Кыргызстанда 7 миңден ашык студентке жатакана куруу пландалууда. 12-майда бул боюнча өкмөттө атайын жыйын өткөнү маалымдалды.
Жыйында илим жана жогорку билим берүү министри Гүлзат Исаматова өлкөдөгү студенттердин аймактар аралык мобилдүүлүк программасын көрсөттү. Ага ылайык, өлкөнүн 5 облусунда жана Бишкек, Ош шаарларында 7 миңден ашык орунга ылайыкталган 9 жатакана куруу пландалууда.
Азыркы тапта студенттик жатаканаларды курууга жер тилкелери аныкталып, инженердик-изилдөө иштери аткарылып, долбоор алдындагы жана архитектуралык чечимдер иштелип чыкты.