УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге ачылган кылмыш иши боюнча айыптоо актысы бекитилди. Бул тууралуу жактоочу Икрамидин Айткулов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Айткуловдун айтымында, Ташиевге “Бийликти күч менен басып алууга даярдануу” жана “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча айып тагылган. Аны менен бирге кылмыш ишинин алкагында дагы жети адам айыпталуучу катары каралып жатат. Алар кимдер экени азырынча белгисиз. Кылмыш ишинин материалдары Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүлдү. Кылмыш иши жашыруун деп белгиленгендиктен, соттук отурумдар жабык өтөт, тергөө жана соттун маалыматтарын ачыкка чыгарууга тыюу салынат.
Буга чейин Камчыбек Ташиев өзүнө карата кылмыш иши козголгонун ырастап, бирок күнөөсүз экенин айткан.
– Бул кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар жана менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам. Кимдин күнөөсү болсо, ал жазасын тартат, ал эми таза болсо акталат. Себеби мамлекетибизде акыйкат сот системин түзүүгө мамлекет башчыбыздын аракеттери көрүлгөн. Мисалы, 25 адамдан турган “кемпир-абадчылар” да акталышты. Баарыңыздардан мыйзамдын чегинде гана болууңуздарды суранам. Эч кандай коомдук же башка адамдардын кыймыл-аракеттеринин зарылдыгы жок деп эсептейм,- деген Ташиев өз билдирүүсүндө.