Президенттик аппарат өлкөдө күйүүчү майдын кымбатташы боюнча 11-май күнү түшүндүрмө берди. Анда АКШ-Израил-Иран ортосундагы согуштан улам дүйнө жүзүндө газ жана күйүүчү майдын баасы кескин кымбаттап, аталган көйгөй Кыргызстанга дагы түздөн-түз таасирин тийгизип жатканы белгиленет.
– Согуш башталганга чейин Орусиядан АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин тоннасын 650 доллардын тегерегинде алып келсек, учурда анын баасы орточо 950 доллар. Ал эми дизель майынын тоннасы орточо 700 доллар болсо, азыр 1200 доллардан ашты. Айрым жарандарыбыз “эмне үчүн кошуна Казакстанда күйүүчү май арзан да, бизде кымбат?” деген суроону берип жатышат. Мунун негизги себеби – Казакстанда ири мунай ресурсу бар, өздөрү өндүрөт жана күйүүчү май мамлекет тарабынан субсидияланат. Башкача айтканда, мамлекет каржылап өз эсебинен бааны төмөн кармап турат. Бизде дагы ушундай тажрыйба электр энергиясы тармагында колдонулат. Мисалы, Кыргызстанда электр энергиясынын өздүк баасы 3 сом 7 тыйын болсо, элге 1 сом 64 тыйындан берип жатабыз. Ортодогу айырманы мамлекет субсидиялайт,- деп айтылат соцтармакка жарыяланган маалыматта.