90-жылдардын балдары сөзсүз тааныган «Love is…» сагызынын тарыхы чыныгы жашоодон алынган. Сагыздын ичинде “Сүйүү – бул ...” деп сүйүүгө аныктама берген түрдүү жазууларды чогултчу белеңиз сиз дагы? Анда махабат баяны брендге айланган сагыздын тарыхына токтололу.
Кат аркылуу сүйлөшүү
1960-жылдары жаңы зеландиялык сүрөтчү-мультипликатор Ким Гроув жакшы иш табуу максатында АКШга келип, Лос-Анжелес шаарындагы жарнамалык компаниялардын биринде иштеп калат. Ал жактан италиялык программист Роберто Касали аттуу мырза менен таанышып, экөөнүн ортосунда сүйүү оту тутанат. Ал кезде уюлдук телефон деген жок секунд-мүнөт сайын сүйлөшүп тургандай. Анан байланышуу, сезимдерин билдирүү максатында кат аркылуу сүйлөшө башташат. Ким кагазга кыз менен жигиттин сүрөтүн тартып, түрдүү сөздөрдү жазып турган.
Los Angeles Times’ка жеткен
Сүйүшкөндөрдүн оригиналдуу “кат жазышуусу” алгач кесиптештер арасына жайылып, ошентип отуруп белгилүү Los Angeles Times басылмасынын көңүлүн бурган. 1970-жылы Кимге биринчи жолу басылмадан “Сүйүү – бул...” деген комикс тартуу буюртмасы түшкөн. Ошол эле жылы жазуучу Эрих Сигалдын “Сүйүү тарыхы” деген китеби чыгып, анын негизинде тасма да тартылат. Чыгарманын девизи – “Сүйүү – бул кечирим суроого милдеттүү эмес болгондо...” деп белгиленген. Жазуучунун бул оюна жооп кылып Ким Гроув комиксине “Сүйүү – бул кечирим сурай ала турган болгондо...” деп кошкон. Эки тараптын виртуалдык кайым айтышуусу коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынып, Кимдин сүрөттөрү футболка, кружка жана башка буюм-тайымдарга түшүрүлүп сатыла баштаган.
Түрк сагызы
«Love is…» аттуу сагыз чыгарылары, анда Ким менен Роберттин сүйүү жазуулары басыларын авторлор билишкен эмес. Сагызды 1990-жылдары түркиялык компания чыгара баштаган. 2008-жылы журналисттер Ким менен Робертке кайрылып сагыздын тарыхын айтып берүүнү суранышканда гана алар таң калышкан.