Биз социалдык тармакта

МЕКСИКА АШКАНАСЫНЫН БИЗДЕГИ ПОПУЛЯРДУУ ТЕЗ ТАТЫМДАРЫ

Көпчүлүк тамактануучу жайларыбызда мексика ашканасына таандык тез татымдар популярдуу болуп, менюнун катарында өтүмдүү орундарда. Суроо-талапка ээ болгон кесадилья, буррито, тако сыяктуу даамдарды жасоонун көп кыйынчылыгы жок. Мексикада жүгөрү негизги азык болгондуктан бул татымдардын негизин жүгөрү унунан жасалган жупка түзөт. Бул жолу бизде жайылган кесадилья жана бурритону жасоо ыкмалары менен тааныштырабыз. 

 

Кесадилья менен бурритонун айырмасы

• Булардын окшоштугу – тортилья деп аталган жүгөрүдөн жасалган жупкада. Мындай жупканы чоң азык-түлүк саткан дүкөндөрдөн табууга болот. Болбосо лаваш аттуу жупка ордун баса алат.

• Жасалышына карай кесадилья тегерек же жарым тегерек формада жасалат. Буррито болсо шаурма сымал толтурманы тыгыз ороо менен жасашат, бирок бир башы ачык болот.

• Ичиндеги толтурмасына карай кесадильянын негизин сыр түзөт. Жалаң сырдан да жасайт. Мындан сырткары эт түрлөрү, жашылчалар, козу карын, картошка менен толтурулат. Бурритонун ичине түрдүү азыктар салынат: башкысы төө буурчак, жүгөрү, кийинки азыктар эт, күрүч, жашылча, ашкөк, жумуртка, соус түрлөрүн, каймак кошуп берсе болот. Негизгилер төө буурчак, эт, соус, жашылча.

• Кесадилья закуска катары желсе, буррито толук кандуу тамакка кирет.

 

ФАРШ ЖАНА ТӨӨ БУУРЧАК МЕНЕН БУРРИТО

Керектелүүчү азыктар (2 порция үчүн):

Фарш – 200 грамм

Пияз – 1 баш

Болгар калемпири – 1 даана

Консерваланган төө буурчак – 70 грамм

Барбекю соусу – 2 аш кашык

Пармезан сыры – 20 грамм

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Жупка – 2 даана

Туз – татымына жараша

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Көмөч казанга май куюп, ысыган кезде этти жана майда тууралган пиязды салып, туз татытып кууруп алабыз. Жарым жартылай даяр болуп калганда майда тууралган болгар калемпирин жана төө буурчакты салып 3-4 мүнөт куурабыз.

2. Жупканын диаметри 30 сантиметрге чейин болушу керек. Алгач сырды сүргүчтөн өткөрүп алып, ортосуна жайгаштырып, үстүнө куурмачты салып жайгаштырабыз. Алдынкы бөлүгүн бүктөп, эки капталын да бекем оройбуз. Гриль көмөч казанга бурритону коюп, эки тарабынан кызартып чыгарабыз.

 

ЖУМУРТКА ЖАНА ТӨӨ БУУРЧАК МЕНЕН БУРРИТО

Керектелүүчү азыктар (2 порция үчүн):

Жумуртка – 3 даана

Төө буурчак – 70 грамм

Болгар калемпири – 20 грамм

Кызыл пияз – 10 грамм

Помидор – 1 даана

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Туз, уксус (9%) – татымына жараша

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Пияз, болгар калемпири жана помидордун этин жука узун туурап, туз, уксус, 1-2 чымчым кумшекер кошуп жакшы аралаштырабыз. Табитиңизге жараша таттуу калемпирдин ордуна орточо ачуулуктагы калемпирди колдонуңуз. Татымалдар азыктарга сиңип маринаддалып турушу керек.

2. Жумуртканы өсүмдүк майына кууруп чыгарабыз.

3. Жупканын бетине чогултабыз – алгач жашылчаларды, андан соң жумуртканы майы менен салып, төө буурчак кошуп, бир башын ачык кылып оройбуз. Буррито даяр!

 

ТӨРТ СЫРДАН КЕСАДИЛЬЯ

Керектелүүчү азыктар (1 порция үчүн):

Жүгөрү жупкасы – 1 даана

Голландия сыры – 15 грамм

Пармизан сыры – 15 грамм

Дор блю сыры (көгөргөн сыр) же шпинат – 15 грамм

Эритилген сыр – 30 грамм

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Тортилья жупкасынын жарымына эритилген сыр сүйкөп, пармезан сыры менен голландия сырын сүргүчтөн өткөрүп себелейбиз. Дор блю сырын майдалап кошобуз, бул сырдын ордуна шпинаттты туурап кошуп жиберсе болот. Жупканын экинчи жарымы менен жаап, ысып турган көмөч казанга коюп, эки тарабынан кызартып чыгарабыз. Бышырып жатканда бекем басып коёбуз.

2. Ысык кезинде кесип, ар кандай соустар менен берүүгө болот.

 

ТООК ЭТИНЕН КЕСАДИЛЬЯ

Керектелүүчү азыктар (1 порция үчүн):

Жупка – 1 даана

Тооктун төш эти – 100 грамм

Өсүмдүк майы – 1 аш кашык

Катуу сыр сорту – 15 грамм

Эритилген сыр – 1 аш кашык

Помидор – 15 грамм

Болгар калемпири – 10 грамм

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Тоок эти майда чарчы бөлүктөргө тууралат. Көмөч казанды ысытып, май куюп, тоок этин кызарта кууруп чыгарабыз.

2. Помидордун сырткы кабыгын аарчып, ичиндеги суюк бөлүгүн алып салып, этин жука кесип туурайбыз. Болгар калемпирин да жука тууроо керек.

3. Тегерек жупканын жарымына эритилген сырды сүйкөп, тоок этин, помидор, калемпирди үстүнө жайгаштырабыз да, катуу сырды сүргүчтөн өткөрүп себелейбиз. Жупканын жарымын жаап, ысып турган гриль көмөч казанга же көмөч казанга салып, үстүнөн басканча кызарган из түшүрөбүз. Үстүнөн катуу басканда сыр эрип, толтурма басырылып чыгат. Эки тарабынан кызартабыз.

4. Чыгарып, 3-4кө бөлүп, ысык кезинде сунуштайбыз.

 

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1221, 15-21-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан