Биз социалдык тармакта

Деңизде 1001 күн (бакыт байлыкта эмес экенин чагылдырган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

       

Марат Стамбулдагы жаңылыкты көргөндөн кийин тынч отура алган жок. Чайканадагы кадимки бака-шака баарлашуу кайра жанданып жатса да, ал үчүн баары өчүп калгандай эле. Экрандагы Стамбул, ары-бери чуркап жүргөн адамдар, сирена үндөрү, баары анын ичинде бир эле суроону жаратып жатты: “Тинатин кандай абалда?..” Ал акырын ордунан турду, достору өз ара кызуу сөзгө кирип кетишкен.

– Мен кетишим керек, жигиттер,- деди ал кыска. Бир досу таң кала карады:

– Кайда кетесиң? Тынччылыкпы?

Марат Стамбулдагы кырдаал боюнча сөз кылып, ал жакка барышы керектигин айтты:

– Ал жакта Тинатин бар.

Бир нече секунд жымжырттык орноду.

– Сен акылдан адаштыңбы?- деди досу катуу. – Ал жер Стамбул! Кырсык болуп жатат! Сен эмне кыласың ал жакка барып?

Марат көзүн албай жооп берди:

– Эч нерсе кыла албасам да ошол жакта болушум керек.

– Бул сенин ишиң эмес!

– Бул менин ишим,- деди Марат үнүн көтөрүп. – Ал менин досум!

Достору бири-бирине карап калышты. Марат эшикти катуу жаап чыгып кетти. Көчөдө түнкү муздак жел согуп жатты. Марат көчөдө шашыла басып баратып бир сөздү улам кайталай берди:

– Мен анын жанында болушум керек. Анын жанында болушум керек...

Аңгыча такси кармады. Телефондон Стамбулга авиабилет караштырып, аэропортко жол тартты. Артта Оштун кадимки карааны калды, ал эми алдыда белгисиздик жана бир гана адам – Тинатин. Марат көзүн жумду. Биринчи жолу ал жасап жатканым туурабы, туура эмеспи деп ойлонгон жок. Ал чечимди тез жана бекем кабыл алды. Аэропорттун ичи адаттагыдай ызы-чуу эмес болчу, негедир эл аздай сезилди. Таблодо каттамдардын көбү кызыл болуп күйүп, биринин артынан бири “каттам кечигүүдө”, “каттам жокко чыгарылды” деген жазуулар чыгып жатты. Марат чуркап кирди ичкериге.

– Стамбулга билет керек! Азыр,- деди ал аптыга. Кызматкер аны карап, чарчаган үн менен жооп берди:

– Учактар учпай жатат. Кырдаалга байланыштуу бардык каттамдар убактылуу токтотулган.

– Кантип токтотулат?!- деп суроо узатты Марат. – Ал жакта адамдар оор кырдаалда калышты...

– Түшүнөбүз,- деди кызматкер. – Бирок бул биздин чечим эмес, коопсуздук үчүн...

– Мага коопсуздук керек эмес!- деп кыйкырып жиберди Марат. – Мага Стамбулга тезинен жетүү керек!

Ал жерде тургандар бурулуп Маратты карап калышты. Кызматкер акырын гана жооп кайтарды:

– Сураныч, тынчтаныңыз...

– Жок!- деди Марат катуу.
– Мен барышым керек! Силер түшүнбөйсүңөр! Ал туталанып кетти. Аңгыча коопсуздук кызматкерлери жетип келишти.

– Тынчтаныңыз!- деди алардын бири катуу. Марат айтканынан кайтпады:

– Мени коё бергиле!- каршылык көрсөттү. Бирок аны кармашты. Колун бек кармап, алып чыгып кетишти.

– Бул мыйзам бузуу!- деди кызматкер.

– Мага баары бир!- деп кыйкырды Марат.

– Ал жакка барышым керек!- деп кайталады кайра. Анын үнү аэропорттун чоң залында жаңырып кетти. Бирок эч ким жардам бере алган жок.

xxx

Суук, тар бөлмө. Убактылуу кармоочу жай. Темир эшик “тарс” эте жабылып, караңгы бөлмөдө Марат жалгыз калды. Ал акырын дубалга жөлөнүп отурду, колдору дагы деле титиреп жатты. Деми оор тартты. Башын мыжыга кармап, көзүн жумду.

– Эмнеге?.. - деди ал шыбырап. Жооп жок. Ал канчалык ашыгып турса да азыркы тапта эч нерсе кыла албай калганын сезди. Көз алдына кайра жанагы көрүнүш тартылды: Стамбул. Баш аламандык. Тинатин. Анын башы зыңылдап ооруп чыкты.

