Биз социалдык тармакта

“БИР ЗАМАТТА КӨЗДӨН АЖЫРАП, КАРАҢГЫ ДҮЙНӨДӨ КАЛУУ ЖАМАН ЭКЕН”

Каармандарыбыз Бишкектин четиндеги конуштардын биринде турушат. Жараткан аларды ден соолук менен сынап, учурда экөө тең көз илдетинин азабын тартып келе жатышканын айтат. Баары эмнеден башталды? Дартты айыктырууга кандай аракеттерди кылышты? Ушул жана башка суроолорго жоопторун айтышты. 

 

“Башында жакшы эле көрчүмүн”

– Аты-жөнүм Абдрасул Мадраимов, учурда 60 жаштамын. Кичи мекеним Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаары. Кадимкидей эле дени сак төрөлүптүрмүн. Эс тартканы билем, көзүм жакшы көрчү. Мектепти бүтүп, Кызыл-Кыядагы тамеки заводунда ар кандай жумуштарда иштедим. Жүк ташуучу, автобазада айдоочу болуп да иштеп жүрдүм. Ал кезде кийин көзүм көрбөй калат деп ким ойлоптур. Ишкана кайда жумшаса өзүмдү да, көзүмдүн кубатын да аябай, күн-түн дебей иштеп жүрдүм. Жалгыз башымды эки кылып, түтүн булатайын деп 1991-жылы үйлөндүм. 2 жылдан кийин кыздуу болгон соң келинчегим экөөбүздүн көз караштарыбыз, максаттарыбыз келишпей, ажыраштык. Кызымды апасы алып кетти.

Кийин 2000-жылы эл катары Бишкекке иштегени келип, пескоблок чыгарган жерде иштеп калдым. Ошол жылдары жубайым Дарика менен тааныштым. Токтоо, боорукер, ак көңүл, көптү билген, шайдоот, иштерман айым экен, жагып калды. Бири-бирибизди жакындан таанып-билген соң баш коштук. Өзүбүздүн үй жок болгондуктан батирлеп жашап жүрдүк.

 

“Бир күнү оң көзүм көрбөй калды”

– Мендеги көз оорунун башталышы 2010-жылга туш келет. Тиш салдырам деп чуркап жүргөн күндөрү оң көзүм 10 күндөй ооруду, анча маани берген жокмун. Жаш агат, булаңгыр тартат, кечки убак көрүүм начарлайт. Көргөн, уккандарым боюнча чай менен жууп жүрө бердим. Акыры болбогондо окулистке бардым. Жаш кыз экен, текшергендей болду, анан дарыларды жазып берди. 1 курс дарылансам, натыйжа болгон жок. Ошентип 2-3 жылдан кийин сол көзүм кызарып, шишип ооруп баштады. Башым кошо ооруп, басылбай калды. Окулистке барсам, орус аял экен. Текшерип “мага келгенге чейин дарыландың беле?” деди эле, мурунку врач жазып берген кагазды көрсөттүм. “Ушуларды алдым, жыйынтык болгон жок” десем, кагазды окуп чочуп кетти. “Сенин ооруңда бул дарыларды жазбаш керек болчу. Туура эмес дарылаптыр” деди. Ал дагы бир топ таблеткаларды, тамчылатма дарыларды жазып берди. “Сенин диагнозуң глаукома. Башкача айтканда, көздүн басымынын оорусу. 2 көзүңө тең операция жасатуу керек” деди. Муну угуп абдан кейидим. Сыягы, оорум тукум кууган окшойт, анткени мурда апамдын да көзү көрбөй калган болчу. Дарыларды ичкенден кийин башымдын ооруганы басылды. Бирок операция жасатууга шарт, каражат болбой убакыт өтө берди. Дарикага баш кошкон учурда оң көзүм көрбөй калган эле.

 

“Пандемияда сокур болуп калдым”

– Ковид пандемиясы учурунда вирус да терс таасир берди окшойт, экинчи көзүм да көрбөй калды. Ошентип караңгы дүйнөнүн кучагында калдым. Заматта эле таптакыр сокур болуп калуу мага катуу сокку болду, депрессияга кабылдым. Болбогон нерсеге кыйкырып-өкүрүп, сыртка чыгып кетип көлчүктөргө жыгылып, ар нерсени сүзгүлөп азап тарттым. Ошол күндөрү аялым мени жоошутуп, мээрим төгүп, жашоого дем берип турду. Болбосо жинди болуп кетмек белем?! Башка түшкөн сыноого, кыйынчылыкка моюн бербей мени карап, бапестеп багып келе жатканына ыраазымын. Башка аялга туш келсем тагдырым кандай болмок, айта албайм. 2021-жылы көздүн ичиндеги басымдан сол көзүмдүн кареги жарылып кетти.

Ошентип документ топтоп, аялыма жетелетип жүрүп 1-топтогу майыптыкка чыктым. Глаукома деген ушундай оору экен, билинбей эле көрүүң начарлап жүрүп отуруп, бир күнү карайлатып коёт экен. Аялым экөөбүз балалуу болбодук. Антсе да аман жүргөнүбүзгө шүгүр деп келем. Жубайым экөөбүзгө бир көз, анын дагы бир көзү көрбөйт. Бир көзү 15 пайыздай эле көрөт.

 

“Кичинемден көрүүм начар”

– Менин аты-жөнүм Дарика Алыкулова, 55 жаштамын. Жердигим Нарындын Ат-Башы айылы. Кичинемден эле көз айнек тагынып келем. Врачтар 2 көздүн тең миопия дарты (алысты көрбөй калуу) деген диагноз коюшкан. Мектепти бүткөндөн кийин тигүүчүлүктүн окуусунда окудум. Бирок иштеген жокмун, көзүмдүн начар көрүүсүнөн улам үйдө жүрдүм. 2012-жылы сол көзүм көрбөй калды. Кийин Абдрасулга турмушка чыктым, ошол кезде анын оң көзү көрчү эмес. Ошентип экөөбүзгө 2 көз жетет деп жашап жаттык.

Абдрасулдун экинчи көзү да көрбөй калганда мен да катуу стресске түштүм. Тагдырдын бул сыноосу мени чайналтты, анан кайра чыйралтты. Стресстен экинчи көзүм жакшы көрбөй калды. Караңгыда көрбөй калам. Ошого тиричиликти күндүз жасап алууга тырышам.

Оң көзүм чала көрөт. Окулисттер текшергенде 10-15 пайыздай гана көрөрүн айтышкан. Диоптриясы минус 10 көз айнек жазышып, бирок "муну кийсеңиз башыңыз айланып баса албай каласыз, ошого минус сегизин тагынып жүрүңүз" дешти. Мурда 3-топтогу майып элем, 2025-жылдан бери 2-топтогу майыпмын.  

 

“Көзүмдү сактап калуум керек”

– Баш кошкондон кийин ар жерде батирлеп жашадык. Сиңдимдин жолдошу каза тапкандан кийин аныкында 5 жылдай жашап турдук. Учурда акы төлөнбөй турган үйдө жашайбыз. Миопия оорумдун үстүнө катаракта дарты да кошулган. Катарактаны операция жасатайын десем, көзүмдүн артындагы кан тамырлар жарылып, тромб болуп калыптыр. Ошого каректи жасалма хрусталикке алмаштырууга болбойт экен.

Күйөөм мага катуу айткан жок. Ичимдик ичип, уруп-согуп, чыр чыгарган учуру эч болгон жок. Ошого аны кадырлап жашап келем. Күйөөм экөбүз тең көзүбүзгө дарыларды үзбөй тамызып турушубуз керек. Жолдошума таблетка да ичирем. Врачтар мага ушул 10-15 пайыз көрүүмдү сактап калуу үчүн көз үчүн чыгарылган биологиялык активдүү кошулмаларды, омега-3 майын жана башкаларды ичип турууну айтышкан. Бирок кайдан, пенсияларыбыз дарыларыбыз менен тамак-ашыбызга араң жетет.

Анан дагы көзүмдү Бишкектеги түрк ооруканасынан, чет өлкөлөрдөн толук текшертсек деген үмүтүбүз бар. Анткени аларда заманбап аппараттар бар. Мүмкүн, көрүүмдү бир аз болсо да жакшыртуучу же ушул деңгээлден түшүрбөй кармап туруучу жаңыча ыкмалары, дарылары бардыр.

Жолдошум мурун “экөөбүзгө эки көз жетет” деп тамашаласа, кийин “экөөбүзгө бир көз жетет” деп калган. Эми ошол бир көздү да сактап калууга элден жардам сурайбыз.  

 

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

МБанк: 0708 03 38 71

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1221, 15-21-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан