Биз социалдык тармакта

ДҮЙНӨНҮН КӨҢҮЛҮН БУРГАН ХАНТАВИРУС ДЕГЕН ЭМНЕ? 

Учурда дүйнөлүк ЖМКларда хантавирус тууралуу маалыматтар байма-бай жазылып, айрым өлкөлөрдө аталган илдетти жуктуруп алгандардын статистикасы жарыяланууда. Хантавирус деген эмне, ал кантип жугат жана канчалык кооптуу?

Лайнердеги 7 адамдан табылган

MV Hondius круиздик лайнери 2026-жылдын апрелинин башында Аргентинанын Ушуайя портунан чыккан. Анда жалпы 147 адам болуп, алардын айрымдарында хантавирустун белгилери сапар учурунда билинген. 11-майда лайнердеги 7 адамдан аталган вирус аныкталып, учурда дагы экөөсүндө вирустун бар же жок экендиги такталып жатканы айтылууда. Аларда хантавирустун Америкада катталган Andes virus штаммы болгон. Илдеттен 3 жүргүнчүнүн каза тапканы маалымдалды.

23 өлкө өз жарандарын лайнерден атайын коргоочу камерада өз өлкөлөрүнө алып кеткени айтылып жатат.

Лайнерден тышкары жерде вирус жуккан учурлар да бар. Мисалы, учурда Францияда 1 аялдын абалы начар, ал 22 адам менен байланышта болгон. Улуу Британиянын 2 жараны аталган вирустан дарыланып жатканы жазылат ЖМКларда.

Жыл сайын планетада 100 миңдей адамда хантавирус катталат, анын жарымы кытайлыктар. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму вирустун пандемияга айлануу коркунучу абдан төмөн деп жакында билдирди.  

Эмне болгон вирус?

Хантавирус – бул ичине бир нече вирустарды бириктирген вирустун аталышы. 1950-жылы алгачкы жолу Корея согушу маалында Түштүк Кореянын Хантан дарыясына жакын жердеги салгылашта аскерлерден аныкталган. Ошондуктан дарыянын атынан аталып калган.

Вирус — кемирүүчүлөрдөн (чычкан, келемиш, айрым жапайы кемирүүчүлөр) жугат. Алар вирусту заарасы, шилекейи жана заңдары аркылуу айлана-чөйрөгө таратышат.

Жугуу жолдору

Кемирүүчүлөрдөн:

•Заарасындагы вирус абага аралашканда аны жутуп алуу мүмкүн.

•Вирус түшүп булганган буюмдар, тамак-аш аркылуу.

•Тиштеп алуусу аркылуу.

Адамдан адамга:

•Көпчүлүк учурда жукпайт. Узак убакыт жакын байланышта болгондо жугушу мүмкүн.
 

Вирус 2 дартты жаратат

Биринчиси – хантавирустук өпкө синдрому. Бул дем алуунун кыйындашы, дене таптын көтөрүлүшү, калтыроо, баштын оорушу менен коштолгон оору. 

Экинчиси – хантавирустук бөйрөк синдрому. Оор дарт. Кан басым түшөт, ичтен кан агуулар башталат, бөйрөк иштен чыгууга өтөт.

Дарылоо

Атайын ыкмалар жок. Оорунун белгилерине карап дарылашат. Бейтап дем ала албай калганда жасалма дем алдырылат. Бөйрөктү жабыркатса гемодиализге өткөрүшөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1221, 15-21-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан