Биз социалдык тармакта

ГОНАРТРОЗ – ТИЗЕДЕГИ КЕМИРЧЕКТИН ЖЕШИЛИШИ

Артроз оорусу тууралуу буга чейин уккан болушуңуз керек. Артроздун түрлөрү бар, мисалы, тизе артрозу. Ал медицинада “гонартроз” деп аталат. Бул ирет ортопед Кутман Усубалиевдин көмөгү менен гонартроз илдети тууралуу маалымат беребиз.

Муун – бул кемирчек                           

Сөөктөр муундар аркылуу туташып, аларга ашташып турары белгилүү. Мисалы, шыйрак менен сан сөөктүн ортосунда тизе мууну бар. Тизе мууну – сыртынан кабыкча менен курчалып, байламталар менен бекип турган кемирчек. Кемирчектин курамында суудан тышкары хондроцит аттуу клеткалар бар. Бул клеткалар май сымал затты иштеп чыгарып турат. Кемирчекти майлап, нымдап, кургап кетүүдөн сактап, ийкемдүү, серпилгич, кыймылдуу кылып турган нерсе ушул суу жана май сымал зат.  

Тизени майлаган зат аз иштелип...

Гонартроз – тизе муунун жана ага жакын сөөктү кошо жабыркатуучу дарт. Кайсы бир себептерден улам кемирчекке кан менен кошо азык-заттардын барышы, кан алмашуу начарлайт. Кемирчектин хондроцит клеткалары май сымал затты аз иштеп чыгарып калат. Ошондон улам кемирчек акырындап кургап, жукарып, жарылып баштайт. Муундун кыймылы азаят, оорутат. Кемирчекте нерв болбойт. Качан гана кемирчек жукарып калганда артында жайгашкан нерв кысылып, жанчылып баштап, оору билинет. Жарылган кемирчек акырындап сөөктөн ажырай баштайт. Кемирчектин милдети төмөндөгөндөн улам аны менен туташкан сөөктөр бири-бирине уруна берип, аларда сезгенүү жаралат. Сезгенүү сөөктөрдүн тегерегиндеги булчуң, тарамыштарга да тарап, алардын алсызданышына, булчуңдардын кичирейишине алып келет. Бузула баштаган сөөккө, кемирчекке сыртынан бир нерсе тийгенде катуу оорутат. Кемирчекти тегерете сөөктөр (остофит) өсө баштайт, бул муундун томпоюп чоңоё башташынан, кыймылдабай, иштебей калганынан билинет. Адам отура да, жата да албай калат. Оору башталгандан тартып муундар формасын жоготуп, сыртты же ич жакты көздөй кыйшайып, буттар “дөңгөлөк” же “x” формасын ала баштайт.

Оорунун жаралышынын себептери

• Тизеден жаракат алуу: Жыгылуу, муундагы сынык, бутту кайрып алуу.

• Муунга күч келүү. Оор жүк көтөрүп, ташып же дайыма тике туруп иштөөдөн, ошондой эле семиздиктен муундарга күч келет.

• Дайым отуруп иштөө. Кемирчектеги зат, кан алмашуу бузулат. Көбүнчө кеңсе кызматкерлеринде кездешет мындай абал.

• Жаш курак. Жаш өткөн сайын кемирчектеги клеткалардын жаңыруусу азайып, кемирчектин калыпка келүүсү төмөндөйт.

• Сөөктүн тубаса патологиялары. Мисалы, дисплазия, жамбаш чыгып төрөлүү, бир буттун кыскалыгы.  

• Муундун башка оорулары.

• Омуртка оорулары. Мисалы, кифоз, сколиоз.

• Спорт менен ашыкча алектенүү. Айрыкча оор атлетика, парашют спорту, секирүү менен машыккандарда кездешет.

• Булчуңдардын оорусу. Муундагы булчуңдардын сезгенүүсүнүн кемирчекке өтүүсү.

• Май тамандык да дарттын жаралышына себепкер болушу ыктымал.

Дарттын 4 даражасы бар

1-даража. Кара жумуш кылганда, көбүрөөк басканда оорутуп, эс алуудан кийин билинбей калат. Кыймыл чектелбейт, муундарда өзгөрүү боло элек. 

2-даража. Кемирчек азыраак жешилет. Күч келгенден кийин көпкө барып оорутуу басылат. 

3-даража. Кемирчек орточо жешилет. Муун шишип, кыймыл бир аз азаят. Оорутуу мурункудан көбүрөөк сезилип, тынч абалда деле билине баштайт. Адам таяк таянып басып калат. Аз кыймылдаганга аракет кылып, абайлайт.  

4-даража. Кемирчек жешилип бүтөт. Оору басылбайт. Булчуңдар ичкерет. Адамдын жашоо образына, иштеген ишине, өзүн кароосуна жараша ар бир стадиянын аралыгы бир нече жылга чейин созулушу ыктымал. Оорутуу жазда, күздө күч алат. 

Оорунун белгилери булар:

• Муундагы оорутуу, тизенин тегерегинин шишүүсү.

• Кыймылдаганда, иш кылганда,  басканда муундардан кычыраган үндүн чыгышы, басыктын бузулушу.

• Кыймылдын чектелиши. 

Дартты МРТ так аныктайт

Диагноз койдуруу үчүн ортопед, ревматолог же хирургга кайрылуу керек. Диагностика үчүн керектүүлөр:

• Рентгенография, УЗИ. 

• Компьютердик жана магниттик-резонанстык томография. 

• Кандын биохимиялык анализи. 

 

1-2-стадияда муунду сактап калууга болот

Дарылоодо дарттын стадиясына жараша ревматолог, ортопедден тышкары, мануалдык терапевт, физиотерапевттин да жардамы керектелет. Ооруканага жатып дарыланууга туура келет.

 

Консервативдүү дарылоо

Дарттын 1-2-стадиясында колдонулат:

• Оорутууну басуучу, кемирчекти калыпка келтирүүчү, зат алмашууну жөнгө салуучу, ооруну өнүктүрбөй кармап туруучу, сезгенүүнү кетирүүчү дары-дармектер. 

• Дарылык көнүгүүлөр, физиодарылоо. Көнүгүүлөрдү инструктордон үйрөнүп алып, анан үйдөн жасоо керек. Бассейнге барып, йога менен машыгуу да айыгууга жардамчы болот.

• Гиалуронан кислотасы. Бул кемирчекти майлоочу зат. Кемирчектеги хондроцит  клеткалары иштеп чыгаруучу май сымал заттын ордун алмаштырат. Оорутууну азайтат же толугу менен басат. Шприцке куюлган даяр формасында болот жана тизеге сайылат. Таасири 6-7 айга чейин жетет. 1 курсу 3-5 укол саюудан турат, ар бир 5-7 күн аралыгында сайылат. Тизе муунун алмаштыруунун алдын алат. Тизедеги кыймыл жакшырат.

PRP-терапия (плазмотерапия). Бул пациенттин өзүнүн тромбоциттер менен байытылган плазмасын тизесине куюу. Оорутууну кетирип, сезгенүүнү азайтып, кемирчектин калыпка келишине түрткү берет. Кыймыл жакшырат.

• Диета. Ашыкча салмактагылар арыктоо үчүн диетага отурушу кажет.

 

Операциялык ыкмалар

• Дарттын 3-даражасында реконструктивдүү операция жасалып, муун сакталат. Операцияда кемирчектин үстүнө өсө баштаган сөөктөр кесилип, муунду сүйөп туруучу металл пластина коюлат.

• 4-стадияда оору өтүшүп кеткен болот. Мында жасалма муун салынып, ал табигый муундун милдетин аркалайт. Бирок жасалма муундун баасы кымбат.

 

Дарттын алдын алуу

• Оор жумуштарды ашыкча жасабоо. Оор көтөрүп, дайым тике туруп иштегендер башка жумушка которулушу керек.

• Салмакты көзөмөлдөө.

• Организмде, анын ичинде муундарда кан, зат алмашуу жакшырып турушу үчүн сууда сүзүү, басуу, көнүгүүлөрдү жасоо керектелет.

• Тизе муун ооруганда дароо дарылануу жана башка.

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1221, 15-21-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан