Биз социалдык тармакта

Сынык канат (ташталган баланын тагдыры тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда)

Арина арадан бир апта өтсө да, өткөндө көргөн элестер менен алышып жатты. Өткөндө кафедеги көрүнүш анын ичиндеги бүт тынчтыкты бир заматта талкалап кеткендей болду. Көз алдында баары... Илим күлүп отурат. Анын маңдайында – Тамчы. Экөө бири-бирин көптөн бери билген адамдардай эркин сүйлөшүп жатышат. Тамчы бир нерсени айтып жатып жай гана күлдү. Илим анын сөзүн кунт коюп угуп, көзүн андан албай отурду. Дал ошол көз караш Аринанын жүрөгүнө бычак сайылгандай катуу тийген экен, эмдигиче унута албай жатты. Бирок эң жаманы – Илимдин жанындагы кыз сулуу болгонунда эмес эле. Ооба, сулуу кыз экен. Бирок анда башка дагы бир нерсе бар болчу. Башкаларда болбогон... Аринада болбогон... Сөз менен түшүндүрө албай турган бир күчтүүлүк бар экен. Же харизмабы? Анан да Илим анын жанында бактылуу көрүндү. Жасалма эмес, расмий эмес, чыныгы өзүн көрсөтүп жаткандай эле. Адатта ал дайым расмий жана муздак сезилчү, бирок тиги кыздын жанында башкача эле...

xxx

Арина эшикти акырын ачты. Илим бир нерсе жазып жаткан экен, башын көтөрүп, аны тиктеди. Куду бир нерсеге күнөөлүү болгондой.

– Арина?

Арина сыртынан токтоо көрүнгөнү менен, ичинен кызганыч, коркуу, таарыныч аралашып күйүп жаткан. Акырын жылмайган болду.

– Мен жөн эле өтүп бара жаткам. Сага кире кетейин дедим.

Үнү жай чыкты, бирок ичиндеги титирөө билинип турду. Илим ордунан турду.

– Каласыңбы?

– Жок, апам конок чакырган экен, ал жакка барам.

– Аа, макул.

Анын эч кандай каршылыксыз макул дегени дагы жүрөгүн сыдырып өттү. Арина анын көзүнө түз карады. Ал тиги кызды карагандай кызыгуу менен тиктебеди, чарчаңкы карап турду. Көздөрүнө жаш айланды, бирок ыйлаганын көрсөткүсү келбей жатты. Илимдин алдында алсыз көрүнүүдөн коркту. Арина сумкасын акырын кармап, артка бурулду. Бирок апасынын үйүнө да баргысы келген жок. Илимге байланып калганын биринчи жолу сезди да, коркуп кетти. Чалыштай басып барып диванга отуруп калды. Бир топко ошентип отурду. Кечки шаар терезенин сыртында жай агып жаткандай. Машиналардын жарыгы узун сызык болуп созулуп, бөлмөнүн ичиндеги оор тынчтыкты дагы да тереңдетип турган. Эч кимиси жарыкты күйгүзүп койгусу келбей отура беришти. Арина дивандын четинде отурду. Колундагы чай эбак муздап калган. Илим болсо терезе жакта туруп алып телефонун карагансып, бирок эмне окуп жатканын билбеди. Экөөнүн ортосунда Тамчыны көргөндөн бери түшүнүксүз дубал пайда болгондой. Аны экөө тең сезип турган.

– Илим,- деди Арина акырын.

– Мм?

– Тойду ыкчамдаталы.

Илим акырын бурулду. Анын жүзүндө таң калуу да, чарчоо да бар эле.

– Эмнеге шашылып жатасың?

Арина дароо жооп берген жок. Бир азга көзүн жерге түшүрүп отурду. Анткени чыныгы себебин айтуудан коркту. “Сени жоготуп аламбы деп коркуп жатам” дегенди үн чыгарып айтуудан намыстанды.

– Жөн эле...- деди ал акырын. – Убакытты көп созо бербейли дедим.

Илим диванга жакын келип Аринанын жанына отурду.

– Арина, бир нерсе болуп жатабы?

Ал суроону жумшак берди. Бирок Аринанын ошол жумшактыктан жүрөгү көбүрөөк ооруду. Себеби акыркы күндөрү Илим өтө этият болуп калган. Арина көзүн көтөрүп аны карап калды.

– Сен өзгөрүп жатасың.

– Кандайча?

– Билбейм, мурун күнүнө он жолу жазчу элең. Азыр “бош эмесмин” деген сөз көбөйдү. Анан баягы күнү...

Тамчынын аты айтылган жок. Бирок экөө тең ким тууралуу сөз болуп жатканын түшүндү. Илим оор үшкүрдү.

– Сен дагы эле ошол нерсени ойлонуп жүрөсүңбү?

– Унутайын дейм... Бирок көзүңдөгү нерсени унута албай жатам.

– Кандай нерсени?

Арина күлүмсүрөгөн болду. Ачуу күлкү чыкты.

– Сен аны караганда...

