Эгерде УКМК жарандардын телефонун тыңшаса, телефон ээлери аны байкашпайт. Мындай маалыматты парламент комитетинин 12-майдагы жыйынында УКМКнын төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев билдирди. Жыйында депутат Исманали Жороев атайын кызматтын өкүлүнө телефондук тыңшоо функциясы тууралуу суроо узатты.
– Бардык телефондордо “прослушка” бар да. Бирок кандайдыр бир шектүү сөз айтылгандан кийин иштейт, ушундайбы? Мисалы, сүйлөшүп жаткан учурда көпчүлүк телефондордо “телефон тыңшалып жатат” дегендей белгилер пайда болот, мисалы угулбай калат, ушул тыңшообу же андай эмеспи?- деди депутат.
Алишер Эрбаев атайын органдардын телефондорду тыңшоосу мыйзамга ылайык гана жүргүзүлөрүн белгиледи.
– Атайын кызматтар же органдар телефонду уга турган болсо, ал функцияларды жарандар билишпейт, билдирбей жасалат. Биринчиден, УКМК жана ички иштер органдары телефондорду Конституциянын негизинде гана тыңшоого алат. Экинчиден, соттун чечиминин негизинде гана,- деди Эрбаев.