Бөлмөнүн жасалгасына көрк кошуп, үстүнөн басууда жана отурууда жылуулукту камсыз кылган нерсе – бул килем. Аны туура тандай билүү керек.
Уктоочу бөлмөгө түгү узундары ылайыктуу
Бөлмөлөргө карата килемди түгүнө жараша тандоону билет белеңиз? Мисалы, уктоочу бөлмөгө дабыштарды өзүнө сиңирип алуусу үчүн түгү узундары керек. Киши көп киргенге конок бөлмөгө жана балдар бөлмөсүнө тазалоого жеңил болгонго түгү кыскараагын алсаңыз жаңылбайсыз. Ашкана жана кире беришкечи? Сууну өзүнө сиңирип алышы үчүн түгү кыскасын тандоо туура. Мындай килемди жууш да жеңилирээк, салмагы анчалык оор болбойт. Мындан тышкары кир көтөрүмдүүлүгүнө карап түсү күңүрт жана оюулары көбүрөөк болгону дурус. Эми жуунуучу бөлмө калат. Ага алды жагы пенорезина капталган синтетикалык килем (материалдары полиэстер, микрофибра, акрил), пахтадан токулган килем же бамбук, резинадан жасалган төшөлмөлөр ылайыктуу.
Чакан бөлмөгө өңү күңүрттөрү туура келбейт
Килем алууда бөлмөлөргө күндүн тийишин да эске алуу кажет. Мисалы, терезеси түштүк тарапты карап, күн көп тийчү бөлмөгө күңүрт түстөгүлөрү ылайыктуу. Өңү жашыл түстөгүсүнөн качыңыз, ал күндөн оңуп, түсү өзгөрүп, саргыч-жашыл болуп кетет. Терезеси түндүк тарапты караган бөлмөгө өңү ачык түстөгүсүн алуу менен бөлмөнү жарык көрсөтүүгө болот. Чакан бөлмөгө күңүрт түстөгүлөрү, оюусу, сызыгы көптөр туура келбейт, бөлмөнү ого бетер тар көрсөтүп коёт. Өңү ачыктары ылайыктуу. Эмеректер көп турган бөлмөгө кызыл-тазыл көрүнүштөгүсүн салсаңыз, бөлмөнү чаар-ала “жүдөмүш” кылып коёт. Андыктан бир түстүүсүн салсаңыз утасыз.
Чекелери жакшы тигилбесе кийин сөгүлүп кетет
Килемдер түрдүү материалдардан даярдалат эмеспи. Табигый жүндөн токулганы экологиялык жактан таза, жылуу болгону менен оор, жууганга кыйын. Эгер атайын жуучу жайларга берип жуудура берем десеңиз, кымбатына карабай алсаңыз болот. Эске салчу нерсе, үйдө аллергик адам болсо жүн килем жарабайт. Аллергиясын козгой берет.
Акчаңыз орточо болсо, анда жакшы вариант: килемдин 50 пайызы жүндөн, калганы синтетикадан жасалганын алыңыз. Бышык да болот.
Синтетикалык материалдан токулган килемдердин баасы арзан, кир көтөрүмдүү, жана тазалоодо жеңил. Кемчилиги – түгүнүн начардыгы, экологиялык жактан сапаты төмөндүгү. Үйдө артрит, ДЦП оорусу менен ооругандар болсо мындай килем сунуштулбайт. Суукта суук тартып, муздак болуп, аларга жагымсыз.