Биз социалдык тармакта

ӨКМӨТ ЭЛЕКТРДИ ҮНӨМДӨӨ ЖОЛУН ТАПТЫ

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 13-майда мамлекеттик кызматкерлерди иш бөлмөлөрүндө костюм, галстуксуз, көйнөк менен отурууга чакырды. Өкмөт башчы жеңил кийинүү менен ысыкта аба муздаткычты иштетпей эле койсо болот дейт. Мындай тажрыйба менен Япония электр энергиясын үнөмдөөгө жетишкенин мисал кылды.             

– Япония жайында электр энергиясы көп сарпталып жаткандыктан мамлекеттик кызматкерлердин формасын өзгөрткөн. Кызматкерлер көйнөкчөн келе баштаганда миллиарддаган иен (Япониянын акча бирдиги) үнөмдөлүптүр. Күн ысыкта костюм менен отургандар аба муздаткычты иштетип алышат,- деди Касымалиев.

Кыргызстан жылына орточо 20 миллиард киловатт-саат электр энергиясын пайдаланат. Мисалы, 2025-жылы өлкө 19 миллиард киловатт-сааттан ашык электр кубатын пайдаланган. Анын 15,4 миллиарддан ашыгын Кыргызстан өзү өндүрсө, калганын сырттан сатып алган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1221, 15-21-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан