(Башы өткөн сандарыбызда)
– Сиз эле болсоңуз ушунча бозого жарылып кетесиз да, ээ? Былтыр “Өскөнбайдыкында 40 литр бозо ичиптирбиз” деп айтпадыңыз беле?
Экөө жобурашып отуруп кийинки келген бозону да түгөтүштү. Эчак түн кирип, Адилет бара турган кечесинен үмүтүн үзүп койгон эле. Аңгыча болбой:
– Мен уктайм эми. Уйкуң келсе сен да жатып укта. Болбосо кете бер,- деди абасы.
Ушул сөздү кечке күтүп турган жаны ордунан ыргып турду да, идиш-аяктарды ичкериге алып кирип коюп:
– Мен кеттим, аба. Эртең менен келем,- деген бойдон чуркап жөнөдү.
Түз эле Айперинин үйүн көздөй бет алды. Өзүн коёрго жер таппай, “Берметке эмне деп айтам эми? Илгиз ага тийишкен жокпу?” деген ойлор аны түпөйүл кылып жатты. Айперинин үйүнө кирип барса, короонун ортосунда классташтары бийди эзип жатышыптыр. Эч нерсеге көңүл бурбай эле, элдин арасынан Берметти издеп жөнөдү. Сүйгөнү классташтарынын арасынан көрүнө бербеди. Оюна бир нерсе кылт дей түшүп, көздөрү менен Илгизди издеп баштады. Илгиз алманын түбүндө балдар менен сүйлөшүп туруптур. Аны көрөр замат көңүлү жай ала түштү да, Азаматтын жанына барып:
– Кандай, досум? Майрам ойдогудайбы? Берметти көрдүңбү?- деп аптыга сурай баштады.
– Эй, Адилет, кайда жүрөсүң? Баары жакшы. Бермет сени күтүп-күтүп үйүнө кетип калды. Сага чоң салам айтты.
– Анда сен өзүң баарына көзөмөл бол. Мен Берметке кеттим.
Берметтин короосунун жанына басып келип, акырын “Бермет” деп кыйкырды. Зарыгып күткөнү келгенин сезген кыз сыртка чуркап чыкты. Капалуу үн менен:
– Кайда жүрөсүң?! Саат канча болду? Мени ойлойсуңбу сен өзү?
– Алтыным, кечирип койчу?! Мыктыбек абам кармап калды. Мас экен. Сен эмне кечеден кетип калдың?
– Мыктыбек аба мас болгондо сенсиз жүрө албай калабы? Сен жок, мен кечеде эмне кылмак элем?..
– Ооба, чындап эле эмне кылмак элең мен жок?
Ошентип, экөө мектептин багын аралай, тээ түн жарымына чейин жүрүштү. Адилет Терминатор абасы менен болгон сөздүн баарын айтып берди. Орусияга кетерин мурда айтып койгондуктан, бул жолу кайталап айткан жок. Таң ата сүйгөнүн үйүнө жеткирип, өзү үйүнө жетип сөрүгө жатайын деп калганда үйдүн ичинен апасы чыгып калды.
– Таң атканча жүрө бердиңби, балам?
– Кечээ кечке Мыктыбек абам менен болдум. Майрамга кеч бардым. Апа, мындай келип отурсаңыз. Сөздөр бар. Мыктыбек абам менен сүйлөшүп отуруп, көп нерсени чечкендей болдум. Күрөң уй менен үйдү саттым, Мыктыбек абама.
– Эмне?!
– Үйдү саттым. Орусиядан иштеп келип, мындан сонун үй алып берем силерге. Карыздардан кутулуш керек болуп жатпайбы.
– Адилет! Мындан сонун үй айылда жок экенин билесиң го?- деп Гүлсаранын көздөрүнөн жаш агып кетти.
– Апа, ыйлабачы эми. Башка жакшы үй алмайынча ушул үйдө жашай бересиңер. Качан мындан да чоң үй алганда чыгабыз бул үйдөн. Мыктыбек абам сөз берди.
– Абаң мастыгы менен сөз берди да. Мага бир ооз айтып койбой, ушуну кылдыңбы, сен?!
Апасы көзүнөн жашын агызып, даараткана тарапка басып кетти.
Ортодо жымжырттык өкүм сүрүп, Адилет эч нерсе дей албай туруп калды. Жүрөгү сыгылып, көөдөнүнөн чыгып кетчүдөй болуп турду. Ошол кезде:
– Адилет, ыйлаак апаңды кечир. Сен азыр үйдө кожоюнсуң да. Өзүң туура деп эсептегендей кыла берчи, кулунум.
Апасынын назик үнү жымжырттыкты бузду. Адилет апасын кучактай калды.
– Апа, баары жакшы болот. Орусияга Медет менен барып, мындан сонун үй сатып берем силерге.
– Сен аман болсоң, баарын сатып бересиң, балам. Бул жагын да туура кылыпсың. Үйдү сатсаң да, бир туугандарыңды көчөдө калтырбайт экенсиң. Мыктыбек абаң да жакшы жардам кылыптыр сага.
– Ооба, чоң жардам берди. Эки күндөн кийин жолго чыгам.
– Макул. Жакшы экен андай болсо. Өзү анын нак акчасы бар бекен, биздин үйдү алгыдай?
– Кумар акемдин Москвадан иштеген акчасы бар экен. Ошол баласынан алат.
– Болуптур, укта анда, кулунум.
– Кыжалат болбой сиз да эс алыңыз, апа.
Жаңы эле башын жаздыкка койгондой болгондо бирөөнүн түрткүлөп жатканынан кайра эле ойгонду. Дагы эмне болуп кетти деп оодарылып караса, жанында Терминатор абасы отуруптур.
– Ой, түшкө чейин уктай бересиңби? Тур, саат сегиз жарым болуп калды. Сен деги Карачаңды карап койдуңбу?
– И-ий, ата, аны унутуп калган турбаймынбы,- деп ордунан ыргып туруп, шашылып жөнөп калды.
– Ай, жата бер эми, кыйраткансыбай. Атыңды үйгө алып келип койдум.
– Адамды чочутпай, ошентсеңиз го. Сизге ишенип майрамдап жүрдүм да.
– Апаң менен сүйлөштүңбү үйдү?
– Сизди кечээ мас болуп калып сүйлөп жатабы дедим эле.
– Ой, атаңдын оозун урайын. Сопсоо эле болчумун.
– Аба, үйдү чындап эле аласызбы?
– Анан эмне сени алдамак белем?..
– Макул, макул. 500 миң сом. Мындай үйдү айылдан таппайсыз.
– Сен менен баш оорутуп отурбайын. 450 миңин бүгүн берем, калганын кийинчерээк мал семиргенде сатып туруп берем.
– Ий, анан күрөң уйду сатпайм кайра. Тамдын акчасы деле жетет. Бирок койду бериңиз. Ал керек.
– Ай, тиги директириң менен өзүм бүтүрүп коём. Семиз-семиз “5” деген бааларды коюп берет. Картаң койдон бирди берем дагы, сенин бир козуңду алып калам. Макулбу?
– Болуптур, аба.
Жашоосун тозокко айландырган карыздардан кутулуу алдында турганы Адилетти аябай кубандырып турду. Үстүнөн ат көтөргүс жүктү алып салгандай, өзүн жеңил сезип жатты. Кудуңдап секире-секире чуркап, сайдагы агын сууга жуунуп келейин деп жөнөдү. Сайдан чыгып келип, курсагын тойгузду. Апасы жанына келип отуруп, баласын жылмайып карап калды.
– Балам, эми ушу менен баары бүтүп кетсе кандай сонун болот эле...
– Апа, баары бүтөт, буюрса. Мен баарын бүтүрүп кетем. Чөптү балдарга акча берип чаптырып, жыйнатып аласыз. Малдын ашыкчасын саттырасыз. Бардык иштерди акча берип бүтүрө бересиз. Кыздарды кыйнабаңыз, ээ? Аларга үйдү саттык деп айтпай эле коюңуз.
– Сендей акылдуу балам болбосо эмне болот элем, бир Кудай билет. Макул. Кыздар билбейт эч нерсени.
Ошентип, кобурашып чай ичип жатканда Терминатор абасы эшиктен кирип келди.
– Чайыңардын үстүнөн чыктым, ээ? Айтмакчы, Адилет, кечээ «суурдун этин кууруп чакырам» деп дардаңдап жатпадың беле?
– Бүгүн деле күн бар го, азыр кууруп башташты.
Баштыгын кучагынан алып чыккан Мыктыбек Адилетке карматты:
– Ме, туптуура 450 миң сом. 1 тыйын кем эмес да, ашык эмес.
Залкарбек Карабалаев
(Уландысы кийинки саныбызда)