– Мен жетишим керек эле...- деди ал акырын. Бирок бул жолу аны эч ким уккан жок. Сыртта дүйнө өз нугунда айланып жатты. Ал эми бул кичинекей, суук бөлмөдө бир жигит өзүнүн алсыздыгы менен биринчи жолу бетме-бет келип отурду. Темир эшик жабылгандагы жагымсыз үн дагы эле кулагында жаңырып жатты. Суук, жымжырт бөлмөдө Марат дубалга жөлөнүп отурду. Бул жолу ал эч жакка чуркай албайт эле. Эч кимге кыйкырган жок, кыйкырганы менен пайдасыз экенин түшүндү. Эч нерсени талашкан жок. Жөн гана ойлор менен алпурушуп отурду. Жүрөгү ичинен акырын сынып жаткандай болду. Ал колдорун карады, калтырап жатыптыр. Ал көзүн кайрадан жумду. Ошол учурда көз жаш мөлт этти. Марат өмүрүндө биринчи жолу ыйлап жатты. Үнсүз. Бирок жанды тешкендей чыдагыс азап эле.

– Эмнеге?..- деп шыбырады кайрадан.

– Эмнеге мен эч нерсе кыла албай жатам?.. Көз алдына Тинатиндин элеси тартылды. Анын күлгөнү, таарынганы... “Стамбулда калгым келет” деген кыялы... Марат башын дубалга такап, көз жашын токтото албай калды.

– Мен сени жалгыз калтырбашым керек эле,- деди ал акырын. Ошол маалда темир эшиктин сыртынын бирөөнүн кадамы угулду. Инспектор кичинекей тешиктен Маратты унчукпай карап турду. Марат ордунан ыкчам туруп, эшикке жакындады.

– Сураныч,- деди ал, үнү алсыз. – Телефон бергилечи... Бир гана жолу чалып алайынчы.

Инспектор аны карап турду. Жана эле кыйкырып, жулкунуп жаткан адам жок, шаабайы сууган алсыз бирөө турду алдында.

– Кимге чаласың?- деди инспектор жай гана. Марат башын жерге салды.

– Бир кызга,- деди ал. – Ал Стамбулда, бирок...

Инспектор бир аз ойлонуп турду да, анан чөнтөгүнөн телефон чыгарып, жанагы тешиктен ичкери сунду.

– Тезирээк сүйлөш.

Марат телефонду колуна алды. Калтыраган колдору менен бир сандарды терип Тинатинге чала баштады. Ал номерди жатка билчү, ар бир саны анын эсинде. Чалуу кетти. Экрандагы “чалып жатат” деген жазууну үнсүз карап турду. Марат демин кармады.

– Тутканы ал, суранам,- деди ал шыбырай. Бир нече секунд өттү, бирок жооп жок. Андан соң экрандан “байланыш жок” деген жазуу чыкты. Көздөрү караңгылап кетти, Марат көзүн жумду. Телефон акырын колунан түшүп кетти.

– Жооп бербеди,- деди ал үнсүз. Бул сөз жөн эле жооп эмес, оор азаптын үшкүрүгү аралаш чыккан аргасыздыктын добушу болчу. Ал дубалга жөлөнүп, акырын ылдый отурду. Көз жашы токтобой жатты.

– Мен кечигип калдымбы?- деди ал шалдырай.

xxx

Тиричилик өз жолунда уланып жатты. Дүйнөнүн бир бурчу — Стамбул кыйрап жатат. Адамдар өмүр үчүн күрөшүүдө. Ал эми бул жерде тынч... Бир жигит биринчи сүйүүсүн жоготуп алуудан коркуп, эч нерсе кыла албай аргасыз отурду. Телефон чалууга жооп болбогон соң тынчсыздануусу эселеп күчөп, ичинен тыбырчылап жатты.

xxx

Таң ата элек. Шаарда суук шамал жүрүп турган. Көчөлөр кадимкидей эле, бирок шаардагы көп үйлөрдүн биринин ичинде жашоо өзгөрө түштү. Чачыкей телефонду колуна ала көзүн жумду.

– Марат...- деди ал шыбырап.

Жаңылык түнү эле жеткен ага. Инисинин милицияда экенин укканда ал бир мүнөт да отурган жок. Эртең мененки жумушуна барган жок. Сабагы да калды. Үйдөгү акчасын кичинекей сумкасына салды. Ал дайыма күчтүү болчу. Жумушта чыдамкай. Окууда тырышчаак. Үйдө жоопкерчиликтүү эле. Бирок бүгүн ал жөн гана эже – бир тууган. Ал милиция бөлүмүнө жеткенде эшик алдында бир аз токтоп калды. Демин тартып, көзүндөгү жашты кармап, ичкери кирди.

– Саламатсыздарбы? Мен Мараттын эжесимин...

Кызматкер башын көтөрүп карады:

– Келиңиз. Иниңиз бизде кармалып турат.

Чачыкей бир кадам жакындады.

– Мен аны алып кетейин деп келдим,- деди ал. – Ал жөн гана коркуп калган. Стамбулдагы окуяны укканда шашылып...

– Бул жөнөкөй гана түшүнбөстүк эмес,- деп Чачыкейдин сөзүн бөлдү кызматкер. Чачыкей түшүнбөй эки жагын карады.

 

 

(Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1221, 15-21-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан