөнүн жылуу эскерет Кейт.

Атактуу тасмалары

Мелодраманы жактыргандар “Интуиция” деген кинону жакшы тааныйт болсо керек. Анда Нью-Йорктун кышында бир дүкөндө Сара менен Жонатан бир мээлейди алмак болуп талашып калышат. Бири-бирине тартылганы менен, экөөнүн тең сүйүктүүлөрү бар эле. Ошондо тагдыр болсо кайра жолугушабыз деп Сара телефонун бир китептин барагына, Жонатан 5 долларлык купюрага жазып калтырышат. Бирок номерлер колго тийбей көп жыл өтүп кетет... Эсиңизге түштүбү, ал жакта Кейт Саранын ролунда.

Мындан кийин амплуасын өзгөрткүсү келген актриса фэнтезиге өткөн. “Ван Хельсинг” тасмасында вампирлердин аңчысы болуу ага жарашып эле калган. Анан “Оскардын” 5 номинациясына талапкер болгон “Авиатордо” да жылдызы жанган. Негизи Кейттин куржунунда жакшы кинолор көп санда. 2003-жылы актрисанын атын кайрадан көккө жеткирген “Башка дүйнө” тасмасы болду. Вампирлер менен карышкыр-адамдардын тирешин көрсөткөн тасма көрөрманга ушунчалык жагып, бир нече бөлүктөн турган франшизага айланган. 

Жазуучу

Актрисалыктан мурун жазуучулук, акындык өнөрү бар болчу. Тил менен айта албаганды кагаз бети аркылуу түшүндүрсө болот дейт Кейт. Мектеп курагында эле ал жазган көркөм чыгармалар, ырлар абройлуу сынактарда байгелүү орундарды алып турган. Киного аралашкандан бери жазуучулук өнөрү арткы планга чыкса да, бош убактысында көкүрөктөгү ойлорун кагаз бетине түшүрүүнү жактырат.

Кызы бар

1995-2003-жыл аралыгындагы актёр Майкл Шин менен болгон махабат баянынан Лили Мо Шин аттуу кыздуу болгон. Кийин Майклды “Башка дүйнөнүн” режиссёру Лен Уайзман үчүн таштап кетсе да, экөөнүн ортосунда достук мамиле сакталып калган. 2004-жылы режиссёрго турмушка чыгып, 2015-жылы ажырашып кетишкен. Андан бери актрисаны жандаган көп эле мырзанын аты жарыяланды, көбү өзүнөн 10-20 жаш кичүүлөр...

 Макияжы жок жүрүүдөн коркпойт

Сулуулугунун жана жаштыгынын сыры. 1-генетика. 2-туура тамактануу (эт, алкоголь, кофе, таттуулар рационунда жок, белокко басым жасайт). 3-йога, медитация жана фитнес. Макияжы жок көчөгө чыгуудан, боёгу жок сүрөтүн соцтармакка жүктөөдөн коркпойт, коркууга деле себеп жок.

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1220, 8-14-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан