Биз социалдык тармакта

КУРУТ ЖАНА КЫМЫЗ ЭКСПОРТУ КЕСКИН ӨСТҮ

2026-жылдын алгачкы 4 айында Кыргызстан 11,8 миң тонна сүт азыктарын экспорттогонун Айыл чарба министрлиги билдирди. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 1688 тоннага көп. Сезилерлик өсүш кычкыл сүт азыктарында байкалганы белгиленет маалыматта. Мисалы, курут жана кымыз экспорту 3,6 тоннадан 116 тоннага чейин өстү. Ошондой эле сүттүн сары суусунун экспорту 164 тоннага, майсыз кургак эчки сүтү 17,6 тоннага, сүт коктейли 2,2 тоннага, каймак 1,6 тоннага жеткени айтылды. Айрым азыктар боюнча экспорт көлөмү азайды. Мисалы, сары май, кургак сүт, сыр жана балмуздак. 

Жалпы караганда, сүт азыктарын экспорттоодо оң жылыш байкалууда. Экспортко жөнөтүлүүчү продукциялардын түрүнүн кеңейиши жана тышкы рынокко жаңы товарлардын чыгышы тармакты өнүктүрүүгө шарт түзүүдө деп белгиленди.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1221, 15-21-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан