Белгилүү ырчы Самара Каримова жеке жашоосун да, чыгармачылыгын да бирдей алып бараткан айымдардын бири. Бул жолу биз анын ырчылык жолдо изденүүсү, атактуулуктун жоопкерчилиги, аялдык бактысы жана жүрөктө катылган сырлары тууралуу маек курдук.
– Саламатсызбы, Самара айым? Көптөн бери баарлаша элекпиз, жаңылыктарыңыз көп болуш керек?
– Саламатсыздар, мен дагы сиздерге маек бергенди сагынып калдым. Кандай жакшы жаңылыгым болсо, үй-бүлөдөбү, чыгармачылыктабы, сиздердин гезит аркылуу бөлүшүп келе жатам. Жаңылыктарым көп, он күн Бишкекте жашасам, он күн Ошто жашайм. Ырыскыбызды Жараткан элге чачып коюптур, элиме кызмат кылып келе жатам. Жыл башынан бери он мамлекетке барып келдик. Кытайга барып Үрүмчү, Кашкар, Ичке, Хайнань аймактарында мекендештерге чоң концерт коюп кайттык. Аншлаг менен өттү. Андан тышкары блог алып барууну да жакшы деңгээлге чыгардык. Бир эле мен эмес, жолдошум, балдарым да блогер болуп баратышат десем болот.
– Активдүү иштеп жаткан экенсиз...
– 2026-жыл мен үчүн энергиянын, изденүүнүн, жакшы жыйынтыктардын жылы болууда. Эргүү келип, энергиям ашып-ташып жатат. Социалдык тармактарда жалпы 4 миллиондон ашык катталуучум бар экен. Алар да дүйнөнүн ар бурчуна чакырышууда. Чет өлкөдө гана эмес, Кыргызстандын да көп шаарларына гастролдор болууда. Айтор, график жыш...
– Кичинекей кызыңызды сапарга чогуу алып аласызбы же бала багуучуңуз барбы?
– Кичинекей кызым Айсулуунун төрөлүшү бизге өзгөчө кубаныч тартуулады. Буга чейин эки уул, бир кызыбыз болсо да, Айсулуу төрөлгөндө биринчи жолу балалуу болгондой сезим болду атасы экөөбүздө тең (күлүп). Кызыбыздын ар бир кылыгын карап отуруудан, аны сөз кылгандан тажабайбыз. Жолдошум бардык балдарын жакшы көрөт, бирок Айсулууга өзгөчө элжиреп турат. Ыйласа кошо ыйлап жиберейин дейт. Кызым да атасына жакын.
Бир жерде отура албаган аялмын, берки балдарымда деле төрөгөндөн көп өтпөй ишке чыгып кеткем. Айсулуубуз төрөлгөндөн жети күндөн кийин Бишкекке барышым керек болду. Чоң тойго буюртма бар эле. Алар төрөгөнүмдү угуп, келеби же келбейби деп сарсанаа болуп жатышыптыр. “Кабатыр болбогула, барам” деп жети күндүк наристем менен учуп кеттик. Ошол бойдон ал дагы биз менен сапарда (күлүп). Көп ыйлабайт, кайда болсом жанымда алып жүрөм. Кытайга барганда гана таштап кетүүгө туура келди, анткени жолдошум экөөбүзгө эле виза чыгып келди. Кызымды таштап кетүү бизге кыйын болду, анткени дайым биз менен жүрчү да. Аны кароо үчүн туугандардан “делегация” шайланып келишти. Негизи филиппиндик бала багуучу айым карачу, алар абдан мээримдүү болушат экен. Бирок үй-бүлөлүк маселеси болуп мекенине кайра кетти. Учурда өзүмдүн балдарым деле чоңоюп калышты, ошолор жана туугандар карап жатышат.
– Жолдошуңуз менен тамашалуу видеолорду тартып жүрөсүз, бул соцтармак үчүн муктаждыкпы?
– Биздин баш кошконубузга 15 жылдай болуптур. Элдин назарында келе жатабыз, жашыра турган эч нерсебиз жок. Айтайын дегеним, жолдошумду соцтармакка эми эле чыгара калган жокмун. Биздин үй-бүлөлүк видеолорубуз элге жагат. Тамашалуу видеолорубуз миллиондон ашык көрүүнү топтой алды. Биз элге блогер катары да таанылып калдык. Азыр жолдошумдун өзүнүн баракчасы, катталуучулары бар. Эми ал кишиде архив толтура да, мурун бизде мобилограф, контентмейкер дегендер жок болчу. Инстаграм баракчамды ачкандан бери эле жолдошум алдыга түртүп келгенби деп ойлоп кетем. Анткени жакшы чыкмайынча мени кайра-кайра сүрөткө тарта берчү, идеясы да укмуш көп эле. Көрсө, жолдошум ошол учурда эле мага инфопродюсер болуптур. Уулум Барсбек дагы алдынкы жаш блогерлерден. Кызым Даткайым дагы бул тармакка кызыгып, азыр кандай блог алып барсам деп изденүүдө. Айсулуунун да баракчасы бар. Бир гана Алихан уулум анча кызыкпайт. Негизи менин бардык иштеримди, концерттердин уюштурулушун, сүйлөшүүлөрдү жолдошум жүргүзөт. Мен ырдаганды гана билем.
– Сиздин оюңузча, аял кишинин бактысы эмнеде?
– Жаш кезде бакыт деп башка нерселерди элестетчүмүн. Сулуулук, атактуулук, байлык сыяктуу нерселерди, мисалы. Бирок аялдык бакыт – аялдын корголгонунда экен. Аял сыноого кабылып, иши жүрүшпөй турганда күйөөсү “эй, мен турам го, баары жакшы болот” деп койсо, аялдын жүрөгү тынчтанат. Бакыт ушунда экен. Анан албетте, балдарым, жолдошум, ден соолугум, ата-энем, бир туугандарым, ушунун баары бакыттын катарында.
– Сиздеги назиктик табигыйбы же чыгармачылыктагы образбы?
– Кичинемде урушуп, мушташкан өтө “дерзкая” кыз болчумун. Чоңоюп бойго жеткенде, айрыкча турмушка чыкканда чыныгы назиктик пайда болду. Азыр көптөр “Самара, аялдык энергияң жогору” деп айтышат. Назиктигим табигый деп айта алам, анткени корголгон аял назик болот экен.
– Балалыктагы унуткуңуз келбеген маанилүү окуя же эскерүү эмнеге байланыштуу?
– Мен балалыгым үчүн ата-энеме аябай ыраазымын. Атам менен апам бар бардык күндөрүмдө бактылуулук, эң кымбат эскерүүлөр бар. Сүйүүгө тойгон, толгон адаммын.
– Кызыңызга же уулуңузга “бактылуу болуунун сыры ушул” деп эмнени айтат элеңиз?
– Балалыктан өзүң эмнени алсаң, балдарыңа ошону берет экенсиң. Кыргызда “уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың” дейт, ушул чын экен. Атам менен апам мага кандай тарбия берсе, мен деле ошону балдарыма бергенге аракет кылдым. Мен кайненеме, өзүмдүн апама ыраазымын. Анткени балдардын жанында 24 саат бою болуп баккан апа эмесмин. Элдин кишиси экенмин, көп учурда алардын жанында болбой калып жаттым. Балдарыма айтарым: Силер өзүңөр бакытсыңар, өзүңөрдү бирөөлөргө салыштырбагыла. Ар бириңер уникалдуусуңар. Бакыттын сыры ушул демекмин.
Билгенге эне болуу да искусство. Балдар кызганышат, ар бирине “сени жакшы көрөм” деп айтып турам. Жолдошум да балдарды катуу кармайт, “мен тарбиялап жатканда, сен болушпа” деп калат. Энесиң да, андай учурда кээде коргогум келип кетет, бирок өзүмдү кармап четте турам. Жолдошумдун сөзү – биз үчүн мыйзам, бир жаман карап койсо, төрт балам тең каякка кирип кетерин билбей калышат (күлүп).
– Азыркы Самара Каримова бир кезде чыгармачылыкка жаңыдан киришкен Самара Каримовага жолукса, кандай кеңеш айтмак?
– “Көздөгөн багытыңдан кайтпа” дейт эле. Кичинемден эле “жылдыз” болом дечүмүн. Өзүмө гана эмес, инилериме да, сиңдилериме да "максатыңардан кайтпагыла" дейт болчумун.
– Маанилүү маек куруп бергениңиз үчүн рахмат! Ийгилик каалайбыз!
Нуржамал Жийдебаева