Бул сөз Илимге катуу тийди. Ал ордунан туруп кетти.

– Арина, сен ашыкча ойлонуп жатасың.

– Балким!- деди ал күтүлбөгөндөй катуу үн менен. – Балким, мен жинди болуп жаткандырмын! Бирок мен сени жоготкум келбейт, Илим... Ошон үчүн тойду тездетели деп жатам.

Аринаныкы жөн эле кызганыч эмес болчу. Бул – сүйгөн адамын акырын жоготуп бараткан аялдын жан дүйнө кыйкырыгы эле. Арина көз жашын көрсөтпөй бурулуп кетти.

– Мен сага күч менен жабышкым келбейт. Сени кызганып жаткан жокмун, Илим. Болгону мен сенсиз жашай албай калган окшойм. Мага деле түшүнүксүз сезим, эч кимге мынчалык байланам деп ойлогон эмесмин.

Арина терезе тарапка бурулуп, ыйлап жатканын жашыргысы келди. Бирок ийининин титирегенинен эле ичиндеги бороон-чапкын көрүнүп турду. Илим өзүн күнөөлүү сезип жатты. Анткени Аринанын коркуусу жөн жерден жаралган эмес болчу. Тамчы менен болгон жолугушуудан кийин ичиндеги эски, унутулган сезимдер ойгонуп кеткендей болгон. Бирок ошол эле учурда Аринанын ага канчалык байланып калганын да көрүп турган. Арина акырын сүйлөдү:

– Мен чарчадым, Илим...

Илим жакын келип, аны кучактады.

– Мени карачы.

Арина жай бурулду.

– Мен сени ыйлаткым келген эмес.

– Бирок ыйлатып жатасың...

Бул сөз жай айтылса да, ичинде чоң таарыныч бар эле. Илим анын чачын акырын сылады. Арина ошол мээримди күтүп тургандай көзүн жумду. Балким, акыркы күндөрү ага жетпей жаткан нерсе ушул эле – Илимдин жылуулугу.

– Баары жакшы болот,- деди Илим акырын. Ал сөзгө өзү да толук ишенбей турган. Бирок ошол учурда Аринаны жалгыз калтырууга дити барган жок. Арина анын көкүрөгүнө башын жөлөдү. Кээде адам сүйгөнү үчүн эмес, аяганы үчүн бир аялдын жанында калат экен. Ал Аринаны бекем кучактап алды. Экөө тең бул түн экөөнүн мамилесин сактап калуу аракети экенин түшүнүп турушту. Сыртта шаар уктап жаткан. Ал эми бул бөлмөдө эки адам бири-биринен сүйүүдөн да көбүрөөк – жоготуп албоонун айласын издеп жаткан эле.

xxx

Той жакындады. Арина сыртынан күлүп жүрдү. Колуна сөйкө кармап күзгүнүн алдында айланып, үлпөт көйнөгүнүн сүрөттөрүн карап, апасынан “ушунусу жакшыбы?” деп сурап жатты. Бир караганда бактылуу колукту. Бирок түн ичиндеги тынчсыздык аны жеп жаткан.

Илим өзгөрүлүп кеткен жок. Ал дагы деле камкор, дагы деле сый, расмий, адептүү. Бирок анын ичинде бир нерсе жетпей турганын Арина сезчү. Кээде Илим узакка унчукпай калат, кээде телефонду карап алып терең ойго чөгөт. Кээде күлөт, бирок көзү күлбөйт. Арина ошол нерсени байкаган сайын жүрөгү муздап кетчү.

Тойго саналуу күн калганда экөө ресторандан чыгып келе жатышты. Кечки салкын жел жай согуп турган. Арина Илимдин колун бекем кармап алды.

– Коркуп жатам,- деди күтүүсүз.

Илим аны карады.

– Эмнеден?

– Билбейм... Баары өтө тез болуп жаткандай.

Илим жай жылмайган болду.

– Өзүң шаштырбадың беле?

Арина да күлгөнсүдү. Бирок ошол күлкүнүн артында чарчоо бар эле.

– Ооба... Бирок азыр ойлосом, коркуп кеттим.

Тойго даярдык күчөгөн сайын Илимдин ичинде кыжалатчылык көбөйүп жатты. Баары даяр. Эки үй-бүлө бири-бири менен таанышкан. Коноктор чакырылган. Артка жол дээрлик жок. Бирок анын көз алдына кээде Тамчынын күлгөнү элестейт. Анын жанындагы тынчтыкты самаганын баса албай жатты. Мындайда ал өзүн эң жаман адамдай сезчү. Анткени жакшы адам эки жүрөктүн ортосунда калбайт эле. Экөөнүн тең жүрөгүн оорутпайт эле. Ал эми Арина болсо күн өткөн сайын Илимди көбүрөөк сүйүп бара жаткан. Балким, жоготуп алуу коркунучу сүйүүнү дагы күчөтүп жибергендир. Ошентип, той жакындаган сайын үч адамдын тагдыры да акырындап бир чекитке жакындап бара жатты.

 

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1221, 15-21-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан